Кыргызстанда чөп кымбаттап, мал арзандады
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, official
Быйыл Кыргызстанда кургакчылыктын айынан тоют аз болуп, фермерлер мал-жандыгын арзан баада сатууга аргасыз болууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча тоют 30 пайызга аз жыйналган. Министрлик тоютту сыртка чыгарууга тыю салганына карабай, ушул тапта бир боо чөптүн баасы 450 сомго чыкты.
Тоюттун баасы кескин асмандап кетиши, мал чарбачылыгы менен тиричилик өткөргөн аймактардын тургундарын санаага салууда. Бул маселе парламентте да көтөрүлүп, депутат Эмил Жамгырчиев өкмөт эмитен чукул чара көрбөсө кышында кеч болуп каларын коңгуроо какты. Эл өкүлү ишкерлерге насыя катары бериле турган акчадан фермерлерге дагы бөлүү керектигин сунуштады:
"Нарын облусунун Ат-Башы районунда чарбасы бар адамдар малын сатып жатат. Бир түк чөптүн баасы 450 сомго чыгып, асманды чапчыды. Бир түктү бир мал жейт. Айылда акча жок да. Азыр сактап калбаса, кийин кеч болуп калат. Бул кышта чоң көйгөй болот. Баарын сатып ийсе, кийин эмне кылат?".
Кышы катаал алыскы айылдарда абал кандай?
Элдин көбү мал менен жан баккан өлкөнүн тоолу аймактарында көйгөй дээрлик окшош. Элеттиктер чөптүн баасы кымбаттай баштаганда малдын баасы кесикин арзандап кеткенин Би-Би-Сиге бир ооздон айтып беришти.
Бекболот Сыдыков, Ат-Башы районунун Казыбек Айылынын тургуну:
"Кургакчылыктын айынан Ат-Башыга чөп жакшы чыккан жок. Жылда 1500-1600 боо чөп жыйнайт элем. Быйыл 500 боо араң жыйнадым. Өзүм оруп-жыйгандан сырткары бир аз чөп сатып алчумун. Быйыл сатып алалы десек Ат-Башынын базарында да, элде да чөп жок болуп жатат, болсо да аябай эле кымбат. Малды сатып чөп алалы десек базарда мал ит бекер. Былтыр бышты букалар 80-90 миң болчу, быйыл 60-70 миң сом. Азыр эми Орусиядын арпа келип атыптыр, 10 тонна алып койдум".
Ашуубек Калыков, Аксуу районунун Сырт өрөөнүндөгү Эңилчек айылынын тургуну:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Быйыл бизде дагы чөп кымбат. Бир түгү 450 сом болуп жатат. Бул Караколдун базарындагы сатылып турган баасы. Аны айылга тартып келүү үчүн жол киреси болуп ар бир түккө жүз сом кошулат. 10 түк эле 5500 сом болу жатпайбы. Мал саталы десек августтун аягынан бери баасы түшүп кетти. Союшка жараган быйылкы козулар араң алты миң, былтыр 10 миң болчу. Негизи биздин айылда чөп чабыла турган жер жок, бийик тоолу болгондуктан бүт эле жайыт. Жылда эле чөптү Караколдон ташып барабыз".
Рустам Арзымбаев, Жети-Өгүз районунун Кара-Сай айылынын тургуну:
"Биз жакта аябай эле чөп тартыш. Ушул тапта бир түк чөп 450 сом. Аны Барскоондон же Караколдон сатып алабыз. Мен бери дегенде эле 200 түк чөп алышым керек. Биринчи чабык учурунда 300 сомдон алганбыз. Бизде мал сегиз ай кол карайт. Азыр айылдагылар малын кыш жеңил түшкөн Үзөңгү-Кууш деген кыштоого, Барскоонго жеткирип жатышат. Кара-Сайда мен эле калат окшойм. Сатайын десем да арзан, үч-төрт тиш чоң семиз койлор араң эле 10 миң сом болуп жатат. Эмне кылабыз, табиятка эч нерсе дей албайт экенсиң да".
Бекболот Маматысак уулу, Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын тургуну:
"Кургакчылыктын айынан быйыл Чон-Алайда деле чөп аз болду. Жылда 600 түк чөп жыйчумун, быйыл 300дөй эле болуп калды. Чөп кымбат, бир түгүн 450 сомдон сатып алдым. Башкалар деле мен сыяктуу. Малды саталы десек арзан. Кечээки базар эки жашар букаларды 36 миң сомго саттым. Былтыр алар 45 миң болчу. Арпа алалы десек 25 сомдон болуп жатат".
