Сасык тумоо күч алды: кошумча орундар дайын, дарыгерлер жетишсиз

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда соңку жумада сасык тумоо менен ооругандар саны 1,5 эсеге өстү. Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө боюнча ушу тапта 13 миң 993 адам курч дем вирустук оору, 83 жаран грипп менен алышып жатканын билдирди. Бул эсепке алынганы эле. Дарыгерге кайрылбай өз алдынча даарыланып жаткандарды эске алганда чыныгы абал ойлондурбай койбойт.

Жалпы ооругандардын 68,7% - 14 жашка чейинки балдар. Оруп-сыркагандар көп экенин айгинелеген дагы бир көрүнүш - дарыканаларда дарыга кезек күткөндөрдүн, чүчкүрүп-бышкыргандардын көптүгү.

Жалпы ооругандардын 68,7% - 14 жашка чейинки балдар

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жалпы ооругандардын 68,7% - 14 жашка чейинки балдар

Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасына ушу күндөрү суткасына 300дөн кем эмес адам кайрылып жатат. Ошол эле убакта догдурга кайрылбай, үйүндө даарыланып жаткандары канча?

Алардын бири – Мунара, ал сасык тумоо менен үйүндө дарыланып жатканына төртүнчү күнгө карады:

“Буга чейин ооруп айыккам, жөтөлүп, бир курс антибиотик алып, айыккандай болгом. Бирок тамагым ооруганы кичине калды эле, ошонум кайра күчөп кетти. Үч күндөн бери температура болуп жатам. Дене табым 39-40кка жетип атат. “Киши көп” деп угуп догдурга деле кайрылбадым. Сиңдим врач, ал айткан дарылерды ичип, даарыланып жатам”.

Ал арада өлкө боюнча ушу тапта 50 миңге чукул бала сасык тумоо менен ооруп жатат. Нуриянын кызы оорудан эми гана баш көтөрдү:

"Дене табы аябай көтөрүлүп кетип атат. Малина, лимон жана бал менен чай берип, жылуу кармап жатам. Бүгүн бир аз жакшы, тамак жеп калды. Больницага алып барган жокмун, ансыз да алсырап турган балама башка вирус жуктуруп албайын дедим. Тез жардам да чакырбадым, мындан оор балдар бардыр, алаксытпайын дедим".

Сасык тумоого байланыштуу Чүй облусунун Аламүдүн районунда алты мектеп карантинге жабылды.

"Орун жок": балдар ооруканасына күч келүүдө

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сасык тумоо айынан ушу тапта Бишкектеги №3 балдар ооруканысы толуп калды. Абалы оор балдар көп түшкөндүктөн врачтар кошумча керебеттерди орнотууга туура келип жатат дешти.

“Жаткызып дарылоого муктаж болгон балдардын барын биз алып калып, медициналык жардам көрсөтүп жатабыз. Акыбалдары кичине эле жакшы болгондорну үйлөрүнө чыгарып атабыз. Күндө кыдырып, сергигендерин чыгарсак эле, кайра жаңылары түшүп атат”,- деди балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов.

Буга чейин коомдук сайттарда балдар ооруканасында тейлөө начар болуп жатканы тууралуу наарызылыктар айтылып, балдарын жетелеп узун кезек күткөн ата-энелердин видеолору да тараган. Эки күн мурун Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Батырова балдар ооруканасына капыстан барып, бейтаптардын абалынан кабар алды.

“Поликлиникалардан жолдомо албай, өз алдынча келгендер көп экен. Ошол нерсе сиздердин ооруканага аябай жүк түшүрүп жаткан тура. Бирок эми келген бейтаптарды "кет" деп карабай койгон болбойт, сый мамиле кылгыла. Дарыгерлердин жетишсиздигине карабай, иш алып жатасыңар, сиздерге ырахмат”, -деди министр.

Саламаттыкты сактоо министри Гулнара Батырова рейд учурунда

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саламаттыкты сактоо министри Гулнара Батырова рейд учурунда

Саламаттыкты сактоо министрлиги курч дем вирустук оору же грипптин белгилери болсо, түз эле ооруканага чуркабай, биринчи кезектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылууну кеңеш кылып жатат. Себеби, абалы жеңил бейтаптар узун кезекте сасык тумоонун оор түрүнө да кабылып калышы мүмкүн. Экинчиден, бул көрүнүш ооруканалардагы бейтаптар агымын ооздуктайт эле.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитет жыйынын министр Гүлнара Батырова республика боюнча ооруканаларда орундардын санын көбөйтүү чечимин кабыл алынганын айтты. Дарыгерлер жетишсиз болгондуктан ординаторлор да ишке тартылып жатканы белгилүү болду.

