Ооганстан: кыздарга коомдук жайда ырдоого тыюу салындыбы?

Сүрөттүн булагы, EPA
Ооганстандын Билим берүү министрлиги 12 жаштан улуу кыздардын коомдук жайда ырдаганына тыюу салынганын текшерүүдө.
Буга чейин баш калаа Кабулда Билим берүү министрлигинин өкүлү билдирүү жасап, мындан ары кыздар коомдук жайда ырдабайт деп жарыялаган.
Бул кадам коомдук медиада кескин сынга алынды. Жаш кыздар ырдап жаткан видеолорун хэштег #менинырым деп бөлүшүп жатышты.
“Айланайын кудай, бизди кечире көр! Ырайымсыз адам жаш баланын ырдап жатканын дагы жынысына карап бөлүп жатат”,-деп айтты Ооганстандын эң белгилүү жазуучуларынын бири Шафика Кхпалвак.

Сүрөттүн булагы, EPA
Адистер болсо Ооган өкмөтүнүн бул кадамын “Талибан” кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө байланыштырууда. Талиптер бийликте отурганда кыздардын билим алуусуна жана коомдук жайларда музыкага тыюу салынган. Эгерде талиптер кайра бийликке келсе, дал ушундай эрежелер күчүнө кириши ыктымал.
“Муну өлкөдөгү “талибандаштыруу” деп бааласак болот”,-деп билдирди кырк жылдан бери адам укуктарын коргоп келген активист Сима Самар.
Кабулдагы билдирүүгө ылайык, 12 жаштан улуу кыздар мектептердеги концерт жана башка коомдук жайларда ырдай албайт. Эркек мугалимдер бийкечтерге музыка боюнча сабак дагы өтпөйт.
Билим берүү министрлиги болсо тыюу салынганын четке кагып, мындай билдирүү жасаган өкүлү жоопкерчиликке тартылат деп маалымдады.
Ооган өкмөтү “Талибан” кыймылы менен тынчтыкка жетүүгө аракеттенүүдө. Эл аралык коомчулук дагы эки тарапты согушту токтотууга үндөп келатат. Бирок мындай абалда ооган аялдарынын укугу тебеленип, аларга карата зомбулук кайрадан күчөшү ыктымал.







