УКМКнын демилгеси: массалык иш-чаралар үчүн өзгөчө уруксат керекпи?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жапырт иш-чараларды – концерт, форум, спорттук мелдеш, жарманке жана жыйындардын башка түрлөрүн алдын ала мамлекеттик органдар менен макулдашуу тартибин киргизүүнү сунуштады

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жапырт иш-чараларды – концерт, форум, спорттук мелдеш, жарманке жана жыйындардын башка түрлөрүн алдын ала мамлекеттик органдар менен макулдашуу тартибин киргизүүнү сунуштады. Долбоордун авторлору муну "коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу" максатында даярдалган документ деп түшүндүрүп жатышат. Ошол эле маалда бул демилге жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу чектеши мүмкүнбү деген суроолорду да жаратууда.

Атайын кызмат сунуштап жаткан өкмөттүн токтом долбооруна ылайык, массалык иш-чаралар үч деңгээл менен аныкталмай болду.

III деңгээл – 500гө чейинки адамдарды камтыган иш-чаралар;

II деңгээл – 5000ге чейинки адамдарды камтыган иш-чаралар;

I деңгээл – 5000ден ашык катышуучусу бар же өзгөчө маанидеги иш-чаралар.

Ага ылайык, уюштуруучулар III деңгээлдеги иш-чара өткөрө турган болсо, 10 күн мурун, II деңгээл үчүн 20 күн мурун, I деңгээл үчүн 30 күн мурун жергиликтүү башкаруу органдарына алдын ала кабар бериши керек.

Маалыматта иш-чаранын максаты, форматы, өтө турган жери, убактысы, катышуучулардын саны, коопсуздукту камсыздоо чаралары камтылышы зарыл.

Билдирүүнү жергиликтүү башкаруу органдары 3 жумуш күнү ичинде каттап, анын көчүрмөсүн УКМКга жөнөтүүгө милдеттенме алат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Биринчи деңгээлдеги иш-чара үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлөт. Эгер комиссия коопсуздукту камсыздоо чаралары алдын ала аткарылган эмес деген тыянакка келсе, иш-чараны өткөрүүгө тыюу салганга укуктуу.

Токтомдун негиздемесинде жапырт иш-чаралар дайыма өткөрүлүп келгенине карабастан, өлкөдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда ведомстволордун бирге иш алып барышын камсыздаган юридикалык механизм болбогону айтылат. Документте террордук коркунучтар, табигый жана техногендик факторлор, чектелген инфратүзүм шартында адамдардын ири агымын башкаруу кыйынчылык жаратары, бул долбоор мамлекеттик органдардын жана уюштуруучулардын жоопкерчилигин так аныктай турганы белгиленген

"Сунушталган тартип массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга комплекстүү мамилени калыптандыруу менен бул ченемдик боштукту толтурат. Тартип тобокелдиктерди пландаштырууга, билдирүүгө, баалоого, коопсуздукту камсыз кылуу планын иштеп чыгууга жана макулдашууга, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурунда көзөмөлдү жана чара көрүүнү уюштурууга бирдиктүү талаптарды белгилейт. Тартип "Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" мыйзамы менен жөнгө салынуучу иш-чаралардан тышкары, жарандар үчүн катышууга ачык болгон маданий, спорттук, билим берүү, эс алуу же башка мүнөздө уюштурулган бардык иш-чараларга карата колдонулат", – деп жазылган токтомдун негиздеме-маалым катында.

Кыргызстанда жоон топ адам катышкан иш-чаралар же мааракелер утур-утур өтүп турат. Буга чейин кайсы бир иш-чараларда кырсык катталган учурлар да болгон.

2024-жылы 2-майда Сузак районунун Жерге-Тал айылында "Урааным Манас" аттуу маданий иш-чара өтүп, андагы кырсыкта окуучу балдар жапырт жабыркаган. Дөңдө турган "Хундай-Портер" унаасы ылдый көздөй жылып, балдарды тебелеп кеткен. Натыйжада 32 бала жаракат алган. Бул иш-чарага жалпысынан үч миңге чукул окуучу катышып жаткан. Айрым балдардын абалы оор болгондуктан, Бишкекке жеткирилген. Ушундай эле аталыш менен өлкөнүн башка аймактарында өтө турган иш-чаралар токтотулган.

Кийин иликтөө жүрүп, жалпысынан 21 кызмат адамы тартиптик жазага тартылганы, 6 адамды иштен алууга көрсөтмө берилгени кабарланган.

Бул арада өлкө боюнча жаштардын ынтымагы, уруулардын ынтымагы деген жүйө менен ар түрдүү иш-чаралар, курултайлар да өтүп келет.

"Бизди эч ким деле көзөмөлдөбөйт, эч кимге маалымат деле бербейбиз, болгону акча чогултабыз, анан кафеге чогулуп, жакыр үй-бүлөлөргө жардам берип, спорттук иш-чараларды өткөрүп турабыз", – деди аты-жөнүн, жашаган облусун атагысы келбеген жергиликтүү активисттердин бири.

Жаңы сунушка ылайык, эгер мындай иш-чаранын катышуучулары 500дөн ашса, анда уюштуруучулары расмий уруксат алышы керек болот.

