ХАМАС Израилге туткундарга тиешеси жок адамдын сөөгүн өткөрүп бергени белгилүү болду

Сүрөттүн булагы, Hostages and Missing Families Forum.
АКШнын президенти Дональд Трамп Газадагы тынчтык планынын кийинки этабы башталып жатканын билдирип, ХАМАСтан барымтада өлгөн бардык израилдиктердин сөөктөрүн кайтарууну талап кылды. Шейшемби күнү ХАМАС дагы төрт израилдиктин сөөгүн өткөрүп берди. Бирок бир адамдын сөөгү барымтадагы адамдарга тиешеси жок экени белгилүү болду. Андан бир күн мурда төрт табыт Израилдин чек арасынан өткөн.
"Барымтадагы 20 [тирүү] адамдын баары кайтып келишти жана бул кырдаалда канчалык мүмкүн болсо, ошончолук өздөрүн жакшы сезип жатышат. Чоң жүк түшкөндөй болду, бирок бул иш дагы эле бүтө элек, убада кылынгандай, барымтада өлгөндөрдүн сөөктөрү кайтарыла элек. [Тынчтык планынын] экинчи этабы дал азыр башталууда!", - деп жазды өзүнүн Truth Social социалдык тармагында Трамп. Ал муну Египетте тынч жөнгө салуу жөнүндө декларацияга кол коюлган күндүн эртеси Жакынкы Чыгышта тынчтык орногондугун жарыялаган учурда билдирди.
Мунун алдында ХАМАС 20 израилдикти бошотуп, дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү баш-аягы сегиз адамдын сөөгүн өткөрүп берген. Израилдин армиясы шейшемби күнү Израил тарапка берилген төрт адамдын үчөөнүн гана тек-жайы аныкталганын билдирди.
2023-жылдын 7-октябрында Supernova фестивалында согушчандардын колуна түшкөн 35 жаштагы Уриэл Барухтун үй-бүлөсү анын сөөгү өткөн түнү кайтарылганын тастыктады. Ошондой эле Газанын түндүгүндөгү өткөрмө-көзөмөл бекетинде барымтага алынган 20 жаштагы Тамир Нимроди аттуу жоокердин сөөгү да өткөрүлүп берилди. Тек жайы аныкталган үчүнчү адам – 53 жаштагы такси айдоочусу Эйтан Леви экенин Times of Israel гезити кабарлады.
Израилдин маалымат каражаттары күч органдарынын өкүлдөрүнө шилтеме берип жазганына караганда, төртүнчү сөөк барымтада кармалгандарга эч тиешеси болбогон палестиналык болуп чыкты.
Планга ылайык, ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашуунун алкагында ХАМАС 28 адамдын сөөгүн өткөрүп бериши керек.
ХАМАСтын өкүлдөрү барымтага алынгандар ар кайсы топтордун колунда кармалгандыктан, Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында көз жумгандыктан, кээ бир сөөктөрдү табуу кыйын болорун билдиришти.
Мындан тышкары, согушкерлер сөөктөрдүн айрымдары согуш маалында талкаланган имараттардын урандыларынын астында калышы мүмкүн экенин, аларды алып чыгуу үчүн оор техника талап кылынарын айтышкан.
Кызыл Чырым уюмунун маалыматына ылайык, шейшемби күнү Израилде кармалган 45 палестиналыктын сөөгү Газага кайтарылды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Экинчи этап
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал арада Газа тилкесинде ок атышпоо тууралуу Египеттин Шарм-эл-Шейхинде кол коюлган макулдашуунун чоо-жайы белгисиз бойдон калууда. Трамптын тынчтык планынын биринчи баскычы негизинен барымтада кармалган израилдиктер менен палестиналык туткундарды алмашууга, ошондой эле Газадан аскерлерди жарым-жартылай чыгарып кетүүгө тиешелүү.
Би-Би-Синин кабарчылары белгилегендей, макулдашуунун кийинки баскычтары боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар талаштуу маселелер, анын ичинде ХАМАСтан курал-жарактарын өткөрүп берүүгө коюлган талаптар чыгышы ыктымал, бирок, бул ыктымалдуулукту ХАМАС четке кагууда.
Шейшембиде Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Трамп ХАМАСты куралсыздандырууга убада берип, эгерде согушкерлер курал-жарактарын өткөрүп берүүдөн баш тартса, бул максатка керек болсо күч колдонуу менен жетсе болорун кошумчалады.
"Эгерде алар куралсызданбаса, анда муну биз жасайбыз. Бул тез жана балким, күч колдонуу менен ишке ашат", - деп билдирди Трамп Ак үйдө Аргентинанын президенти Хавьер Милей менен жолугушууда. (ZMa)











