Месси кийген калпак, футбол деп үй-жайын саткандар, учак менен оюнга келгендер. Аскар Салымбековдун Катарда көргөн кызыктары
Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Сүрөттүн булагы, Аскар Салымбековдун өздүк архивинен
Кадырман спорт күйөрмандары, Кыргыз Республикасынын союзунун биринчи вице-президенти, мамлекеттик жана коомдук ишмер, меценат Аскар Салымбеков Катарда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын негизги оюндарына, финалга күбө болуп келди.
Би-Би-Си Аскар Салымбеков менен атайын кенен маекти сунуштайт. Маектешкен спорттук баяндамачы, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кабыл Макешов.
Би-Би-Си: Буга чейин бир нече жолу футбол боюнча Дүйнө чемпионаттарына барып келдиңиз эле. Бул жолку чемпионатта өзгөчөлүгү кандай болду, кандай сенсацияларды көрүп келдиңиз?
А. Салымбеков: Төрт жылда бир болгон Дүйнөлүк чемпионатты дүйнөлүк футбол майрамы деп айтсам жаңылышпайм. Бүйүр кызыткан футбол күйөрмандарынын теле аудиториясы менен 3 миллиард адам көрөт. Катардагы дүйнөлүк майрамга катышып, эргүү менен ырахат алып келдим.
1990-жылы Италияда өткөн дүйнө чемпионатынан бери үзбөй катышып келе жатам. Себеби дегенде сен дагы Олимпиадага кандай катышсаң, мен да футбол чемпионаттарына дагы үзбөй катышып, күбө болуп келатам. Бул Катарда өткөн Дүйнө чемпионатында кандайдыр бир нече өзгөчөлүктөрү бар. Анткени кичинекей мамлекетте Дүйнөлүк чемпионаттын өтүшү аябай кыйын.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул өлкөнүн дарамети, кудурети жетпейт деген сын пикирлер айтылган. Бирок Катар бай мамлекет жана аянты кичинекей болгонуна карабай жаңы заманбап 8 стадион салынып, 32 команданы кабыл алды. Аларга мыкты шарт түзүп, миллиондон ашык күйөрмандар келип, 5 шаарында “жогорку деңгээлде өткөрөлдү” деп ФИФАнын президенти Жа́нни Инфанти́но жабылыш салтанатында уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди. Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин футбол күйөрмандарынын баары теледен көрүп, ырахат алып турду.
Социалдык тармактарда кандай пикирлер жазылып, кимдер эмне деп айтканы, кандай маектешүүлөр берилгени баардыгына маалым. Өз көзү менен көрүп келген адам, футбол фанаты катары айтарым, кичинекей мамлекетте дүйнөлүк мелдеш өткөнү менен футболдун деңгээли ар бир рейтинги кандай гана материк, мамлекет болбосун, көтөрүлүп, чеберчилик жогорулаганы билинип турду. Ушуга чейин футболдук держава аталган мамлекеттен келгендер билинип, иргелип тандалып калчу эмеспи. Азыр болсо Азия, Африка жана Түштүк Америка командалары өздөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүштү.
Канада, Коста-Рика, АКШнын командалары да мыкты оюн көрсөтө алышты. Азиядан Жапония командасы футбол лидерлери болгон Германия менен Испанияны утуп алышы да сенсациялуу окуя болду. Алгач Сауд Арабия командасы Аргентинаны 2:1 эсебинде жеңип алышы эрдик катары бааланды. Ошондой эле кореялык футболчулар Португалияны жеңип алышы Азияда футболдун өнүгүп-өсүп баратканынын далили болду.
Африкадан Гана командасы да жакшы оюн көрсөттү. Бул континенттен футбол сыймыгы болгон Марокко командасы алгачкы ирет дүйнөнүн төрт мыкты командасынын бири аталып, жарым финалга чейин жетип, финалдык беттештерде жакшы ойноду. Алар футбол жылдызы Криштиа́ну Рона́лду баштап жүргөн Португалия командасын чейрек финалда 1:0 эсебинде утуп, оюндан четтетип, жарым финалга чыкты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Хорватиялыктар даңазалуу Бразилияны чейрек финалда 1:1 эсебинде тең чыгып, пенальти тебүүдө артыкчылык кылышып, үйүнө кетүүгө аргасыз кылышты.
