Бишкек Түрк мамлекеттер уюмунун саммитин өткөрөт

Жаңыланды

Кыргызстан али эгемендүүлүктү ала элек кезде эле 1991-жылы 29-майда Кыргызстандын ошол кездеги премьер министри Насирдин Исанов чоң делегация менен Анкарага барган

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev

Түрк Мамлекеттер Уюмунун 11-саммити 6-ноябрда Бишкекте өткөнү турат. Саммитке Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын президенттери чогулат. Мындан сырткары уюмга байкоочу болуп кирген мамлекеттердин өкүлдөрү катышат.

Саммит "Түрк дүйнөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санарип келечек жана жалпыбыз үчүн коопсуздук" деген уран алдында өткөрүлөрүн уюмдун расмий сайты жарыялады.

Уюмга кирген мамлекеттердин бир тобу мурдагы СССРдин курамында эле. Соңку жылдары бир нече негиз менен бул мамлекеттер тыгыз кызматташууну, жакын ымаланы бир ооздон жактап жатат. Уюмдун алгачкы кадамдарына караганда азыркысы кыйла жетилип, бир нукка түшүп келе жаткандай. Буга Астана саммити да көп жагынан далил болуп бере алат. Ошентсе да алдыда дагы далай аткарууга тийиш болгон иштер турат.

Бишкек саммити Украинадагы согуш тыйылбай, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын жалыны улам бир жерден жалбырттап, миңдеген кишилер өлүп, Батыштын Орусияга каршы санкциялары күчөп турган мезгилге туш келди. Бир жагынан алганда дал ушул саммит дал ошондой кыйчалыш кырдалда кеңешип-кесип иш кылганга жакшы аянта болуп берет дегендер да бар.

Бишкек саммитинин жыйынтыгын саналуу кундөн соң талкууланган маселелерге, билдирүүлөргө, анализдрге карап кайра бир сыдыра талдайбыз. Ага чейин уюмдун уюушулуш таржымалынан жана урунтуу учураларынан кеп салалы.

Уюм 2009-жылы Нахичеванда Түрк Кеңеши деп түзүлүп, 2021-жылы Стамбулда Түрк Мамлекеттер Уюму деп саясий бирикмеге айланган. Учурда уюмга Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан мүчө, Венгрия жана Түркмөнстан байкоочу өлкөлөр. 2018-жылдан тарта салтуу саммиттерге бардык өлкөлөрдүн президенттери катышып келет.

Түрк интеграциясынын жаңы доору

1990-жылдардын башында Советтер Союзу ыдыроо алдында турганда эле советтик түрк өлкөлөрүнүн жетекчилери Түркия менен мамиле кура башташкан. Алсак Кыргызстан али эгемендүүлүктү ала элек кезде эле 1991-жылы 29-майда Кыргызстандын ошол кездеги премьер министри Насирдин Исанов чоң делегация менен Анкарага барып, Түркия менен алгачкы мамилелерди түзүп келген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул учурда Казакстан менен Азербайжан президенттери, Өзбекстан менен Түркмөнстандын жогорку жетекчилери да Түркияга иш сапарларын жасашкан. Советтер союзу кыйрап, түрк республикалары эгемендигин жарыялаганда аларды биринчилерден болуп Түркия тааныган. Алардын эл аралык коомчулукта таанылуусуна, дүйнө өлкөлөрү, эл аралык уюмдар менен интеграция болушунда Түркия чоң роль ойногон. Бир жагынан тарыхый, тилдик, маданий жалпылык, экинчи жагынан Ататүрктүн 1933-жылдагы осуяты, Түркия базарына ачылып жаткан жаңы жолдор буга түрткү болгон.

Анын үстүнө батыш өлкөлөрү да бул өлкөлөргө түрк моделин туура деп көрүшкөн. Себеби Орто Азияга жакын Пакистан, Иран жана Сауд Арабия сыяктуу диний форматтагы өлкөлөр өздөрүнүн идеологиясына тартып кетет деп чочулашкан.

Мындай учурда Түркия тездик менен түрк өлкөлөрүнүн интеграциясына киришкен. Түрк жетекчилери түрк өлкөлөрүнө байма-бай каттап, элчилик, консулдуктар ачылып, ар тараптуу кызматташтык, түрк инвестициясы өр тартып, түрк окуу жайлары ачыла баштаган. Түрк элдеринин курултайлары, окмуштуулардын конференция, симпозиумдары өтүп, орток тарых, орток арип, орток тил маселелри ошондо эле көтөрүлгөн.

1992-жылы октябрь аягында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркия Республикаларынын президенттери Анкара шааарында түрк тилдүү мамлекеттеринин алгачкы саммитин өткөрүшкөн. Бул саммит алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында бажы мыйзамдарына шайкеш келтирип, адам, товар жана дипломатиянын эркин жүрүүсү, соода тартибин түзүү, орток инвестиция жана өнүгүү банкын куруу, темир жолу, унаа жолу жана аба жолдорун өз ара өнүктүрүү, Орто Азия жана Кавказдын табигый ресурстарын Түркия аркылуу Европага жеткирүү маселелери каралган. Түркиянын бул кадамдары эл аралык коомчулукта пантүркизм, туранчылык аракети деп да сыппатталган.

