Трамп Киевге Tomahawk ракетасын берерин эскертти. Бул курал эмнени өзгөртө алат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Павел Аксенов
- Role, Би-Би-Синин орус кызматынын аскерий баяндамачысы
Бир жыл мурда New York Times гезити Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШдан BGM-109 Tomahawk канаттуу ракеталарын сураганын, бирок өтүнүчү канааттандырылбаганын жазган. Ак үй анын өтүнүчүн саясий көз караштан алганда да, объективдүү себептерден улам да таптакыр реалдуу эмес деп тапкан.
Бир жылдан кийин, 2025-жылдын октябрында АКШ президенти ачык айтты: "Балким мен аны менен [Орусиянын президенти Владимир Путин. – ред.] сүйлөшүп көрөм. Балким "эми ук, эгерде бул согушту жөнгө салуу мүмкүн болбосо, анда мен Tomahawk ракеталарын [Украинага. – ред.] жиберем" деп айтышым мүмкүн".
Жо Байдендин администрациясынан бери эле АКШнын Украинаны колдоо саясаты америкалык басма сөздө "жок, жок, жок, ооба" деп аталып келген. Бул Вашингтон Киевге берүүдөн баш тарткан курал-жарактар эртеби-кечпи баары бир ага берилерин билдирет.
Америкалыктар Украинага Abrams танктарын, F-16 бомбалоочу учактарын жана ATACMS ыкчам-тактикалык баллистикалык ракеталарын өткөрүп берердин алдында дал ушундай кылышкан. Ар бир жолу курал-жарактарды өткөрүп берүү процесси ачык жана жабык аянтчаларда узак талкуулар менен коштолуп келген. Мисалы Abrams танктары Украинанын куралдуу күчтөрүнүн колуна өзгөчө зарыл болуп турган учурдан кечирээк жеткен.
Ошого карабастан Трамптын администрациясы буга чейин бийликте тургандардын саясатын уланткан чакта да, Tomahawk бир нече жолу "жок" деген жооп жаңыргандан кийин да Украинанын куралдуу күчтөрүнө аз санда болсо да түшүшү мүмкүн деп болжолдоого болобу?
Мунун ыктымалдыгы азыр деле өтө жогору эмес. Бирок мындай курал-жарактарга келгенде андан да маанилүүсү – ыктымалдуулук такыр жок эмес.
Деңиз ракетасы
Негизги тоскоолдук – АКШда бул ракеталарды учуруучу аппараттар жок.
Башкача айтканда, BGM-109 Tomahawk – бул деңиз ракетасы, ал кемелерде жана суу астындагы кайыктарда орнотулган Mk41 тик учургучтан учурулат. Украинанын Аскер-деңиз флотунда мындай ракеталарды колдонуу үчүн керектүү кемелер жок.
Бул ракеталардын абадан жана жерден учкан версиялары адегенде 1970-жылдары чыгарыла баштаган, бирок абадан учкан Tomahawk атаандаштарына утулуп калган, ал эми жерден учурулган Tomahawk'ка Орто жана жакын аралыкка учуучу ракеталар жөнүндө келишим (ОЖАУРК) менен тыюу салынган.

Сүрөттүн булагы, U.S. Marine Corps/Sgt. Brian Stippey
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2000-жылдары Tomahawk ракеталарын жерден учуруунун жалгыз мүмкүнчүлүгү Aegis Ashore ракетадан коргонуу системалары аркылуу болгон, анын SM-3 ракеталары жерде стационардык негизде орнотулган Mk41 учургучтарынан учурулат.
Tomahawk ракеталарын учуруу үчүн Aegis Ashore системасын колдонуунун болжолдуу ыктымалдуулугу орус тараптын америкалык ЕвроПРО программасына каршы чыгууда жүйөлөрдүн бири болгон.
Анткен менен, бул ракетага каршы системанын жердеги буталарды аткылоого арналбаган терс касиетин жана кандай болгон күндө да Aegis Ashore системасын Украинага өткөрүп берүүнү америкалыктар талкууга алышпайт дагы.
2019-жылы ОЖАУРК келишими күчүн жоготуп, АКШ Tomahawk ракеталары үчүн көчмө жерден учуруучу программаны калыбына келтире баштаган.
Жаңы система Typhon деп аталып, 2023-жылы АКШ армиясынын колдонуусуна берилген. Ушул тапта АКШнын куралдуу күчтөрүндө кеминде эки Typhon батареясы бар, бирок андан көп болушу күмөндүү.
Ошондуктан, мындай ракеталарды Украинага өткөрүп берүү мүмкүндүгү жөнүндө сөз болгондо, биз мындайча ой жүгүртүшүбүз керек: америкалыктар жаңыдан чыгара баштаган жана колунда саналуу гана болгон курал-жарактарды башкаларга береби?
Олуттуу коркунуч
Ошону менен катар Орусияда Tomahawk ракетасы Украинага өткөрүлүп берилиши ыктымал деген күмөн окуяга да олуттуу мамиле жасалат.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жекшемби күнү журналист Павел Зарубин менен болгон маегинде: "Tomahawk темасы бизди абдан тынчсыздандырууда, бул тууралуу [Орусиянын президенти Владимир] Путин буга чейин эле айткан", - деди.