Жарым финалда Марокко Франция менен теңата ойноп, жакшы аракет кылышса африкалыктар жеңип кетмек. Соңку жылдары 3 миллион калкы бар Хорватия да төрт мыкты команданын катарында жүрөт, мурунку Орусияда өткөн чемпионатта финалга чейин жетип, күмүш байге алса, бул ирет коло байгелүү болду. 37 жашка чыкса дагы Лука Модрич табында экенин, мыкты оюнчу экенин дагы бир ирет далилдей алды.
Жаңы жылдыздардын карааны көрүндү…
Катарда футбол дүйнөсүндө жаңы таланттуу жаш оюнчулар чыгып келатканы билинди. 19 жаштагы англиялык Жуд Ви́ктор Уи́льям Бе́ллингем, Германиядан 18 курактуу Юссуфа Мукоко менен Джамал Мусиала, Испаниядагы жаш футболчулар Алекс Бальде , Гави, Педри жана Нико Уильямс , Аргентинадагы жарым коргоочу Энцо Фернандес, чабуулчу Хулиан Альварес өтө таланттуу жаштардын чыгып келе жатканы белгилүү болду. Англиянын командасында таланттуу жаш футболчулар болгондуктан, алар күчтүү команданын бири эле. Менин оюмча алар финалга чыгат го деген ишеним бар болчу. Тилекке каршы чейрек финалда Францияга бир топ айырма менен 2:1 эсебинде жеңилип, футболдун мекени болгон Англия командасы арманда калышты. Көпчүлүк беттешүүлөрдүн тагдыры пенальти менен чечилгени менен бул чемпионат өзгөчө таасирдүү болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дагы белгилей кетчү жакшы саамалык. Дүйнө чемпионатынын тарыхында биринчи жолу калыстардын арасында аял бригадалары болду. Негизги калыстар франциялык Стефани Фраппарт, руандалык Салима Мукансанга жана япониялык Ёсими Ямашита калыстык кылганын да өзгөчөлүк катары бааласак жарашат.
Би-Би-Си: Аргентинанын күчтүү командалардын катарынан суурулуп, финалга чыгышын мыйзам ченемдүү көрүнүшпү же күтүүсүз керемет болдубу?
А. Салымбеков: Ал эми Аргентинанын курамы өтө күчтүү эле, таймашууларга дүйнө жүзүнөн күчтүү командалар келишкен. Күчтүүлөрдүн арасынан суурулуп чыгып, баш байгени жеңип алышы бекеринен эмес. Айрымдар гана Аргентинаны биринчи жана экинчи оюнда “чемпион болот, Месси бар” деп аларга ишенген адамдар саналуу гана болгон. Чынында алар чемпион болоору күмөн болуп турган. Алар чөгүп, чүнчүп калышкан жок. Анан акырындан атаандаштарын утуп, улам табына келип, чеберчилигин көрсөтүп, Аргентина финалга жетип Франция менен таймашуусу кылым мелдеши аталып, курч,эмоциялуулугу менен айырмаланды. Килиан Мбаппе менен Антуан Гризманн баштаган Франциянын командасы да күчтүү эле. Алар чемпиондук наамын сактап калуу үчүн болгон бардык күч-аракеттерин жумшады. Кудай жалгап, ийгилик жылоолоп, фортуна аларга ооп, Аргентина чемпион болду. Акыркы экинчи таймда алар демилгени колго алып, соңку минуталарда 100 пайыз гол киргизбей калганда стадиондогу балдарга, жанымдагы күйөрмандарга “эми пенальтини Аргентина сөзсүз түрдө жеңет” деп айткам. Дарбазачы Эмилиано Мартинес буту менен тосуп калганына, анын каармандыгына биз чоң баа беришибиз керек. Ошондон кийин пенальтиден француздар эч нерсеге жарабай, чемпиондук наамын алдырып, арманда калышпадыбы?! Ушул учурду да акыйкатчылык деп айтууга болот го дейм. Месси ушуга чейинки мелдештерде бардык титулдарды алып жүрүп, өзүнүн командасын жеңишке чейин сүйрөп, шыктандырып чыгып, Дүйнө чемпиону аталганы өзүнчө бир акыйкаттык.

Сүрөттүн булагы, Аскар Салымбековдун өздүк архивинен
Мессиби же Роналдубу?
