Кыргызстандын Конституциясы 29 жылда кандай өзгөрдү?
Элдияр Бакиров, Би-Би-Си Бишкек

Сүрөттүн булагы, Президенттин басма сөз кызматы
Жогорку Кеңеш 1993-жылдын 5-майында Кыргызстандын эгемен тарыхындагы алгачкы Конституцияны кабыл алган. Анда бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары жана мамлекеттик түзүлүштүн негиздери аныкталган.
Ал эми бийликке келген президенттер Баш мыйзамды ар кандай өзгөртүп келген, көбүнчө өздөрүнүн пайдасына. Акыркы 29 жылда Конституция кандай өзгөрдү?
“Легендарлуу парламенттин” Конституциясы

Сүрөттүн булагы, Архив
Жогорку Кеңеш 1990-ж. 15-декабрында “КР мамлекеттик суверенитети жөнүндө” декларациясын кабыл алган. Ал жаңы Конституцияны иштеп чыгууга негиз болуп калган. Ошондой эле декларацияда президент аткаруучу жана башкаруучу бийликтин башчысы деп көрсөтүлгөн.
Баш мыйзамдын долбоору “легендарлуу парламенттин” комитети тарабынан 1991-жылы иштелип чыгып, эки жыл талкууланган.
1993-жылдын 5-майында Жогорку Кеңеш эгемен КР алгачкы Конституциясын кабыл алган.
Президент маанилүү кызматтарга дайындоодо укуктуу болуп, бирок көп учурда буга Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынган.
Конституциялык өзгөртүүлөр үчүн депутаттардын 67% макулдугу талап кылынган.
Президент беш жылдан эки мөөнөткө шайланууга укуктуу болгон.
“Акаевдин өзгөртүүлөрү”

Сүрөттүн булагы, Архив
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Баш мыйзамга беш жолу өзгөртүү киргизүүнү демилгелен.
1994-жылы “легендарлуу парламент” мөөнөтүнөн мурда таратылгандан кийинки Конституцияда парламент эки палаталуу болуп калган:
- Мыйзам чыгаруу жыйыны - 35 депутат;
- Эл өкүлдөр жыйыны - 70 депутат.
1996-жылы Акаевдин ыйгарым укуктары кеңейтилген: президент өкмөт мүчөлөрүн өзү дайындагандыктан, аткаруу бийлиги иш жүзүндө андан көз каранды болуп калган. Ошондой эле президент жергиликтүү администрациялардын жетекчилерин жана элчилерди дайындаган.
Депутаттар өкмөттү кетире алган эмес, бирок премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө укуктуу болгон. Өкмөт башчы менен бирге бардык министрлер кетиши керек болгон.
1998-жылы жарандардын жеке менчик укугуна байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилген. Жеке тараптар жер тилкелерге ээлик кылуу укуган алган. Мамлекет бул укуктарды сыйлоого милдеттенген.
2001-жылкы өзгөртүүлөргө ылайык, кыргыз тили - мамлекеттик тил, орус тили - расмий тил деп аныкталган.
2003-жылы Конституцияда 75 депутаттан турган бир палаталуу парламент кайткан. Депутаттар бир мандаттуу округдардан шайланып калган.
Президент Улуттук коопсуздук кызматын түзүү жана жоюу укугуна ээ болгон.
Бул өзгөртүүлөрдөн кийин оппозиция Акаевди “бийликти узурпациялоого” айыптаган.
Бакиевдин “жаңы” (“эски”) Конституциясы

Сүрөттүн булагы, Архив
“Жоогазын революциясынын” натыйжасында жаңы Конституция иштелип чыккан.
2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларында Баш мыйзамдын эки варианты кабыл алынган. 2007-жылы Конституциялык сот аларды жокко чыгарган.
2007-жылдын октябрь айында 1993-жылкы Конституциянын өзгөртүлгөн редакциясы кабыл алынган. Анда депутаттардын саны 90го чейин көбөйтүлүп, алар партиялар аркылуу шайланат деп жазылган.
Убактылуу өкмөт жана Жапаровдун жаңы Конституциясы

Сүрөттүн булагы, Президенттин басма сөз кызматы
2010-жылы Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөт референдумга эки маселе койгон:
- Жаңы Конституцияны кабыл алуу;
- Роза Отунбаеваны бир жылдык мөөнөткө президенттикке шайлоо.
Жаңы бийлик президенттик башкаруудан баш тартып, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын кеңейткен. Депутаттардын саны 120га чейин көбөйтүлгөн.
Президент мыйзамдарды демилгелөө укугунан ажырап, алты жылдык бир мөөнөткө гана шайланган. Өкмөт Жогорку Кеңешке баш ийип калган.
Ал эми 2020-жылы бийликке келген Садыр Жапаров дагы Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыгууну демилгелеген.
Конституциялык кеңешме өлкөнү президенттик башкарууга кайтарып, депутаттардын санын 90го чейин түшүрүүнү сунуштаган.
2021-жылдын апрелинде өткөн референдумда шайлоочулар жаңы Конституцияны колдогон. Ошол эле жылдын 5-майында Жапаров ага кол койгон.















