Борис Жонсон жаңы өкмөт башчы келгенче ишин улантат

Борис Жонсон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борис Жонсон

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон бийликтеги Консервативдик партиянын лидери кызматынан чегинди. Мунун өзү ал премьер-министрлик кызматынан да кетет дегенди түшүндүрөт.

Бирок Борис Жонсон күзгө чейин премьер-министр катары кызматын улантаарын билдирди. Ага чейин, октябрь айындагы партиялык конференцияга карата партиянын жаңы лидери тандалышы керек. Кечээ Борис Жонсон шайлоодо жеңишке жеткирчү таасирге ээ экенин айтып, кызматтан чегинбей турганын билдирген эле. Бүгүн ал - ордуна партиянын лидери болчу кишини издөө кийинки аптада башталат деп айтты.

“Акыркы бир нече күндө бул мандатты өзүм аткарууну улантуу үчүн катуу кармашканымдын себеби, мен муну каалаганым үчүн эмес, бул менин жумушум, менин милдетим, 2019-жылы убада кылган иштерди аткара берүү милдетим экенин сезгеним үчүн болду. Албетте бул өкмөт жасап жетишкен иштери үчүн абдан сыймыктанам. Брекзитти ишке ашыргандан тартып, континент менен жарым кылымдык мамилелерибизди аныктап, биздин мамлекеттин өз парламентинде өз мыйзамдарын чыгаруу кудуретин калыбына келтирдик. Пандемиядан өттүк, Европа боюнча эмдөө иштерин эң кыска убакта ишке ашырдык, локдаундан биринчилерден болуп чыктык. Андан тышкары Путиндин агрессиясына каршы Батыш мамлекеттеринин алдында турдук. Украинанын калкына биз, Британдыктар, силердин эркиндик үчүн күрөшүңөрдү акырына чейин колдойбуз деп айткым келет”, - деди Даунинг-Стриттеги кайрылуусунда Борис Жонсон.

Эл аралык чөйрөдө Украина президентинин кеңешчиси Михайло Подоляк Борис Жонсонго өлкөсүнө колдоо көсөткөндөрдүн ар дайым алдында турганы үчүн ыраазычылык билдирди. Украин президенти Зеленский дагы ага ыраазычылыгын айтып, Британиянын жакын арада Украинага мамилеси өзгөрбөйт деген үмүтүн билдирди. Ал ошондой эле Борис Жонсонду Украиннанын чыныгы досу деп атады. Украинада согуш башталгандан бери Борис Жонсон Киевге эки жолу барган.

Украинаны чечкиндүү колдогон Борис Жонсонду Орусия досу катары эсептебейт, андыктан Кремльдин өкүлү Дмитрий Песков Британиядагы бийликке кесипкөй кишилер келет деп үмүттөнөрүн билдирди. Ага чейин Орусиянын ТИМ өкүлү Мария Захарова муну британ өкмөтүндөгү оор кризис катары сыпаттаган.

Украин президенти Зеленский дагы ага ыраазычылыгын айтып, Британиянын жакын арада Украинага мамилеси өзгөрбөйт деген үмүтүн билдирди

Сүрөттүн булагы, UG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украин президенти Зеленский дагы ага ыраазычылыгын айтып, Британиянын жакын арада Украинага мамилеси өзгөрбөйт деген үмүтүн билдирди

Европа парламентинин мүчөсү Гай Верхофстад Борис Жонсон бийликтен анын досу Дональд Трамп сыяктуу баркын жоготуп, кетип жатканын белгиледи. Жонсондун Брекзитинен кийин Британиянын Европа Биримдиги менен болгон маимилеси катуу жабыркады деди ал. 

Британ саясатындагы күтүлбөгөн окуялар соңку эки күндө өкмөттөгү министрлердин, алардын жардамчыларынын кызматтан чегинишинен улам тез өзгөрүп кеткендей болду. Учурда Жонсондун партиясындагы депутаттар ал премьерлик кызматта күзгө чейин турушу керекпи деген маселени да көтөрүп жатышат.

Борис Жонсон жүрүм-туруму менен дагы талкуу жараткан саясатчылардын бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борис Жонсон жүрүм-туруму менен дагы талкуу жараткан саясатчылардын бири

Аны катуу сындаган кишилердин бири - мурунку кеңешчиси Доминик Каммиңгс -маселени создуктуруу - абалды курчутат деди. Андыктан дагы да өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деп айтылууда.

"Биз консерваторлордун атынан чыгып шайлоодо көпчүлүк добушту жеңип берген адамдын, өз партиясынан жеме угуп, 3 жылга жетпеген убакытта кетип жатканына өкүнгөнүн уктук.

Биздин, анын күзгө чейин премьер-министрлик кызматын улантуусу туурабы, ушинтсе болобу, ушундай кылуу мүмкүнбү деген конституциялык суроолорубуз бар.

Эгерде өкмөткө ишеним көрсөтүлбөсө - муну ачык айтыш керек - жалпы шайлоо болот. Анда, айрым консерватор депутаттардын ой-пикири өзгөрүшү мүмкүн. Анткени алар шайлоодо утулуп өкмөттөн кетип калгандан көрө өздөрү жаңы эле кетирген лидер менен калууну артык көрүшү ыктымал",- дейт Би-Би-Синин кабарчысы Крис Мейсон.