Аргентина чемпион! Ойносоң эле Мессидей ойно…

Тарыхый сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Футбол боюнча Катар өлкөсүндө өтүп жаткан Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Финалда Аргентина жана Франция командалары чемпион наамын талашып, өтө кызыктуу жана эмоционалдуу оюнду көрсөтүштү. Эки команданын кимиси чемпион болоору 120 мүнөттүк оюндан кийин гана билинди. Эмесе футбол күндөлүгүндө кенен кесири сөз кылалы.

Аргентина оюн башталар замат талаада кожоюндук кылууну чечкен экен, алгачкы мүнөттөн баштап Францияны камалоого алып алды. Франциялыктар жарым финалда Морокко менен оюнда коргоого кандай батынса, дагы деле ошондой өз дарбазасы жактан баш көтөрө албай турду. Алардын жөө күлүгү Киллиан Мбаппеге топ жетпейт, жетсе дагы эптей албай атпадыбы.

Ал эми Аргентинанын жылдызы Лео Месси тескерисинче оюнду жүргүзүп, бүтүндөй команданы алдыга үгүттөп жүрдү. Ди Мария экөө аянтын оң-солуна жайгашып алып, эки тараптан топ тынбай эле дарбазанын түбүнө чейин жетип келип жатты го. 23-мүнөттө сол канаттан Ди Мария Франциянын бир оюнчусун таза алдап өтүп, дарбазаны көздөй өзү жөнөдү эле, алданып калган оюнчу намыстандыбы, айтор кайра топту алам деп атып, чалып салса болобу? Апеей бетим, финалды ким ушинтип ойносун деп бери жакта биз калдык. Калыс ошол жерден ойлонбой туруп пенальтини көрсөттү, баягы Месси 11 метрликти “мен тебем”, - деп жулкунуп чыкты. Мындайдын далайын тепкен Месси, бул саам дагы жаза кеткен жок, эсеп ачылды, Аргентина алдыга жөнөдү.

Ди Мария биринчи таймда эле оюнга дээрлик чекит койду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ди Мария биринчи таймда эле оюнга дээрлик чекит койду

Франция эмне кылсын эми, утулуп баштаганынан эми алдыга чыгабы десек, дагы деле чабуулу деле бир чабуулга окшобой, бүчүр алып алган Мессинин командалаштары кайрадан эле Францияны өз аянтына кысып киришти. Бир голго тойбогон Аргентина экинчи голун деле бат эле таап чыгышты. 36-мүнөттө контрчабуулга жөнөгөн Аргентина пасташып жүрүп Ди Марияга топту жеткиришти, ал болсо жаза кетирбей, команданы 2:0 менен ишеничтүү алдыга сүрөдү.

Баягы чемпиондор Францияны күйөрмандары таппай эле калышты. Ал эми Аргентинанын күйөрмандары токтоосуз ыр созуп, майрамды эрте эле баштап киришти. Франция болсо биринчи таймда бир дагы көзгө басарлык чабуулу менен айырмаланган жок. Ошону менен алгачкы 45 мүнөт аяктап, Аргентина бир колу менен кубокту кармап турду.

Мбаппе Францияны сүйрөп чыкты

Экинчи таймдын башы аба-ырайын өзгөртүп жиберген жок. Аргентина кайра эле ошол басымы менен оюнду баштады. Бул арада Франциянын чабуулдары дагы окшошо баштаганын айта кетпесек болбойт. Европалыктардын машыктыруучусу катар-катар алмашууларды жасап киргендиктен, оюнга жан кирди. Франция жарым аянтта топту көпкө кармабастан, алдыдагы оюнчуларга узак пас менен жеткирүүнү сүйлөшүп чыкканбы бейм, айтор Мбаппеге топ көбүрөөк жете баштады.

Мбаппе экинчи таймдын аягында интриганы жандантты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мбаппе экинчи таймдын аягында интриганы жандантты

Оюн ортолоп калганда Франциянын мыктыларынын бири Гризманн дагы алмашууга чыгып кетти. Франциялыктардын болгон ишенгени Мбаппе гана болуп калды. Себеби чабуулчулар Жиру менен Дембелени машыктыруучу биринчи таймдын аягында эле отургузуп салган. Мына эми Франция үстөмдүккө кирди, убакыт аларга каршы иштеп жаткандыктан, чабуулдан-чабуул уюштура баштады. Аргентина жеңиш чөнтөктө дегенсип, убакыт созуу менен алектенип, келген топту аутка тээп салып, же аянтынан алыстатып, Франциянын кыжырын гана кайнатып турду.

Оюн бүтөргө жарыбаган 9 мүнөт калганда Аргентина оюнчусу чоң ката кетирди. Муани сол канаттан качып келатып, айып аянтка киргенде, аргентиналык Отаменди аны чалып кулатып, калыс Францияга пенальти тебүүгө уруксат берди. Франциянын ойлонорго убакыты жок эле, Мбаппе келе калып, дарбазачы тосо албагыдай катуу тээп, эсепти 2:1 кылып кыскартты.

