Шайлоо – 2025: үгүтчүлөрдүн санынын көбөйүшү акчалууларга артыкчылык береби?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоону утурлай мыйзамдагы бир миң үгүтчү боюнча норма кызуу талкуу жаратууда. Айрымдар бул ченем акчалуу талапкерлерге артыкчылык берип, добуш сатып алууга шарт түзөт деп кооптонуп жатат. Үгүтчүлөрдүн саны шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албайт турганын айтып, талапкердин тагдыры агитаторлордун эмес, элдин колунда дегендер дагы жок эмес.
Бул маселе социалдык тармактарда да кызуу талкууга түштү. Айрым колдонуучулар үгүтчүлөр институтун таптакыр жоюуну сунуштаса, башкалары таза шайлоо өткөрүү үчүн бийликтин саясий эрки жетиштүү экенин белгилеп, миң үгүтчү жалдаган талапкер сөзсүз жеңет деген жаңылыш түшүнүктөн алыс болууга чакырууда.

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн булагы, screenshot
"Трагедия кылыштын кереги жок"

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Садыр Жапаров бул боюнча "Кабар" улуттук агенттигине маек куруп, өз көз карашын билдирди. Айтымында, миң үгүтчү чындыгында эле көп, бирок бул ченем шайлоонун тагдырын аныктоочу фактор эмес.
"Мурдагы мыйзамда беш жүзгө чейин үгүтчү алууга уруксат бар эле. Округдар чоңойгонуна байланыштуу депутаттар миңге чейин көтөрүшүптүр. Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм. Эгер ушунча адамды жалдай алган талапкер болсо, демек, ал акчалуу талапкер. Бирок кимди шайлоо элдин колунда. Беш жүз үгүтчү деп жазып койсоң деле маселе чечилбейт. Расмий түрдө беш жүзүн каттатып, дагы беш жүзүн оозеки сүйлөшүп иштетиши мүмкүн. Далилдөө кыйын",- деди президент.
Жапаров үгүтчүлөрдү да жоопкерчиликке чакырды.
"Ар бир үгүтчү - бул шайлоочу. Кимден акча алып, кимге иштеп жатканын ойлонсун, кийин элдин убалына калбасын,"- деп кошумчалады.
"Эл башын ийе берет – батасын бере берет"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ишенбай Кадырбеков үгүтчүлөрдүн санын миңге чейин көбөйтүү талапкерлер үчүн кошумча мүмкүнчүлүк жаратат деп эсептейт.
Бирок жаңы шайлоо мыйзамынын шартында агитатор шайлоочунун тандоосуна түздөн-түз таасир эте албайт деген пикирде.
"Добуш сатып алуу толугу менен жоголот деп айтууга болбойт. Канчалык бийлик көзөмөл кылабыз дегени менен адамдан амал качып кутулбайт. Талапкерлер өз жолун табат, үгүтчүлөрдүн саны көбөйөт, ар кандай ыкмаларды колдонушат. Бирок бул шайлоонун жыйынтыгына чоң таасир этпейт. Азыр негизги күч шайлоочунун өзүндө болуп калды. Ар бир округда аз дегенде 9-10 талапкер болот. Ар бир талапкер агитатор аркылуу акча таратып, добуш сатып алуу мүмкүнчүлүгүн колдоно алат. Бир эле шайлоочуга 6-7 талапкердин үгүтчүсү келип тыйын бериши мүмкүн. Мындай учурда шайлоочу эмне кылат? Башын ийе берет, батасын бере берет. Чайын, майын алат. Асмандагы жылдызды алып берем десе дагы угуп кое берет. Бирок добуш бергенге келгенде тигил же бул талапкер буга чейин эмне иш кылды? Позициясы кандай? Ошонун баарын эске алат. Бул азыркы можариталдык ситеманын өзгөчөлүгү",- деди ал.
"Добуш сатып алуунун мыйзамдаштырылган түрү"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты Исхак Масалиев үгүтчүлөрдүн санын миңге чейин көбөйтүү мыйзамдык жактан добуш сатып алууну шарттаган механизм деп баалады. Айтымында, мындай норма акчалууларга кошумча артыкчылык берет.