Бирок ушу тапта Үй-бүлөлүк дарыгер борборлорунда деле абал жакшы эмес. Бишкектеги №9 поликлиниканын жогорку категориядагы врачы Гүлнара Мырзакматова бир күндө бери дегенде 20дан кем эмес бейтап кабыл алып жатканын айтып берди: “ биздин оруканада менден да башка врачтар көп, аларда да ушундай эле узун кезек. Лорго кезекти айтпай эле коеюн, эми укмуш эле болуп жатат. Себеби, мурдунан суу куюлуп, тамагы ооруса эле баары лорго келип атышат. Алар болсо бизге жолдойт”.

Врач Кыргызстанда көпчүлүк жөн эле суук тийгенби же грипп болуп атышабы жакшы айырмалай албай, дарыларды, өзгөчө антибиотикти туш келди ичип, ооруларын өтүштүрүп алып жатат, дейт.

Суук тийүү менен гриппи кантип айырмалайбыз?

Грипп – бул дем алуу органдарынын сезгенишине алып келген инфекциялык вирус. Бул бактериялык эмес, вирустук оору. Грипп соо адамга оорулу киши сүйлөп, жөтөлүп же чүчкүргөндө аба аркылуу жугат. Грипп суук тийгенден айырмаланып күтүүсүз жугат. Адам тердеп, денесинин табы 38,5 градуска жетип, тамак ооруп, булчүндар оор тартып, шалдыроо жана алсыроо басат. Баш чыңалып ооруп, жөтөл күчөйт.

“Курч дем вирустук оору болсо бейтап энтикпейт, сасык тумоодо ошол белги байкалат. Гриппте ич өтпөйт, ОРВИде болсо кусат, ич өтөт. Сасык тумоо болгондо, оорлошуп кетсе антибиотик берет, ал эми rурч дем вирустук ооруга адатта антибиотик жазышпайт”, -деди врач Гүлнара Мырзакматова.

Грипп суук тийгенден эмнеси менен айырмаланат? Суук тийүү вирустун башка түрү аркылуу келет. Аны мурундун вирусу деп коюшат. Бул учурда сизди чыйрыктырган калтырак баспайт. Сиздин абалаңыз демейдеги грипп абалындай болбойт. Мисалы, сөөк менен булчүңдарыңыз ооруксунбайт. Грипп биздин иммундук системабызды активдештирүүгө алып келет. Бирок бул адамды бир нече күнгө алсыратып салат.

Кантип алдын алабыз?

Вирусту жайылтпоонун биз аткара ала турган оңой жолдору бар. Бишкектеги №9 поликлиниканын жогорку категориядагы врачы Гүлнара Мырзакматова төмөндөгүдөй кеп-кеңешин берет. Мисалы, үйгө киргенде колду самындап жууп, көчөдө, коомдук жайларда медициналык беткап кийүү керек. Бул эң жөнөкөй эле ыкмалар вирустун жайылышын токтотот. Мындай учурда жеке гигиенага да өзгөчө көңул буруу керек. Врач алдын алуу үчүн өз алдынча витамин алып ичүүдө да астейдил болууга чакырды. Жакшысы, жашылча-жемиштен көбүрөөк жеп, суусундукту көп ичүү керек.

Быйыл кыш суук келип, Бишкекти ыш басып жатат. Сасык тумоо быйыл башкача оор болуп жатышынын бир себеби катары борбор калаадагы кир аба дагы аталууда.

Бишкектеги ыштын сасык тумоонун мынча жайылышына таасири барбы?

“Албетте, кир абанын буга таасири бар. Себеби, ыштын баары мурун көңдөйүнө аба менен, сүйлөгөндө ооз көңдөйүнө кирет да. Киши дем алганда кыйнала баштайт. Вирус мурун көңдөйүндө болсо анда вирус бат жугат. Биринчи кезекте өпкө ооруларын чакырат да. Адам ден соолугун чындаш үчүн күн сайын эртең менен таза абада сейилдеп анан күнүмдүк турмушка өтүш керек да, бизде андай болбой жатпайбы”, -деди Гулнара Мырзакматова.

Врач айрым адамдар грипп болгондо салыштырмалуу жеңил көтөрөрүн айтты. Бирок алар ооруну иммунитети начар адамдарга оңой эле жуктурат. Иммунитети алсыз адамга вирус жукса, инфекция мурунку ооруларды козгойт. Андыктан ден соолугу чымыр адамдар вакцина этибар албай койсо дагы, өнөкөт оорулуу, же суукка туруштугу жок адамдар кыштын алдында сөзсүз эмдөөдөн өтүшү керек.

Ушу тапта Кыргызстанда 62 миң адам сасык тумоого каршы Гриппол плюс вакцинасы менен эмделген. Аялуу катмарга кирген дагы 22 миң киши UNICEF аркылуу келген вакцина алышкан.

Ал тапта сезондук сасык тумоогодон тышкары быйыл Кыргызстанда чочко тумоосу менен 34 бейтап катталды. Бул тууралуу маалыматты Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тастыктады. Анын белгилери сасык тумоого жакын келүүдө, оор формасына кабылгандардын биринчи кезекте өпкөсү жабыркап жатат.