"Тартип орнойт деп ойлойм"

Назира Жаныбаева

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Назира Жаныбаева

Бишкекте иш-чараларды, кечелерди уюштурган агенттиктеринин биринин негиздөөчүсү Назира Жаныбаева бул демилге кечелерди уюштурган агенттиктердин ишине кесепетин тийгизбейт, тескерисинче, жөнгө салат деп эсептейт. Ал буга чейин деле коомдук жайларда өткөрүлүүчү массалык иш-чараларды жергиликтүү администрация менен макулдашып келишкенин белгилейт:

"Маселен, эгер аянтта концерт же көчөдө иш-чара уюштура турган болсок, ансыз деле алдын ала кат жазып, кабарлачубуз. Эгер баары пландуу жана ырааттуу болсо, тескерисинче, бул "ивент (иш-чара) календардын" пайда болушуна жардам берип, бул багытта иш алып барган ар түрдүү агенттиктеринин ишин стандартташтырып, аларды тартипке чакырат деп ойлойм".

"Жарандык демилгелер солгундап кетиши мүмкүн"

Кыргызстандын эгемен тарыхында маданий иш-чаралардан тышкары саясий курултайлар же жарандык коомдун өкүлдөрүнүн иш-чаралары да уюштурулган учурлар болгон.

Мындай көп эл катышкан жыйындарды өткөрүү үчүн курамына күч түзүмдөрүнүн, анын ичинде атайын кызматтын өкүлдөрүнөн турган комиссиядан уруксат суроо тууралуу сунуш жарандык коомдун айрым өкүлдөрүн тынчсыздандырып жатат. Саясат талдоочу Руслан Акматбек токтомдун долбоору менен таанышып чыкканын, анын оң жактары да, олуттуу тобокелчиликтери да бар экенин белгилейт:

"Биринчи жолу ИИМ, атайын кызмат, ӨКМдин чогуу, бир багытта иш алып барышына шарт түзүлүп жатыптыр. Бирдей жоопкерчилик алууга чакырык жасалып жаткандай. Мурда массалык иш-чаралар болгондо, кандайдыр бир кырсык катталса, баары ички иштер органдарына шылтап, алар башкаларга шылтап калчу эмес беле. Буга окшогон эрежелер башка өлкөлөрдө деле бар. Ошол эле маалда чоң тобокелчилик да турат. Алдын ала уруксат суроо мөөнөтү суроо жаратат. Даталар аябай кенен берилиптир. Бизде чукул иш-чаралар болуп калышы мүмкүн. Анда кандай болот? Уруксат алуу жараяны кайра эле бюрократия, коррупция менен коштолуп кетиши мүмкүн. Бийлик коомдук жашоону ушундай жол менен жөнгө салышы мүмкүн. Кээ бир иш-чараларга уруксат бербей коюшу мүмкүн. Жарандык демилгелер солгундап кетиши мүмкүн. Токтомду ишке ашыруу эрежелери так болбосо, бул жарандык коомду тыя турган инструментке айланып калышы ыктымал".

Клара Сооронкулова

Сүрөттүн булагы, social media

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, "Сезим" кризистик борборунун юристи Клара Сооронкулова болсо бул токтомдун Баш мыйзамга карама-каршы келген жерлери бар экенине көңүл бурат:

"Конституцияга ылайык, жарандар тынч жыйындарга чогулууга укуктуу. Албетте, бул абсолюттук укук эмес, коомдук кызыкчылык эске алынганда чектөө болушу мүмкүн. Бул жерде коопсуздукту камсыз кылуу керек деген жүйөнү келтирип жатышыптыр. Бирок иш-чара өткөрүүгө уруксат бербей, тыюу салып коюшу мүмкүн экен, бул чектөө болуп калат. Иш-чара тууралуу алдын ала маалымат берип коюу жетиштүү эле, ошондо мамлекеттик орган коопсуздукту камсыздоо ишин өзү колго алмак. Эми бардык нерсе көзөмөлгө алынат экен. Ансыз да чектөө көбөйүп кетти. Маселен, "чет элдик өкүл" мыйзамынын негизинде биз, бейөкмөт уюмдар, ансыз деле мурдагыдай тегерек үстөлдөрдү көп өткөрбөй калдык".

Өкмөттүн токтому 1-октябрдан 15-октябрга чейин коомдук талкууда болот.

Бул арада Бишкекте митинг-пикеттерди өткөрүүгө киргизилген чектөө 1-октябрдан 31-декабрга чейинки мөөнөткө кайрадан узартылганы белгилүү болду.

Тынч жыйындарды Бишкектеги Максим Горький паркында гана өткөрүүгө мүмкүн.

Биринчи май райондук соту шаардын борбордук бөлүгүндө митинг-пикет өткөрүүгө 2022-жылы март айында тыюу салган.

Жарандардын укуктары, эркиндиктери чектелип жатат деген жүйө менен Freedom House эл аралык уюму быйыл 26-февралда жарыялаган баяндамасында Кыргызстанды "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарында калтырган.

Кыргызстан жарандык эркиндиктин деңгээли боюнча 22 балл, саясий укуктун деңгээли боюнча 4 балл алып, 100 баллдык баалоо системасынан 26 гана упай топтогон.