Жеңиш Кочкорбаев, Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын тургуну:
"Элдин баарына эле быйыл 200-300 боо чөп жетпейт. Чөптүн баасы 330-350 сомдон сатылып жаткан. Азыр болсо райондо дагы чөп жок. Таластан тарталы деп атабыз, бирок жол киреси кошулганда ар бир түккө жүз сомдон минет. Акчасы бары бар, жогу бар. Алгандар алат, ала албагандар көрөбүз да. Малды саталык десек арзан. Кечээ мен базарга төрт кой алып барып, 8000 сомдон саттым. Жазында аларды 12 000 сомдон алдым эле".
Баймухамбет Абдымомунов, Кара-Кулжа районунун Көңдүк айлынын тургуну:
"Быйыл бизде чөп жылдагыга салыштырмалуу бир аз жакшы. Бирок баары бир жетпейт, 200 боо жүгөрүнүн паясын, эки тонна жем алам. Кара-Кулжада кара чөп 300, беде 380 сомдон сатылууда. Арпанын килограммы 30 сомдон болууда. Кыш жеңил болсо экен деп отурабыз".
Өкмөттүн чаралары
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл өлкө боюнча 30 пайыз тоют таңкыстыгы бар. Мындан улам министрлик август айында тоюттун бардык түрлөрүн сыртка сатууга чектөө киргизген. Ал эми Кыргызстанга импорттолуп келе турган тоюттун бардык түрлөрү салык жана башка алымдарынан бошотулмай болгон.
Айыл чарба министрлигинин мал чарба жана ветеринария бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Каландаров жылдан-жылга тоюттун аз болуп жатышынын эки себебин түшүндүрүп берди.

Сүрөттүн булагы, official
"Биринчиси климаттык өзгөрүүлөргө, кургакчылыкка байланыштуу. Экинчи себеби жыл сайын бизде малдын башы көбөйүп жатат. Бул дагы тоютка болгон муктаждыкты жаратууда. Мындан улам биз жүгөрү, шалы, буурчактын калдыктарын тоют катары пайдалануу боюнча сунуштарды берип, бул багытта кеп-кеңештерди айтып жатабыз. Чет өлкөдөн комбикормдарды алып келип, атайын тоюттарды дярдаган ишкердерди колдоого алуудабыз".
Мал майдаланып кеттиби?
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, кыргызстанда акыркы 10 жылдан бери малдын башы улам көбөйүп жатканын көрүүгө болот. Бирок окумуштуулар саны көбөйгөнү менен малдын эттүүлүк жана сүттүүлүгү кескин төмөндөп баратканын айтып келишет. Өкмөт да элди малдын туягын эле санап отура бербей сандан сапатка өтүүгө чакырып келет.
"Мал көбөйгөнү менен анын эттүүлүгү жана сүттүүлүгү төмөн болууда. Ошол себептен малды сыртка чыгарууга макулбуз. Чыккан малдын ордун асыл тукум, кунардуулугу жогору мал менен толукташыбыз керек. Айыл чарба министрлиги ушул багытта иштеп жатабыз", – деди Каландаров.
Улутстаткомдун 2022-жылга карата расмий маалыматы боюнча Кыргызстанда 1 783 469 ири мүйүздүү мал, 533 979 жылкы, 6 200 961 кой-эчки бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кунары учкан жайыттар
Өлкөдө жалпы 9 034 000 гектар жайыт болсо, анын 60 пайызы мал жайганга жарактуу. Малдын көбөйүшү менен жайыттар каралбай, кунардуулугу кескин түшүп кеткенин Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун директору Жаныбек Керималиев билдирди:
"Биз жыл сайын жайыт жерлерден кол жууп баратабыз. Изилдөөлөргө ылайык, 240 миң гектардан ашык жер деградация болуп кетти. Мына ошол жерлерге үрөн себүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жердин деградация болушу малдын көбөйгөндүгүнө байланыштуу. Малдын туягы көп баскан жерлердин топурагы казалып, чөп өспөй жатат".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Апрель айында кунардуулугу түшүп кеткен жайыт жерлерге көп жылдык өсүмдүктөрдүн уругун себүү боюнча чечим чыккан. Бул үчүн атайын Орусиядан алты чөптүн уругу алынып келинген. Ушул тапта үрөндөр окумуштуулардын көрсөтмөсү менен суук түшкөн маалга ылайыктап Түп районунда себиле баштады. Атайын графиктин негизинде башка обулстарга дагы себилет.
Кыргызстанда мал жандыктын көбөйгөндүгүнө байланыштуу бир кездери каралбай калган жайыттар айылдар, ал тургай райондор ортосунда дагы талашка түшкөн мисалдар бар.