Октябрдын башында Путин Tomahawk ракетасын "анчалык деле заманбап эмес, бирок кубаттуу жана коркунуч жараткан" курал деп атаган. "Албетте, бул согуш талаасындагы кырдаалды толук өзгөртө албайт", - деп айткан.

Сүрөттүн булагы, Ford Williams/U.S. Navy/Getty Images
Фронттун сызыгын согуш талаасы деп эсептесек, анда канаттуу ракеталар ага тикелей таасирин тийгизе албайт. Алар өлкөнүн ичкери аймагындагы бутага каршы гана колдонулат.
Tomahawk 1600 чакырымдан 2500 чакырымга чейинки аралыктагы буталарды талкалай алат.
Бул канаттуу ракета үндүн ылдамдыгына чейинки тездик менен, бирок жер бетинин рельефине ылайыкташып жапыз учат. Ал "Terrain Contour Matching" (Жердин контуруна шайкеш келтирүү, TERCOM) системасын колдонот, анын эстутумуна белгиленген бийиктиктер тууралуу маалымат камтылган карта тигилген.
Картаны бийиктиктин радиоченегичи менен салыштыруу аркылуу Tomahawk бутанын жайгашкан жерин таап, ага алып бара турган жолду түзөтүп жүрүп отурат жана жапыз (ондогон метр бийиктикте) учат, андыктан аны тосуш өтө кыйын. Бутага жетээрде ракета бийиктей калып, бутаны багыттоочу бөркү аркылуу мээлейт.
Мындай бөрктөр ракеталардын буталарга таамай тийишин камсыз кылат. Мурда анын кереги жок болчу. Себеби айрым ракеталар өзөктүк согуш бөлүктөрү менен жабдылган эле. Бирок Кансыз согуш аяктаган соң алар курал-жарактын катарынан чыгарылып, азыркы убакта кездешпейт.
Чет элдик катышуу
Tomahawk ракетасын башка өлкөнүн колдонуусу АКШ менен тыгыз кызматташуудан кабар берет.
Биринчиден, мындай так жана узак аралыкка учуучу ракеталарды колдонуу так чалгындоо маалыматттарын талап кылат. Украина ансыз да Американын чалгындоо маалыматтарына абдан көз каранды. Бул көз карандылык АКШ Украинанын Куралдуу күчтөрүнө маалыматтарды берүүнү бир канча убакытка токтоткондо, жазында пайда болду.
Ошондо Американын маалыматы Орусиянын аймагына узак аралыктан сокку уруу үчүн маанилүү экени белгилүү болду.
Financial Times гезити аныктап чыккандай, жайында АКШ Украинага дагы көбүрөөк маалымат бере баштады.
FT гезити украин жана америкалык аткаминерлерге таянуу менен ырастагандай, АКШнын чалгын кызматы Киевге Орусиянын маанилүү энергетикалык объектилерине, анын ичинде мунай иштетүүчү заводдорго фронттун арт жагынан сокку урууга мүмкүндүк берген маалыматтар менен бөлүшүп турат.
Кырдаалды жакшы билген аткаминерлердин айтымында, америкалык чалгын кызматтары Киевге операциянын каттамын, бийиктигин, убактысын жана тактикасын аныктоого жардам берүүдө. Бул украиналык чабуулчу учкучсуз учактарга Орусиянын абадан коргонуусунан качууга мүмкүндүк берет.
Эгерде Украинанын Куралдуу күчтөрү Tomahawk канаттуу ракеталары менен камсыздалса, анда америкалык адистер учуу каттамын гана иштеп чыкпастан, ошону менен бирге ракеталарды тапшырманы аткарууга даярдоого да катыша алчудай.
АКШ канча ракета бере алмак?
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, акыркы жылдары ракеталарды өндүрүүнүн көлөмү жылына 55тен 90 даанага чейин жеткен. Пентагондун бюджетинин маалыматына ылайык, АКШ 2026-жылы 57 ракетаны сатып алууну пландап жатат.
Американын арсеналындагы ракеталардын саны миңдеп саналат. Бирок Украинадагы согуш чоң армиясы бар мамлекет менен тиреш көп сандагы ракеталарды талап кылаарын көрсөттү.
АКШ Кытай менен ыктымалдуу согуштан кооптонуп жатканын эске алсак, ал Украинага аскердик буталарды гана жок кылуу менен согуштун жүрүшүн өзгөртө турган жетиштүү ракеталарды бере албайт.
Башка жагынан алып караганда, мунайды кайра иштетүүчү өнөр жай объектилерине так тийген бул ракеталар Орусиянын экономикалык абалын кыйла оорлоштурду.
Ошондуктан, Украинада жүздөгөн эмес, ондогон ракеталар башка куралдар менен айкалышып, согушта олуттуу ролду ойной алмак. Мунун мисалын Украинага каршы дрондор менен бирге түрдүү канаттуу ракеталарды жигердүү колдонуп жаткан Орусиянын өзү да көрсөттү. (ZMa)