Убагында Лионе́ль Месси менен Криштиа́ну Рона́лду кимиси күчтүү, дүйнөнүн эң мыкты футболчусу деп талаш тартыш болгон эмеспи. Чынында эле азыркы заманбап футболдун королу Месси болду. Менин баамымда ар бир замандын, доордун “Футбол королдору” өз учурунда болгон, Венгриянын командасынан Фе́ренц Пу́шкаш, анан бразилиялык Пеле менен кошо Советтер союзунун дарбазачысы Сергей Яшин эң мыктылардын сабында турду. Андан кийин голландиялыктардын Йохан Кройф да өзүнчө легенда болсо, Аргентинаны дүйнөгө тааныткан Дие́го Арма́ндо Марадонна футбол жылдызы аталды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алардан кийин эле Роналду менен Месси жылдыз болуп келе жаткан да. Роналдону дагы кыйын, эң мыкты футболчу деп, анын чеберчилигине да өтө жогору баа бериш керек. Бирок азыркы футболдун королу Месси экенин Дүйнөлүк чемпионаты далилдеп берди.
Байге кору...
36 жылдан кийин Аргентина Дүйнө кубогун үчүнчү ирет үйүнө алып кетти. Ал эми Месси карьерасындагы бүт ири мелдештин жеңүүчүсү аталды. Белгилей кетсем, Дүйнө чемпионатынын байге фонду төмөнкүчө бөлүндү: Аргентина - 42$ млн, Франция - 30$ млн,Хорватия - 27$ млн, Марокко - 25$ млн,Чейрек финалга чыккан командалардын ар бири -17$ млн, Плей-оффтун катышуучулары - 13$ млн,Тайпалык баскычтагы командалар - 9$ млн акчалай сыйлыктардын ээлери болушту. Футболдон дагы пайда, киреше табууга болоорун мелдештер айгинелеп жүрбөйбү. Катардагы дүйнө чемпионаты да эң кызмат, абдан кызыктуу чемпионат катары тарыхта калды. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, 220 млрд. доллардан ашуун каражат чыгымдалды.
Би-Би-Си: Лионе́ль Мессиге ак калпакты кийгизгениңиз чон талкуу болду. Ошондон кеп салып берсеңиз
А. Салымбеков: 2008-жылкы Олимпиада оюндарында биз спорт делегациялар менен олимпиада айылында жашап, ашканасында тамак ичип чогуу жүргөнбүз. Ал кезде Месси жаштардын командасы менен олимпиадалык оюндарга катышып жаткан. Келечегинен үмүткөр кылып, аты жаңыдан чыга баштаган. Мен футболду жакшы көргөнүм үчүн жанымдагы жеке ишкер Генрих Балянга “бул жерде жаш талант Месси жүрөт” деп айткам. Ал учурда Месси жаңы эле Испаниянын “Барселона” командасынын катарында ойной баштаган учуру эле. Аны менен учурашып, ак калпагыбызды ырымдап кийгизип, сүрөткө түшкөндөн кийин сүйлөшүп достошуп, 15 күн чогуу олимпиада айылында күн сайын жолугуп, ашканада бирге тамак ичип калдык. Ал жактан биздин батаны алып, Аргентина олимпиада чемпиону болгон.

Сүрөттүн булагы, Аскар Салымбековдун өздүк архивинен
Андан кийин Мессинин жылдызы жанып, клубдар арасында ийгиликтерге жетип, Чемпиондор лигасын, Супер Кубокту жеңип, Испаниянын көп жолку чемпиону, Франциянын чемпиону аталып, 6-7 жолу “Алтын топ” сыйлыгына арзыды. Биздин кыргызстандык күйөрмандар “Сиз Мессиге кыргыз калпагы кийгизгениңизден кийин жолу ачылып, ак жолтой болуп жатат” деп айтып калышат. Ал эми Катардан команда мүчөлөрү менен жолугуу мүмкүн эмес эле. Себеби аябай коопсуздук сакталып, тартипке көңүл бурулду. Ошондой болсо дагы кызык окуялар болду. Дүйнөгө таанымал түрк ашпозчусу Мессиге барып жолугуп, Дүйнө кубогун өөп, сүрөткө түшкөнү билинип калып, кандайча кирип кеткенин ФИФА изилдеп, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Дүйнө чемпионатында командалар менен жолугушуу мүмкүн эмес.
Командалар коопсуздук бекем сакталган мейманканаларда жашайт, аларга жолугуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Катардан футболчулардан эч ким менен байланыша алган жокмун. Ал эми дүйнө жүзүнүн футбол федерацияларынын айрым жетекчилери менен байланышып, жолугушуп жүрдүк.