"Эгер мен депутаттыкка талапкер койгон болсом, миң агитатор жалдаганга акчам жетмек эмес, анча сумманы кайдан тапмак элем. Мен сыяктуу акчасы аз талапкерлер бар да. Акчалуулар канчалык көп агитатор менен иштесе, алган добушу дагы көп болот. Ар бир үй-бүлөдө кеминде бештен киши бар дейли. Үгүтчү үй-бүлө мүчөлөрүн кошуп, 10 добуш чогултса эле иштин бүткөнү",- деди Масалиев.
Ал белгилегендей, мурда үгүтчүлөр жер-жерлерди кыдырып, талапкерди мактап, анын программасы менен тааныштырып иштешсе, азыр алардын милдети таптакыр өзгөрүп кеткен.
"Бул добуш жыйноо ыкмасына алмашты. Алар жөн гана акча таратышат. Кимде канча добуш бар, мынча акча берем деген менен гана алек. Бул агитацияга жатпайт",- деди саясатчы.
Айтымында, башынан мыйзамга бул норманын киргизилиши туура эмес болгон. Ал бир талапкерге 70-80 агитатор жетиштүү деп эсептейт.
"Атаандаштарга ашыкча курал"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Эксперттер бул өзгөртүүнү шайлоо мыйзамындагы эң талаштуу беренелердин бири катары баалашууда. Саясат талдоочу Алмаз Тажыбайдын айтымында, үгүтчүлөрдүн санын көбөйтүү керек болсо талапкерлердин өзүнө каршы иштеши мүмкүн.
"Депутат болуп шайлангандан кийин кээ бир үгүтчүлөр алардын ички сырларын ачыктап жиберип, мандатынан ажырап калгандар көп эле болуп жатпайбы",- деди ал.
Мурдагы депутат Исхак Масалиев да көптөгөн үгүтчүлөр талапкерлердин өзүнө каршы куралга айланып кетиши ыктымал экенин айтты:
"Шайлоо мыйзамына ушундай өзгөртүүнү киргизген VII чакырылыштын айрым депутаттары ошол эле үгүтчүлөрдүн колуна түшүп калышы толук мүмкүн. Ар бир курч мыйзам, сөзсүз демилгечилердин башына кайтып келет. Буга жүздөгөн мисалдар бар. Эл оозуна алынып, маалымдоо каражаттарынын бетинен түшпөгөн депутаттар ушул норманын айынан шайлоодон четтеп калышы ыктымал. Маселен, бир округдан 30 киши талапкер болсо, анын жок дегенде беш талапкери акча таратат. Сөзсүз бири-бирин аңдыйт. Талапкерлерди алып таштоого жол издеген оюндар башталат. Ошондой учурда өзүнүн эле үгүтчүлөрү "мага акча берсеңер бул кишиден мынча алдым деген көрсөтө берем" деп сатып коюшу толук мүмкүн. Мындай норманы киргизүү менен демилгечилер оппоненттерге кошумча курал берип бойду".
Анын баамында, быйылкы шайлоо коомчулукту таң калтырган көптөгөн окуялар менен коштолушу ыктымал.
Шайлоонун өзгөчөлүктөрү

Сүрөттүн булагы, Official
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов 2025-жылдагы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоонун мурунку шайлоолордон айырмачылыктарын түшүндүрүп берди.
Айтымында, бул жолу бардык мөөнөттөр үчтөн бирге кыскартылды.
"Мурда 90 күндүн ичинде өтсө, азыр мөөнөтүнөн мурда өткөндүктөн талапкерлерди көрсөтүү, каттоо, үгүт иштерине даярдык, кыскасы бардык процесс 60 күндүн ичинде жүргүзүлөт",- деди ал.
Республика 30 шайлоо округуна бөлүнүп, ар биринен үч депутаттан тандалат. Ошондой эле талапкерлердин 70 пайыздан көбү бир жыныстан болбошу керек.