Аргентина бир голдон кийин эсин жыйгычакты, арадан бир мүнөт өтүп-өтпөй эле Франция экинчи голун майрамдап кирбедиби чиркин. Баягы эле Мбаппеге командалаштары асман менен топту жеткирип беришти эле, жерге түшүрбөй туруп дарбазага таамай туштады. Франциялыктардын жүрөгү жарылып кетейин деди го ушул жерден. Мбаппе тер чачканда стадион толо эле Мессини унутуп да калышты. Анын үстүнө Аргентинанын оюнчулары ошол учурда чарчаңкы көрүнүп турду.

Оюн бүтөргө беш мүнөт калып, оомат ооп турганда Франция дагы бирди айдап жиберели деп жутунуп турушту.

Голдун даамын татып алып, баары алдыны көздөй жөнөйбүз деп жатып, бир маалда өздөрүнө гол киргизип ала жаздашты. Аңгычакты калыс убакыт бүткөнүн айтып ышкырып, эсеп 2:2 болуп тургандыктан, оюнду экстра-таймга оодурду.

Кайра эле Месси, кайра эле Мбаппе

Месси бул дүйнө чемпионатында жети гол киргизди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Месси бул дүйнө чемпионатында жети гол киргизди
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ушул жерден кыска эс алуу Аргентина үчүн көбүрөөк пайдалуу болду окшойт. Кошумча мүнөткө чыкканда, алдастап топ жоготуулары азайып, оюнду көзөмөлдөй баштады. Ал ортодо Франция дагы өзүнүкүн бербестин жолун кылып, учурдагы чемпиондор ким экендигин көрсөтүп, курч чабуулдар менен жооп берип жатты.

108-мүнөттө Аргентина жакшы контрчабуул уюштуруп, дүңү менен эле Франциянын дарбазасына кирип барды, бир абадан сүзгүлөшүп, бир жерден тепкилеп, дарбазанын түбү ызы-чуу болуп жатканда, топ Мессиге келип калган экен, акыры топту дарбазанын ичине айдап жиберди. Ой-ии, Месси эле Месси деп кыйкырган стадион, Аргентина дагы он мүнөт чыдаса чемпион болгону калды. Месси дагы жеңдик деп ойлодубу, айтор стадиондогу элдин баарын ойготуп, колдоп турушун суранып, үгүттөп кирди.

Аңгыча эле Франциянын көзүр тузу Мбаппеге кезек келбедиби жарыктык. Оюн бүтөргө үч мүнөт калганда бурчтан көтөрүлгөн топту Аргентина өз дарбазасынан алысыраак сүзгөндөй эле болду эле, ары жакта жөө күлүк Мбаппе акмалап турган экен, тепкен тобу Аргентинанын коргоочусунун колуна тийбедиби. Калыс мындай көрүнүшкө ойлонбостон пенальти берип, аны баягы эле Мбаппе голго айлантты.

Мбаппе бул оюнда хет-трик жасады. Ал дүйнө чемпионаттардын финалдарында эң көп гол киргизген футболчу - 2018-жылы Мбаппе финалда Хорватияга бир гол киргизген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мбаппе бул оюнда хет-трик жасады. Ал дүйнө чемпионаттардын финалдарында эң көп гол киргизген футболчу - 2018-жылы Мбаппе финалда Хорватияга бир гол киргизген

Айтор бул беттештин кызыгы акыркы секундга чейин тынчыбай, калыстын ышкырыгы гана эки жакты жай алдырды окшойт. Бирок адамды туйлаткан пенальти бар эле алдыда. Анда Аргентинанын дарбазачысы Франциянын эки пенальтисин тосуп салды. Мына сага кайгы. Төртүнчү пенальтиге жеткиче эле Франция колунан кубок кеткенин түшүнүп калды. Жалпы эсеп; Франция – Аргентина 2:2, пенальти 2:4 болуп, Аргентина өз тарыхында үчүнчү ирет Дүйнө чемпиону болуп калды.

Катардын эмири Тамим ибн Хамад ибн Халифа Аль Тани Аргентинанын капитанына арабиялык "бишт" кийимин берди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катардын эмири Тамим ибн Хамад ибн Халифа Аль Тани Аргентинанын капитанына арабиялык "бишт" кийимин берди

Оюн бүткөндө утулганы деле, утканы деле буркан-шаркан ыйлап жатышты. Эмоциялар ошондо эмес жакынкы күндөргө чейин токтобой калды өңдөнөт. Бул Дүйнө чемпионаты мына ушундай кызыктар менен жыйынтыкталып отурат. Лео Месси тарыхтагы эң мыкты оюнчу болушуна дал ушу Дүйнө кубогу жетпей турду эле, эми футболдогу салыштырууга толук чекит коюлду. Аргентина бүгүнтөн баштап, алдыдагы төрт жылга чейин футбол боюнча Дүйнө Чемпиондору.

Бул чемпионаттан кийин коомчулуктагы Месси менен Роналду тууралуу талаш-тартышка чекит коюлду окшойт. Же коюла элекпи?

Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.