Экинчи саммит 1994-жылы Стамбулда, үчүнчү саммит 1995-жылы Бишкекте өткөн. Президенттер "Манас" эпосунун 1000 жылдык маарекесине да катышкан. Кийинки саммиттер 1996-жылы Ташкентте, 1998-жылы Астанада, 2000-жылы Бакуда, 2001-жылы Стамбулда, 2006-жылы Анталияда өткөн. 2000-жылдардан кийин Өзбекстан менен Түркмөнстан уюмга катышкан эмес.

2009-жылы Назарбаевдин демилгеси менен Азербайжандын Нахичеван шаарында Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын саммитинде Түрк тилдүү мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши (Түрк Кеңеши) куруу чечимин кабыл алынып, кеңештин борбору Стамбулда жайгаша турган болгон. Уюмдун желеги ошондогу куруучу төрт өлкөнүн желектериндеги символдор менен жасалган.

Уюмдун Астанадагы саммити учурунда тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, https://www.flickr.com/photos/turkic_council/albums/

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уюмдун Астанадагы саммити учурунда тартылган сүрөт

Кыргызстандын орду

Кыргызстан ааламдашуу доорунда бул уюмда активдүү калышы зарыл. Анткени Кыргызстан мүчө болгон эл аралык уюмдардын ичинен жалгыз ушул уюмда кыргыз тилинде баяндама жасалат. Бул деген кыргыз тилинин өнүгүшүнө, тарыхынын, маданиятынын сакталышына өбөлгө дегенди түшүндүрөт. Анын үстүнө Тажикстан менен болгон эки жолку кагылышууда биринчилерден болуп бул уюм тараптарды тынчтык жолуна чакырып, ачык болбосо да тымызын Кыргызстанды колдогон пикирин билдирген.

Тилекке каршы, Кыргызстан Түрк дүйнөсүндөгү баардык уюмдарда эң башынан бери куруучу катары тынымсыз катышып келе жатканына карабастан түрк кызматташтык уюмдарынын бир да баш кеңсеси Кыргызстан аймагында жайгашкан эмес. Мисалы уюмдун баш кеңсеси Стамбул шаарында жайгашкан.

Түрк маданиятын камтыган ТҮРКСОЙ Анкара, Түрк парламенттер ассамблеясы ТҮРКПА - Баку, Түрк академиясы - Астана, Түрк маданият жана мурас Фонду - Баку, Түрк иш кеңеши - Стамбул, Түрк Соода өнөр жай палатасы Стамбулда жайгашкан.

2021-жылы куруу пландалган Түрк инвестиция фонду ушул жылы Стамбулда курулду. Дал ошол 2021-жылкы саммитте кыргыз президенти Түрк инвестиция фондун Кыргызстанда курууну сунуштаган. Бул фонддун капиталы 500 млн доллар болуп, ар өлкө 100 млн доллардан салат деп көргөзүлгөн. Бирок фонд Кыргызстанда эмес, Стамбулда курулушу кыргыз тараптын уюмдагы пассивдүүлүгүбү, же өлкөдөгү саясий туруксуздукпу, же фондго ала турган каражатыбыздын ченемдүүлүгүбү деген суроо туудурат.

2024-2025-жылы уюмга төрагалык Кыргызстанга өтөт. Анын үстүнө уюмдун баш катчылыгы былтыр биринчи жолу Кыргызстанга өттү. Баш катчылык ар төрт жылда алмашып турат. Дал ушул эки мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кыргызстан аймагына уюмдун бир институтун куруп калуу керек. Кийинки төрагалык дагы 20-30 жылда келет.

Өзбекстан уюмга жакын арада эле киргенине карабастан олуттуу кадамдарды таштап жатат. Өзбекстан президенти Астана саммитиндеги сүйлөгөн сөзүндө Түрк өнүктүрүү банкын, Түрк темир жолдор дирекциясын, Түрк дүйнөсү жаратман жаштар борборун курууну сунуштап, аларды Өзбекстан аймагында ачууга даяр экендигин белгиледи.

Кыргызстан президенти Садыр Жапаров уюмдун 2024-жылы боло турган санариптик форумун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады. Бул жерде кыргыз тараптын сунушу жерибизде бир жолу гана болуп, анан башкага өткөрүп берүү болуп жатат. Уюм менен тыгыз иштешиш үчүн баардык уюмда жана баардык институттарында дасыккан, ишин билген адистерди иштетип, Тышкы иштер министрлигинде атайын уюмга жана уюм мүчө өлкөлөрүнө арналган стол курулушу абзел. Уюмга канчалык аянбай акча жумшасак, уюмдан ошончолук эки эсе алабыз, талап кыла алабыз.

Ошондой бул жыйында эле Түрк президенти орток түрк дүйнөсүнүн орток алфавитин түзүүнү сунуштады. Эгер бул маселе көтөрүлүп калса, кыргыз тарап орток түрк тарыхы жазылып жаткандагыдай өз кызыкчылыгыбызды коргош үчүн жыйындарга активдүү катышуусу зарыл.