Учурда 2492 шайлоо участкасы түзүлүп, алардын чек аралары жана схемалары бекитилген. 13-октябрга карата 229 адам депутаттыкка талапкер болуу ниетин билдирип, арыз тапшырды.
Бекматов быйылкы шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү катары ички жана тышкы миграциянын деңгээлин эске алуу менен аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү киргизилгенин белгиледи.
"Мурун чет мамлекеттерде 50-60ка жетпеген шайлоо тилкеси ачылчу. Азыр бул көрсөткүч 100дөн ашат деп пландап жатабыз. Ички миграциядагы жарандардын конституциялык укугун камсыздоо максатында аэропорттордо, ири соода борборлорунда добуш берүү пункттары уюштурулат",- деди ал.
Мурун жаран башка жерден добуш берүү үчүн алдын ала арыз берип, тизмеге кириши керек болсо, эми каалаган шайлоо тилкесине барып, идентификациядан өтүп добуш бере алат.
"Техникалык камсыздоо жагына дагы жакшырды. Буга чейин бармак изин же кишинин жүзүнүн параметрин аныктоочу 4-5 жабдык колдонулчу. Азыр болсо бир эле аппарат идентификация да кылат, бюллетень дагы басып чыгарат. Мурун бюллетендер алдын ала типографияда даярдалса, азыр шайлоочу кайсы жерден добуш берсе, аппарат катталган жери боюнча бюллетенди дароо чыгарып берет",- деди Бекматов.
БШК өкүлүн түшүндүрмөсүнө караганда, мурда "күрөө" деп аталган төлөм азыр "шайлоо төгүмү" деп аталып, анын өлчөмү 100 миңден 300 миң сомго көтөрүлгөн. Буга чейин 5 пайыздан ашуун добуш алган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайра кайтарылып берилип келсе, азыркы тартип боюнча шайлоо төгүмү толугу менен мамлекеттик бюджетке түшөт жана кайра кайтарылып берилбейт. Андан тышкары талапкердин жалпы шайлоо фондунун көлөмү 20 миллион сомдон ашпашы керек.
Талапкерлердин шайлоо фонду төрт булактан куралат:
- саясий партиянын каражаттары;
- талапкердин жеке каражаты;
- жеке жактардын 500 миң сомго чейинки кайрымдуулук салымдары;
- юридикалык тараптардын 500 миң сомго чейинки кайрымдуулук салымдары;
Ал ортодо БШК талапкерлерге, саясий партияларга жана алардын өкүлдөрүнө шайлоо фондун толуктоо жана кайрымдуулук салымдарын чогултуу боюнча эскертүү таратты.
Анда БШК расмий бекитбеген мобилдик тиркемелер аркылуу акча чогултуу шайлоо мыйзамын бузуу болуп эсептелери айтылды.
"Айрым талапкер болууга ниети бар жарандар бизге ар кандай тиркемелер аркылуу акча чогултуу боюнча кайрылышты. Шайлоо фондун толуктоонун өз жол-жоболору бар. Мисалы, жарандыгы жок адамдардан жана белгисиз булактардан түшкөн каражаттар фондго кошулбашы керек. Чет өлкө жарандарынан дагы каржы булактары алынбайт. Ошондой эле талапкерге колдоо көрсөтүүчү юридикалык жактардын мамлекетке карызы болбошу керек",- деп кошумчалады Бекматов.
Жаңы мыйзамга ылайык, 90 депутат мажоритардык система менен шайланат. Талапкерлер саясий партиялар жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен келет. Партиялар ар бир 30 округга бирден талапкер көрсөтүүгө укуктуу. Эгер кайсы бир саясий партия 30 же 15 округга талапкерлерин көрсөтсө, алардын 30 пайыздан кем эмеси башка жыныстагы өкүл болушу зарыл. Андан тышкары ар бир көрсөтүлгөн талапкер үчүн партия 300 миң сом өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төлөйт.








