“Өлгөндөрдүн тизмесинде, бирок сөөк жок”. "Крокустагы" кыргыз кыздар жөнүндө суук кабар

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

24 жаштагы Эдита Жусупова жана 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызы

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 24 жаштагы Эдита Жусупова жана 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызы

Москвада теракт учурунда каза болгондордун болжолдуу тизмесине кирген кыргызстандык эки жаш кыздын жакындары бул суук кабарга дале ишенбей турушууда. Каза болгондордун тизмесине киргени менен кыздарынын сөөгү жок экенин айтып, акыркы үмүт катары генетикалык экспертизаны күтүшүүдө.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул боюнча Би-Би-Сиге кыска комментарий берип, кыздардын аты-жөнү Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилгендиктен, тизмеге кошулганын билдирди.

Каза болгондордун болжолдуу тизмеси соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде жаңыланууда.

"Жалгыз кыз"

Кыргызстандык эки кыздын аты-жөнү окуя болгон күнү эле аныкталып, дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат тараган.

Алардын бири 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызы. Москвада жашачу. Атасынын айтымында “Крокус Сити Холлго” жумушка киргенине 15 эле күн болгон. Ал кондитер бөлүмүндө ашпозчу болуп иштечү.

“Азыр күтүп жатабыз. Эсине келбей жаткандар дагы бар экен. Кечээ Орусиянын ӨКМ сайтына чыгарып ийгенден кийин, баарыбыз нааразы болдук. Гүлжигит кызы деп өлгөндөрдүн катарына кошуп койгон, бирок сөөк жок” , - деп билдирди кыздын атасы.

Маиза үй-бүлөдө беш бир туугандын ичинде жалгыз кыз. Атасы Кыргызстанда жашачу. Окуя болгондон кийин дароо Москвага учуп барды.

"Крокус Сити Холлдун" өрттөнгөндөн кийинки абалы

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Крокус Сити Холлдун" өрттөн кийинки көрүнүшү

"Үмүт менен турабыз"

24 жаштагы кыргызстандык Эдита Жусупова бир жылдан бери кырсык болгон концерттик залдын ашканасында иштеп келген.

Анын апасы телефондон абдан туталанып сүйлөшүп, Орусиянын ӨКМ тараткан маалыматтарга ишенбей турганын билдирди.

“Маалымат туура эмес. Биз генетикалык анализдин жыйынтыгын жана башка маалыматтарды күтүп жатабыз. Башка сөз айта албайм азырынча. Себеби, табылып калабы деген үмүт менен турабыз азыр”, - деди Жылдыз Токтомуратова.

Эдитанын апасы үч күн бою жабырлануучулар дарыланып жаткан оорукана жана өлүккананын баарын кыдырып чыкканын айтты. Издөө иштерине Кыргызстандын элчилиги эч кандай жардам кылбаганын айтып нааразы болууда.

Эдитаны акыркы жолу концерттик залдын кызматкерлери үчүн кийинип-чечинүүчү бөлмөдөн көргөндөр бар экен. Апасынын кызы, балким, ошол жерде тирүү барбы деген үмүтү чоң.

Ал издөө иштерине кыргыз бийлигинен жардам сурап кайрылды.

Кырсыктан кийин адамдарды издөө иштери бүгүнкү күнгө чейин уланууда

Сүрөттүн булагы, DELFI.LT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кырсыктан кийин адамдарды издөө иштери бүгүнкү күнгө чейин уланууда

ДНК экспертиза

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Москвадагы кыргыз элчилиги кырсыктан кийин айрым сөөктөрдү таануу мүмкүн болбой калганын айтууда. Буга байланыштуу, кыздардын жакындарына сөөк көрсөтүлбөй жатат.

Кыздардын жакындары генетикалык экспертизага 26-март күнү ДНК маалыматын тапшырышты.

Элчилик өз кезегинде Орусиянын компетенттүү органдары менен иш алып барып жатканын билдирүүдө.

“Элчиликтин кызматкерлери теракттын натыйжасында жабырлануучулар түшкөн баардык ооруканаларга барып, жеринен маалымат алды. Ошондой эле моргдордон да тактоо жүргүзүлгөн. Азыркы учурда ДНК экспертизанын жыйынтыгын күтүү гана калды, башка бардык тастыктоо иш-чаралары жасалып бүттү”, - деп билдирди элчиликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Назгүл Жусубакунова.

22-мартта “Крокус Сити Холлдо” концерт алдындагы куралдуу кол салуудан 139 адам курман болду. Ал эми жаракат алгандардын саны - 360га жетти.

Кырсыктан кийин адамдарды издөө иштери бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Издөө иштерине ондогон ыктыярчылар дагы катышууда.