“Орус мугалими чет өлкөдө”. Кыргызстанга канча мугалим келет, кайда иштейт?

Быйыл Орусиядан 150гө жакын мугалим чакырылды

Сүрөттүн булагы, Оfficial

“Орус мугалими чет өлкөдө” деп аталган гуманитардык долбоордун алкагында Кыргызстан мектептерине келип иштеген Орусия агартуучуларынын саны жыл сайын өсүүдө. Бул өлкөдө мугалимдин жетишсиздигиби же заманбап талаптарга шайкеш келүү үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатууга болгон аракетпи?

Кыргызстандын билим берүү министрлиги 2024-2025-окуу жылына карата Орусиядан 150гө жакын мугалим чакырды. Андан кийинки окуу жылга алардын санын 200гө жеткирүүнү көздөп жатат.

Былтыр болсо Кыргызстандын Билим берүү министрлиги башталгыч класстын, орус тили жана адабияты, физика, химия, биология, математика жана информатика предметтери боюнча 121 мугалим сураган.

Бирок Кыргызстан алардын жатаканасын жана жол кире акысын төлөө боюнча келишимдик милдеттенмелерди толук аткарбагандыктан арыз толук канааттандырылган эмес. Ошол себептүү болгону 112 гана мугалим келген.

Кыргызстанда мугалим жетишсиздиги

Августта жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында Кыргызстанда быйылкы окуу жылында 1300дүн тегерегинде окутуучулардын жетишсиздиги аныкталды

Сүрөттүн булагы, Оfficial

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 2019-жылдын мартында Кыргызстан менен Орусия Бишкекте меморандумга кол койгон.

“Жылына жүздөн ашуун мугалим келип иштеп кетет. Долбоор көбүрөөк тажрыйба алмашуу иретинде ишке ашып жатат”,- деди Билим берүү министрлигинин мектеп, мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуев Би-Би-Сиге.

Айтымында, өлкө мектептеринде мугалимдердин жетишсиздиги дагы негизги маселелердин бири. Мындай көйгөй айрыкча Бишкектеги орус тилдүү мектептерде курч.

Августта жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында Кыргызстанда быйылкы окуу жылында 1300дүн тегерегинде окутуучулардын жетишсиздиги аныкталды.

“Ар кандай адистиктер боюнча жогорку окуу жайын аяктагандар жер-жерлерге жөнөтүлдү. Көбүнчө орус тилдүү мектептерде так илимдер боюнча адистер жетишсиз. Кызматташтыктын алкагында кайсыл предметтер боюнча адистер жетишсиз болсо ошолорду чакырганга аракет кылабыз”,- деди ал.

Министрликтин маалыматына караганда, Орусия мугалимдери кыска мөөнөттүү келишим менен келет.

“Эгер алар 18 саат алса, аны Орусия тарап өздөрү төлөйт. Ашып кетсе, калган саатын Кыргызстан жергиликтүү мугалимдерге кандай төлөсө, ошондой эле төлөп берет. Андан тышкары келип кеткен жол киреси Кыргызстандын Билим берүү министрлиги тарабынан каржыланат. Аларды жайгаштыруу жергиликтүү бийликтин жана жергиликтүү билим берүү башкармалыгынын мойнунда”,- деди Бакыт Козуев.

Эски менен жаңынын айкалышы

Кыргызстан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кабыл алынган 12 жылдык окуу моделине өтүүгө активдүү камданып жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Соңку жылдары Кыргызстандын билим берүү тармагы салттуу советтик окутуу методикасынан акырындык менен оолактап, Кембридж стандарттарына ылайык Сингапур методикасын колдонууга белсенип жатат.

Айрыкча жеке мектептер илимди, технологияны, инженерияны жана математиканы камтыган STEM системасын колдонуп жатканы байкалат.

Кыргызстан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кабыл алынган 12 жылдык окуу моделине өтүүгө активдүү камданып жатат.

Мына ушундай өзгөрүүлөр жүрүп жатканда советтик билим берүү системасын карманган орусиялык мугалимдердин санынын өсүп жатканы коомдо дагы бир катар суроо жаратууда.

Билим берүүдөгү эски менен жаңынын айкалышы кандай жыйынтыкка алып келет дегендер болууда.

