ИИМ Ак-Ордодо эки адамдын өлүмүнө шектүү качып бара жатканда атып өлтүрүлгөнүн кабарлады

Кылмыш

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү качууга аракет кылган учурда атып өлтүрүлгөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-октябрда Чүй облусунун Кемин районунда кылмыш кандай жасалганын кайра көрсөтүү учурунда шектүү качып кеткен.

Милиция кызматкерлери аны кармоо маалында "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдын 45 жана 46-беренелерине ылайык, кызматтык курал колдонушкан. Кесепетинен И.С. аттуу шектүү алган жаратынан улам жан берген.

Ички иштер министрлиги бул факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгында кошумча маалымат берилерин айтты.

3-октябрга караган түнү Бишкектин Ак-Ордо конушунда 36 жаштагы аял менен 34 жаштагы эркек бычакталып өлтүрүлгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, эки бир тууганды өлтүрүүгө шектелип, 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаран кармалганын 8-октябрда ИИМ расмий тастыктаган.

Күмөн саноолор

Бир туугандардын өлүмүнө шектелип кармалган жаран боюнча коомчулукта ар кандай күмөн саноолор пайда болгон.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Социалдык тармактардын колдонуучулары милиция тараткан сүрөт менен видеодон алынган скриншотту салыштырып, эки адамдын өңү-түсү дал келбей турганын белгилешип, түрдүү пикирлерди жазышкан. Ошол эле учурда расмий органдар шектүүнүн жана маркумдун жубайынын көрсөтмөлөрүнө таянып, күмөн саноого эч кандай негиз жок экенин билдиришкен.

Бул каргашалуу окуя жана шектүүнү кармоо аракеттери боюнча 9-октябрда президент Садыр Жапаров да билдирүү жасаган.

Ал социалдык тармактарда тарап жаткан "кармалган адам менен кылмышкер эки башка киши" деген маалыматтарды четке каккан.

"Илгери кылмыштын бетин ачыш үчүн күнөөсүз адамдарды кармап келип, мойнуна алдырып, "ишти ачтык" деп отчет берип койгон учурлар болгон. Азыр андай эмес. Милиция жакшы иштеп жатат. Болгону элдин ишенбөөчүлүгү мурдагыдан калган. Биз милиция кызматкерлерине бардык шарттарды түзүп бердик, техникалык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Керек болсо милициялардын өздөрүн да кайда жана кантип иштеп жүрүшкөнүн Башкы штабда онлайн көзөмөлдөп турушат",- деген Жапаров.

Ал ортодо киши колдуу болгон адамдын жубайы кылмышка шектүүнү таанып, аны тастыктаганы тууралуу да маалымат таратып, анын көрсөтмөсү тартылган видеону жарыяланган.

"Ошол күнү саат түнкү 23:30 чамасында уктап жатканбыз. Күйөөм төр жакта, кичүү кызым анын колунда жаткан. Бир маалда чыркыраган үндөн ойгонуп кетсем, тиги киши күйөөмдүн үстүнөн басып алып, бычактап жатыптыр. Башында беткап кийип алган экен. Жолдошум аны менен алышып жатып, беткапты чечип жиберди. Бир учурда ал эшик тарапка жөнөгөндө, колума тийген телефон менен 102ге чалып, "жолдошумду бычактап жатат" деп айтып үлгүрдүм. Балдарым ойгонуп, чыркырап аталап жатышты. Жарыкты күйгүзгөндө анын бетин даана көрдүм. Мен аны 100 эмес, 1000 пайыз таанып турам. Балдарым да аны таанып жатат",- деген жубайы көрсөтмөсүндө.

Ошондой эле ал жарандарды билип-билбей ар кандай пикир айтуудан оолак болууга чакырган.