Байкоочу өлкөлөр

ТМУ саммит Астана

Сүрөттүн булагы, akorda.kz

Уюмдун активдүү ишке кириши 2018-жылы башталган. Ал жылдары Түрк Кеңеши деп аталып жүргөн. Чолпон-Атадагы саммитке Казакстан, Азербайжан, Түркия республикаларынын президенттери катышкан. Түркия президенти Эрдоган түрк уюмунун жыйынына ошол кезге чейинки 16 жылдык бийлиги тушунда биринчи жолу катышкан. Өзбекстан президенти жана Венгриянын премьер-министри биринчи жолу келген. Венгрия дароо ошол саммитте байкоочу макамын алса, Өзбекстан 2019-жылы уюмга толук кандуу мүчө болуп кирген.

Түркия ошол жылдан бери уюмга олуттуу карап, ар тараптуу өнүгүүдө чоң салым кошуп келет. Бир жагынан Анкаранын көптөн күткөн Европа Биримдигине кирүү үмүтү өчкөндүгү, Ислам Кызматташтык Уюмундагы чачырандылык Түркияны түрк дүйнөсүндө биримдик курууга өбөлгөлөгөн. 2021-жылы Стамбул шаарында өткөн жыйында Түрк Кеңеши Түрк Мамлекеттер Уюму деп саясий уюм катары аты өзгөрүп, Түркмөнстан байкоочу өлкө макамын алган.

Түркия президенти Астана саммиттиндеги сөзүндө 2022-жылкы Самарканд декларациясында Түндүк Кипр Түрк Республикасы уюмга байкоочу мүчө макамын алганын, аны кийинки саммиттерде өз катарларынан көрүп калуу үмүтүндө экендигин белгиледи. Бул маселеге башка эч бир өлкө токтолгон жок. Самарканд саммитинде да Түркия ТКТРдын (Түндүк Кипр) байкоочу мүчө макамын алганын билдирген, бирок Өзбекстан тышкы иштер министрлиги муну четке каккан. Учурда уюмдун Стамбулдагы башкы штабында ТКТРнын желеги уюм өлкөлөрүнүн желектеринин катарында турат. Уюмдун сайтында ТКТР байкоочу өлкө деп көргөзүлгөн. Ушул жылдын 16-мартындагы Анкарада өткөн уюмдун кезексиз жыйынында Түндүк Кипр президенти Эрсин Татар да катышкан. Астана саммитинен кийин ТКТР президенти өлкөсүндөгү кырдаалдан улам жыйынга келе албагандыгын билдирди. Бирок бул тууралуу Астана саммитинде эч бир маалымат берилбеди жана ТКТР желеги коюлбады, уюмдун таанытуу тасмасында айтылган жок.

Аралдагы бул чакан өлкөнү дүйнөдө жалгыз Түркия гана тааныган. Азербайжан Тоолуу Карабак маселесинен улам тааныбай келген. Жакында эле Карабакты толук өткөрүп алды, мындан кийинки кадамдары кандай болоору кызык. Өзбекстан болсо Каракалпакстандан улам ал өлкөнү эч качан тааныбайт. Казакстан менен Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында этникалык кагылышуулар, автономия маселелер көтөрүлгөн, мындан улам жана эл аралык коомчулуктан сестенип Түндүк Кипрди жакынкы жылдарда бул эки өлкө да тааныбай тургандыгы ачык.

ТМУнун Чолпон-Атадагы саммити, 2018-жыл.

Сүрөттүн булагы, PRESIDENT.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ТМУнун Чолпон-Атадагы саммити, 2018-жыл.

2018-жылы Чолпон-Атадагы саммитке Татарстан Республикасынын президенти да катыша тургандыгы жана байкоочу өлкө макамын ала тургандыгы Түркия ММКларында айтылган. Бирок татар президенти Көчмөндөр оюндарына гана катышып, саммитке катышкан эмес. Астана саммитинде уюмга Экономикалык Кызматташтык Уюмуна байкоочу макамы берүү чечими кабыл алынды. Уюмдун таасири артып бара жаткандыктан, Кийинки күндөрү Монголия, Түштүк Корея, Жапония өңдүү өлкөлөр да байкоочу өлкө катары кызыгууларын арттырып келишет.

Астанадагы саммит

ТМУ 10-саммит

Сүрөттүн булагы, akorda.kz

Түрк Мамлекеттер Уюмунун 3-ноябрда Астанада өткөн саммитинде саясат, эл аралык маселелер, экономика, коопсуздук, маданият, космос, өзгөчө кырдаал ж.б. маселелер каралып, Астана акты кабыл алынган.

Түрк Кеңешинин кийинки саммиттери 2010-жылы Стамбулда, 2011-жылы Алматыда, (бул эки саммитке Роза Отунбаева катышкан), 2012-жылы Бишкекте, 2013-жылы Галабада, 2014-жылы Бодрумда, 2015-жылы Астанада, 2018-жылы Чолпон-Атада, 2019-жылы Бакуда өткөн.

Дастан Разак уулу, Тарых доктору (PhD), Стамбул