Тилди саясатташтырбаш керек

Ишенгүл Болжурова

Сүрөттүн булагы, kutbilim.kg

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусиянын билим берүү системасы, совет доорунан бери келе жаткан система экенин мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова дагы ырастады.

Бирок так илимдер боюнча алардын системасы дайыма алдыда болуп келгенин айтты.

“АКШнын 43-президенти Жордж Буштун учурунда бул өлкөдө чоң жыйын болуп, ал так илимдер боюнча АКШ Орусиядан артта калып жатканын, бул багытта билим берүүдө жаңы көз караштар менен карашыбыз керек деп айткан. Ошондуктан Орусиядан келген мугалимдерге каршы болбош керек”,- деди Болжурова.

Ошондой эле ал PISA программасын жана STEM системасын жергиликтүү мугалимдер жакшы өздөштүрө албай жатканын айтты.

PISA – бул окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалай турган эл аралык тест. Ал 15 жаштагы мектеп окуучуларынын билим деңгээлин үч негизги багыт боюнча баалайт. Окуу, математика жана илим.

Эмнеге 15 жаш деп сурап жатсаңыз. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө дал ушул куракта окуучулар милдеттүү мектеп программаларын жыйынтыктайт.

Бул ыкма ар бир өлкөгө өз билим берүү системасын салыштырып, анын күчтүү жана алсыз жактарын аныктап, окуу сапатын жогорулатуу боюнча стратегия иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

“Албетте, дүйнөдө болуп жаткан жаңы жетишкендиктерди караш керек. Аларды өз системабызга ыңгайлаштыруу зарыл. Мугалимдерди, материалдык базаны, окуу куралдарды даярдабай туруп күчкө салуу туура эмес болуп калат. Учурда Сингапурдун колдонуудагы системасын кабыл алабыз деп жатабыз. Биз аны кабыл алганга чейин алар андан дагы жаңы ыкмага өтүп кетиши ыктымал. Кыскасы билим берүү тармагында чуркап эле жетпей келе жатабыз. Андыктан өзүбүз колдонуп келген системаны дагы жокко чыгарбоо маанилүү. Эки жакты тең алып жүрүү керек”,- деди мурдагы министр.

Болжурованын айтымында, орус тилин үйрөнүү мурдагыдай эле актуалдуу бойдон калууда. Айрыкча аймактарда ага ынтызар болгон жаштар көп.

“Аймактарга барганда орус, англис тилдерин үйрөнүүнү каалаган жаштарды көп жолуктурам. Билим берүүдө жүрүп жаткан мындай иштерди саясатташтырбоо керек. Биз жаштарыбызга, алардын келечеги үчүн эмне керек деген маселеге маани беришибиз керек. Учурда жаштарга орус, англис, кытай жана башка тилдер сөзсүз керек. Мен тилди саясатташтырганга өтө каршымын”,- деди ал.

“Орус мугалими чет өлкөдө” деп аталган долбоорун алкагында Кыргызстанга келип кеткен мугалимдер

Сүрөттүн булагы, Оfficial

Депутат Дастан Бекешев бул программаны АКШнын Тынчтык корпусу программасы менен салыштырды.

Белгилей кетсек, жылына Кыргызстанга АКШнын Тынчтык корпусунун ондон ашуун ыктыярчысы келет.

Алар аймактарда англис тили мугалимдеринин потенциалын жогорулатууга көмөктөшүп, окуучуларга тил үйрөтөт.

“Мына окутуучулар АКШдан, Орусиядан келип жатат. Бул жаман эмес. Мындай ыкмалар Кыргызстандын билим берүүсү үчүн ашыктык кылбайт”,- деди ал.

Бирок депутат тарых сыяктуу айрым предметтер жергиликтүү гана мугалимдер тарабынан берилиши керек деди:

“Ачык айтканда тарых саясий предмет. Маселен, аны Орусияда жана Кыргызстанда бир аз башкача үйрөтүшү мүмкүн”.

Соңку жылдары Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда билим берүүгө багытталган бир канча долбоор ишке ашууда. Учурда өлкөдө Орусиянын колдоосунда бир канча мектеп курулуп жатат жана алардын жетекчилери орус өкмөтү тарабынан дайындала турганы дагы айтылууда.