Футбол үчүн үйүн күрөөгө койгондор бар...
Би-Би-Си: Жүздөгөн, миңдеген чакырым ыраакан атайын келген футболдун чыныгы күйөрмандар менен жолугушу кызык болсо керек?
А. Салымбеков: Марокколуктар мусулман болгондон кийин бүткүл араб дүйнөсү Марокко командасын колдоп, сүрөөнгө алып турушту. Марокко утулгандан кийин күйөрмандары дагы бир аз суюла түштү. Андан кийин Аргентина финалга чыккандан кийин күйөрмандары көбөйүп, стадионду каптап эле кетишти. Ошол жерде финалды көрүү үчүн эптеп акча таап, автоунааларын сатып, үйлөрүн күрөөгө коюп, кредит алып, билет алган аргентиналыктар бар экен. Бир сөз менен айтканда Аргентинадан футболдук религия жаралган. Буэнос-Айрестен миллиондогон киши келип стадионго батпай, футболчуларын тик учак менен алып кетишкен. Африканын күйөрмандары Францияны колдошкон, анткени Катардагы африкалыктар көп болгонуна байланыштуу “Францияны колдойбуз” деп айтышты. Себеби Франциянын командасынын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгүн жердиги африкалык оюнчулар түзөт эмеспи.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күйөрмандардын арасынан калкы аз болсо дагы Хорватиядан, Бразилиядан арбын жүрдү. Башында америкалык күйөрмандар дагы көп жүрүшкөн. Өзгөчө Мексика, Түштүк Корея жана Жапониядан көп күйөрмандар барды. Баардыгы өзүнчө бийлерин бийлеп, ырларын ырдап, улуттук кийимдерин кийип, кыз-жигиттер беттерине өз өлкөлөрүнүн туусунун өңүн сүйкөнүп алган. Стадионго кирип келген адамдарга помада сыяктуу атайын туунун сөлөкөтүн түшүргөн май сүйкөп алардан акча алып, кызмат көрсөтүп, пайда тапкандар да арбын болду. Катар өлкөсү чемпионатка мыкты даярданып, Түркия жана ушул сыяктуу Европа мамлекеттеринен полиция кызматкерлерин дагы кошумча алып келишип, коопсуздукка, тартипке өзгөчө көңүл бурушкан экен.
90 миң эл баткан стадионго мен эки жолу кирип, мелдештерге күбө болуп чыктым. Стадиондорунун баары заманбап, ичинде заманбап кондиционерлер бар, ичине кирсең үшүйсүң, эшикке чыксаң ысыйсың. 60-40 миңдик күйөрман баткан башка шаарларындагы стадиондорго да барып, мелдештерди көрүп жаттык.
Учуп келип оюн көрүп, кайра учуп кеткендер бар...
Би-Би-Си: Айрым бир жалпыга маалымдоо каражаттарында “күйөрмандарга жакшы шарт болбой жатат” деген сын пикирлер айтылып жатты, буга сиздин көз карашыңыз кандай?
А. Салымбеков: Ал жерде Мекке шаарына ажылыкка баргандай эле чатырларды орнотушту, анан контейнерлерден жасалган үйлөргө жатаканалар, дааратканалар шарттары менен түзүлүп, океан жакта чоң лайнерлер турган, деңизден көп санда келишип, күйөрмандарга кызмат көрсөтүштү. Дубай шаарында туруп, Дохага учак менен келип, оюндарды көрүп, кайра кетип жаткандар болду. Дубай-Доха аралыгы учак менен 40 мүнөттө учат экен. Күйөрмандарга мейманканаларда орун жетпей калды деген кемчиликтер болгон жок. Кээ бир биздин күйөрмандар билет алып, электрондук санарип “Хая” визасын ала албай кыйналып, билеттери күйүп кеткен учурлар да болду. Айтор Кыргызстандын айрым жарандары “кара тизмеге кирип калган” дейби, айтор кээ бирлерине виза берип, айрымдарына виза беришкен жок. Анан “эмне үчүн бербейсиңер деп футбол федерациясына кайрылып такташканда” “федерация жетекчилери биздин эч кандай тиешебиз жок, муну уюштуруу комитети чечет” деген жооп болду. Уюштуруу комитети бийликтин баарын ошол жакка берген экен, ал жерде миңдеген, миллиондогон кишилер жүрөт, анан алардын арасынан виза албай билеттери күйүп кеткен адамдар да болду.
