Конституцияны өзгөртүү жана өлүм жазасын киргизүү демилгеси: Эксперттер эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстан Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык балдарды зордуктоо же зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасы каралышы мүмкүн. Президенттин администрациясы иштеп чыккан мыйзам долбоору 28-октябрга чейин коомдук талкууда турат. Жарандар сунуш-пикирлерин онлайн түрүндө бере алышат.
Мыйзам долбооруна байланыштуу мурдагы ички иштер министри Феликс Кулов өз пикирин билдирди.
Ал келээрки жылы өтө турган саясий-укуктук маанидеги жалпы элдик референдум бир гана өлүм жазасы тууралуу маселени камтыбашы керек деген пикирин айтты. Кулов Конституцияга башка да маанилүү өзгөртүүлөрдү кошо киргизүүнү сунуштады.
Айтымында, өзгөчө оор кылмыштар үчүн дагы өлүм жазасын киргизүү жагы каралышы керек. Мисалы, бир нече адамды өлтүрүү, уюшкан кылмыштуу топтун курамында жасалган адам өлтүрүүлөр, адамзатка каршы кылмыштар, террордук актылар жана геноцид сыяктуу учурлар.
Кулов белгилегендей, учурда бул кылмыштар үчүн мыйзам боюнча өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Ошондой эле бул өңдүү иштерди кароого сот арачыларын катыштурууну жана көп баскычтуу апелляция тартибин баш мыйзамга киргизүү тууралуу сөз кылды. Андан тышкары жаңы жагдайлар пайда болгондо президентке өкүмдүн аткарылышын убактылуу токтотуу укугун берүү керектигин белгиледи.
Президенттин Конституциядагы ыйгарым укуктарын так аныктоо, санарип экономика жана улуттук блокчейн платформасы тууралуу жоболорду киргизүү, Манас шаарына республикалык статус берүү жана аны соттук борборго айлантуу сыяктуу маселелерди камтуу жагын кошумчалады.
"Жетишсиз жана эффективдүү эмес чара"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Саясат талдоочу Эмил Жураевдин пикиринде, өлүм жазасын киргизүү аялдарга жана балдарга жасалган эң оор кылмыштарды токтотуу үчүн жетишсиз жана эффективдүү эмес чара.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
«Башкача жолдорду колдонуу зарыл. Өлүм жазасын киргизүү менен башка тобокелдиктер дагы күчөп, терс кесепеттери көбүрөөк тийиши мүмкүн. Биринчиден, бизде өлүм жазасын колдонуу үчүн өтө ишенимдүү, бекем иштеген сот керек. Ал тармак учурда аксап турат. Сот эле эмес, кылмышты териштирүүдө, укук коргоодо деле жалпы тиешелүү органдардын сапаты анчейин жакшы эмес. Булар коррупцияга баткан, эл тарабынан эң аз ишенимге ээ болгон коомдук институттардын бири. Андыктан аларга адамдын өмүрүн жок кылууга мүмкүндүк берүү жоопкерчиликсиз болуп калат",- деди ал.
Жураев өлүм жазасын буга чейин колдонуп келген мамлекеттерди мисалга тартып, эл аралык тажрыйбада да өлүм жазасы кайсы бир кылмыштардын азайышына же жок болушуна алып келбегенин айтты.
Өлүм жазасын колдонуп келген АКШ дагы адилетсиз жазага тартылган учурлар көп болгонун эске алып, көп штаттары андай практикадан четтеп жатканын кошумчалады.
"АКШ тарыхында күнөөсүз адамдар өлүм жазасына тартылып кеткен мисалдар толтура. Президент эксперттер арасындагы талкууларга көңүл буруп, эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен Конституцияны өзгөртүүгө барбайт деп үмүттөнөм. Бул практикага кайтып келүү мамлекет катары аброюбузга дагы терс таасирин тийгизет. Башка мамлекеттерде өлүм жазасын жокко чыгаруу кампаниялары жүрүп жаткан чакта, тилкеге каршы, биз аны активдештирүүгө аракет кылып жатабыз",- деди ал.
Айтымында, Кыргызстандын тарыхында бир канча жолу референдум өткөнү менен мамлекет бул жол аркылуу кайсы бир маселени ишенимдүү жана ачык чечкен эмес.
" Референдум өткөрүү – эң маанилүү саясий процедуралык иш-чара, шайлоо менен барабар. Кыргызстан көп жолу референдумга барды жана ар бир жолу бийлик суроону кандай койсо, эл аны ошол бойдон колдоп берди. Жаман жагы мунун аркасы менен баш мыйзамга талкууланбаган же чала даярдалган кошумча маселелерди киргизип коюу мүмкүнчүлүгү бар. Бул жакшы эмес" – деди ал.
Дүйнөдөгү абал

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал ортодо 10-октябрда дүйнө жүзүндө өлүм жазасына каршы күрөшүү күн белгиленди. Бул күнү Европа союзу жана Европа кеңеши кайрадан өлүм жазасын эч кандай шартта кабыл албоо керектигин ачык айтып чыкты.
Биримдик расмий билдирүүсүндө өлүм жазасы жана аны аткаруу процесси адамгерчиликсиз, эң катуу жазалоо болуп эсептеле турганын баса белгиледи.
Европа союзу тараткан расмий маалыматка ылайык, учурда дүйнө өлкөлөрүнүн үчтөн экисинде өлүм жазасы жоюлган.
2024-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясында 130 өлкө өлүм жазасына мораторий киргизүү резолюциясын колдогон.
Деген менен дүйнөдө өлүм жазасын колдонгон мамлекеттер жок эмес. 2024-жылы Кытай, Иран, Сауд Аравиясы, Ирак жана Йемен эң көп өлүм жазасын колдонгон мамлекет катары табылган.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен Беларуста гана өлүм жазасы сакталып калган. Ошондой эле АКШнын айрым штаттарында дагы жазанын бул түрү колдонулат.












