Никаб, динаятчы-депутат, үймө-үй даават. Дин комиссиясы сунуштаган тыюулар

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

"Дин эркиндиги жөнүндө" мыйзамда никабга кыргыздын улуттук-каада салтын такыр туура келбеген кийим катары тыюу салуу сунушталууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Дин эркиндиги жөнүндө" мыйзамда никабга кыргыздын улуттук-каада салтын такыр туура келбеген кийим катары тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзам көп жылдардан бери биринчи жолу олуттуу өзгөртүлгөн жатат. Дин иштери боюнча комиссия коомдук талкууга жарыялаган мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча бир катар чектөөлөр жана тыюулар каралды. Атап айтканда, динге жамынып шайлоого депутаттыкка талапкер болуп катышууга, көчөдө бетти жапкан никаб кийип жүрүүгө жана үймө-үй кыдырып даваат жргүзүүгө тыюу салынмакчы.

Кыргызстанда дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзам толугу менен жаңы редакцияда жазылып талкууга коюлду. Ошону менен катар дагы беш мыйзамга толуктоо-өзгөртүүлөр каралууда. Анын ичинде терминдерден тартып бардык диний жүрүш-туруштардын баарын мыйзам жолуна салуу аракети көрүлүүдө.

Дин комиссиясы жарыялаган жаңы мыйзам долбоорунда каралган чектөөлөр жана тыюулар дароо эле коомчулуктун бүйрүн кызыткан талаш -талкуунун чордонуна айланды. Өзгөчө дин кызматчыларына шайлоого талапкер болуп катышууга, көчөдө никаб кийип жүрүүгө, үймө-үй кыдырып диний үгүт жүргүзүүгө тыюу тууралуу сунуштар боюнча көп суроолор чыгууда.

Ошол себептүү, Дин комиссиясынын өкүлдөрү өздөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, көп суроолорго түшүндүрмө беришти.

Мисалы, никабга тыюу салуу тууралуу мыйзамга биринчи жолу сунуш болуп жатат. Диний эксперт Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин буга өзүнчө чечими бар экенин мисал келтирди.

"Сөз адамдын бетин бүтүндөй жаап алган никаб жөнүндө болуп жатат. Буга Аалымдар Кеңешинин өзүнчө чечими бар бул биздин каад-салт эмес жана мусулмандар үчүн парз болуп саналбайт деген".

Никабга тыюу салуунун артында коопсуздук маселеси да турганы түшүнүктүү. Жүзүн жаап, аялча кийинип алган террористтер болуп жатканы коомчулук жаңылыктардан далай эле угуп көрүп жатпайбы.

Дагы бир орчундуу сунуш дин кызматчыларынын шайлоого, саясатка барышына бөгөт коюу тууралуу болууда. Бул, албетте, динге жамынып саясий утуш алууга умтулган саясатчылардын тизгинин тартуу максатында болуп жатканы түшүнүктүү. Андан сырткары, эми ЖМКларда, социалдык тармакта диний темада ар кандай билермандык менен ээн-эркин үгүт-насыят жүргүзүп жаткан динаятчылар да мыйзам укугуруна илинмек болууда.

"Мыйзамдын үчүн беренесинде Кыргыз Республикасынын жарандары эгерде ЖМКда. социалдык тармакта диний үгүт-насаат иштерин жүргүзсө, бул ушул эле мыйзамдын 16-беренесине ылайык, каттоого алынышы керек деп айтылууда. Каттоого алына турган динаятчылар кандайдыр бир диний уюмдун атынан келип каттоого алынат",-деди дин комиссиясынын өкүлү.

Мектептен мечит көп заман

Мечит

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Диний чөйрөдөгү жашоо эрежесин жөнгө салган жалгыз мыйзам 2008-жылы кабыл алынып, андан бери дээрлик өзгөргөн жок. Андан бери коом жашоосунда өзгөрүүлөр болуп, алардын мыйзамда эрежеси каралбагандыктан, диний саясаттын эффективдүү жүрүшүнө тоскоолдуктарды жаратууда",-дейт дин комиссиясы.

Анын ичинде, жарандар тарабынан чет өлкөдөн ташылып келүүчү диний адабияттарды өлкө аймагына киргизүү тартиби, дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартиби аныкталган эмес.

Ошондой эле диний объектилерди куруу, диний билим берүү маселелери жакшы каралган эмес. Өлкөдө мектептен мечит көп болгон заман деп мүнөздөшөт азыркы учурду коомчулукта.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 4144 диний уюм катталган. Анын ичинен 3743 ислам багытындагы уюмдар.

Катталган мечиттердин саны эле 3436. Ошондой эле 51 диний кайрымдуулук уюм бар. 14 диний окуу жайы жана 162 медресе тизмеде.

Чет өлкөгө диний билим алуу үчүн чыгып жаткан жарандар боюнча да өзүнчө маселе бар.

Ар кандай диний топтор тарабынан көзөмөлсүз үймө-үй кыдырып, салттуу эмес диний баалуулуктар таңууланып, кыргыз маданиятына туура келбеген кийим кечекти жайылткан көрүнүштөрдү да токтотууга чакырыктар болуп келатат.

Мындан сырткары, чет өлкөлүк миссия, миссионерлердин жана диний кайрымдуулук уюмдарынын ишмердигин иретке келтирүү да күн тартибинде көптөн бери турган иш.

"Мамлекет динге кийлигишпей жатат"

Крокус

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Крокус-Ситиге" террордук кол салуунун жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" алган.

Кыргызстандын калкынын 80 ашыгы мусулмандар, андан башка христиандар, иудейлер жашайт. Өлкөнүн баш мыйзамы менен диний чөйрөдөгү мыйзамы дин эркиндигине кепилдик берет.

Коомдук турмушка дин таасири барган сайын күчөөнүн үстүндө. Ошого жараша мамлекет жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өзүнүн ролун күчөтүшү керек болууда.

Коопсуздук боюнча эксперт Орозбек Молдалиев дин эркиндиги жөнүндө мыйзам эскиргенин, жаңы мыйзам долбоору мындан он жыл мурда эле даярдалып, бирок өкмөт аны ары-бери сүйрөп кабыл албай келгенин айтты.

Соңку чектөөлөр менен эрежелерди айрым динаятчылар мамлекет дин иштерине ашыкча кийлигишип жатканы катары карап сын айтууда. Орозбек Молдалиев "мамлекет тескерисинче динге кийлигишпей" жатканынын өзү туура эмес саясат дейт.

"Мамлекет динди жөнгө салып турушу керек. Бул мамлекеттин милдети. Себеби дегенде, диндин ичинде динге жамынга уюмдар толтура".

"Динге жамынган террористтер толтура. мына "Ислам мамлекети деген чыкты. Россияда Крокус-Ситини жардырып жиберди Аллах-акбар деп туруп. Булар диний адамдарбы? Булар - террористтер",-дейт эксперт.