Футбол жана аялдар...
Би-Би-Си: Эми бул чемпионаттын жыйынтыгы Азия жана башка континенттерде дагы футболдун өнүгүшүнө түрткү болуп бере алабы?
А. Салымбеков: Эң чоң түрткү болду. Жылдан жылга дүйнө жүзүндө футбол өсүп өнүгүп бара жатат. Азия мамлекеттеринде качан аял киши футбол ойногон эле? Азыр кыз-келиндер арасындагы футбол өнүгүү жолуна түштү. Ал түгүл аялдар күйөрман болуп калды. Кыргызстанда дагы айыл жергесинде жашаган апалар сыналгы көрүп дүйнөлүк командаларды колдоп келишет. Оюнчулар канча бонус алганын билип, айылдагы балдар бул оюнча кызыгып, баш оту менен футболго кирип, машыгып жатышат. Мисалы атактуу балбандарыбыз Канат Бегалиев, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбековдор чемпион болгондон кийин грек-рим күрөшүнө канча бала келип алардай болууну кыялданышкан. Ал эми Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болгондон бери кыздар дагы күрөшкө кызыгып жашытат. Ошондой эле футболдун таасири жана жарнамасы аябай күчтүү. Кыргыз футболуна дагы дүйнө чемпионаты өзүнүн таасирин тийгизет. Футбол менен дүйнөгө таанылат экенбиз, үйлүү, автоунаалуу болот экенбиз дешип, дүйнө жүзү боюнча шыктанган, бийиктикке умтулган жаштар арбын.

Сүрөттүн булагы, official
"Барселона" Кыргызстанга футбол стадионун курат
Кыргызстанда футболдук чоң академияны “Барселона” клубу салганы жатат, биздин футбол союзубуз ФИФА менен чоң футбол борборун салганы турабыз, Ысык-Көл өрөөнүнө чоң футбол борбору курулат. Бишкек шаарында заманбап чоң стадион курулганы турат.
Кыргызстан Азиянын 16 командасынын катарында жүрөбүз, Азияда 47 мамлекет болсо жоон ортодон жогору турабыз. Азиядан жеңип кетсек, кийинки дүйнө чемпионатында 46 команда мөрөй талашса, балким биздин өлкө дагы дүйнөлүк биринчиликке катышып калышыбыз ыктымал. Дүйнө жүзүндө 210 мамлекет бар. Ошол дүйнө чемпионатына катыша турган 46 мамлекеттин катарына кирип кетсек, 2026-жылы Мексика, Америка жана Канада мамлекеттеринде төрт жылдан кийин өтө турган чемпионатка илинип, ойноп калышыбыз ажеп эмес да... Футбол түшүнүгүндө “оюндан көбүрөөк” деген сөз бар эмеспи, президенттер, саясатчылар, депутаттар, карапайым эл футбол көргөндө жапырт баары бирдей күйөрман болуп калат эмеспи.
Катардагы дүйнө чемпионатына 30га жакын өлкөнүн лидерлери, жетекчилери дагы барып келишкен, биздин президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров дагы финалдык беттешүүгө расмий чакырылып, күбө болуп келди. Президентибиз дагы өзү футболду жакшы көрөт, ал дагы чоң өбөлгө түзүп, мотивация болуп жатат. Өзбекстандын мурдакы президенти Ислам Каримов бардык акимдерди, жетекчилерди өзү баш болуп, футболду өнүктүрүүгө багыттап, көзөмөлгө алып, мамлекеттик деңгээлде колдоого алган эле.
Натыйжада өзбек туугандарыбыз Азиядагы күчтүү команда катары таанылганын белгилей кетмекмин. Биздин президентибиз дагы спортко, футболго көңүл буруп, өзү дагы футзал мелдешине катышып, ойной баштады. Быйыл башталган “Мурас” футзал мелдеши биздин коомдо кандай кызыкчылыкты жаратып, футболго болгон сүйүүнү ойготуп жатат. Ошондуктан биз футбол сүйүүчүлөрү, күйөрмандары Садыр Нургожоевичтин футбол ойногону жакшы саамалык, аны колдойбуз. Президентин жетекчилиги менен кыргыз футболу жана спорту буюрса чоң чоң жетишкендиктерди жаратат деген ишеним бар.








