Пакистан менен Ооганстандын чыңалган мамилеси чөлкөмдүн коопсуздугуна кандай таасир этет?

Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы Спин Болдак чек ара бекетинде Талибандын коопсуздук кызматкерлери жабык эшиктин жанында нөөмөттө турат. 2025-жылдын 12-октябры, Кандагар

Сүрөттүн булагы, Sanaullah Seiam / AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы Спин Болдак чек ара бекетинде Талибандын коопсуздук кызматкерлери жабык эшиктин жанында нөөмөттө турат. 2025-жылдын 12-октябры, Кандагар
    • Author, Сара Хассан
    • Role, Би-Би-Си Урду кызматы

Пакистан менен Ооганстандын мамилеси акыркы күндөрү бир топ солгундай түштү. Эки өлкөнүн түндүк чек ара бөлүгүндөгү тоолуу аймактарда Талибан өкмөтү Пакистандын куралдуу күчтөрүнө кол салганын ырастагандан кийин кырдаал курчуп кеткен.

Талибандын өкүлүнүн билдиришинче, Пакистандын 58 аскер кызматкери "өч алуу аракетинин" натыйжасында өлтүрүлгөн. Ал кошумчалагандай, Пакистан өткөн аптада Ооганстандын аба мейкиндигине мыйзамсыз кирип, өлкөнүн түштүк-чыгышындагы базарды жардырган.

Пакистан өлгөндөрдүн санын төгүндөп, 23 аскер кызматкери набыт болгонун жана "200 талибан жана ага тийиштүү террорист өлтүрүлгөнүн" билдирди.

Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви билдиргендей, Ооганстандын чабуулун "эч ким көкүткөн эмес" жана жөнөкөй жарандарга ок атылган. Ал өз өлкөсүнүн куралдуу күчтөрү "ар бир кышка бирден таш" жооп болорун эскерткен.

Би-Би-Си бул билдирүүнүн чын-төгүнүн ырастай алган жок, бирок эки өлкөнүн жогорку кызматтагы дипломаттарынын жана расмий өкүлдөрүнүн ортосунда кайым айтышуу курчуп кетти.

"Эгер Ооганстандын жери Пакистанга каршы колдонула турган болсо, Пакистан чара көрүү укугунан пайдаланат", — деди Пакистандын коргоо министри Хаважа Асиф.

Ал ортодо Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү "Ооганстандагы коопсуз баш калка жайлары Пакистандагы терроризм үчүн колдонулуп жатат", — деп айтып чыкты.

Өзүнүн Индияга болгон расмий сапарында Ооганстандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Пакистанды "оогандардын сабырын сынабасын" деп эскертти.

Бул чыңалуунун тарыхый тамыры кайда жатат? Эки өлкөнүн ортосундагы касташуунун деңгээли кандай?

Татаал тарых

Пакистан менен Ооганстандын соңку мамилелери олку-солку абалда.

АКШ 2021-жылы Ооганстандан чыгып кеткенге чейин Кабулдагы мурдагы өкмөт өз куралдуу күчтөрүнө каршы Талибанга көмөктөшүп жатат деп Исламабадды күнөөлөп келген.

Ал кезде Пакистан Талибан менен байланышы жок экенин айтып, Пакистандын ошол учурдагы тышкы иштер министрлигинен мындай сөздөрдү "ыксыз" деп аташкан.

Пакистан Доха макулдашуусундагы сүйлөшүүлөрдө башкы ролду ойногон. Аталган макулдашуунун негизинде АКШ оогандан чыгып кеткен эле. Андан көп өтпөй Талибан бийликти тез эле кайра колго алган болчу.

Талибан 1996-2001-жылдары Ооганстанда бийликке биринчи жолу келгенде Пакистан Талибандын өкмөтүн расмий тааныган саналуу өлкөлөрдүн бири болгон.

Бирок соңку чыңалуулар көрсөткөндөй, ооган бийлигине Талибан кайтып келгенине карабастан тараптардын мамилелери иш жүзүндө аябай морт болуп турат.

Бул кишилер өлкөнүн куралдуу күчтөрүн колдоо жүрүшүндө "Жашасын Пакистан!" деп жазылган плакатты кармап турат

Сүрөттүн булагы, Akhtar Gulfam/EPA/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул кишилер өлкөнүн куралдуу күчтөрүн колдоо жүрүшүндө "Жашасын Пакистан!" деп жазылган плакатты кармап турат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эми Пакистан "Техрик-и-Талибан Пакистан" (Пакистандагы Талибан) тобу Ооганстандагы базасынан Пакистанга кол салып жатканын, оогандагы Талибан аларды токтотуу үчүн эч нерсе кылбай жатканын айтууда.

"Талибан Ооганстандын бийлигине келгенден кийин Пакистан "Техрик-и-Талибан Пакистан" сыяктуу топтор мурдагыдай колдоо албай калат жана чек ара шарттары жакшырат деп үмүттөнгөн, бирок ал ишке ашкан жок", — деди Би-Би-Сиге курган маегинде пакистандык мурдагы дипломат Масуд Хан.

Бул балким таң калыштуу деле эместир.

"Башка өкмөттөрдөн айырмаланып, Ооганстандагы Талибан салттуу бийлик эмес. Алар "Техрик-и-Талибан Пакистанга" тарыхый байланышы болгон топ катары бийликке келген", — деп токтолду Би-Би-Сиге курган маегинде Сами Юсуфзай.

Ал Ооганстан-Пакистан мамилелерине жакындан көз салып жүргөн аналитик жана журналист.

"Эгерде Пакистан Ооганстан талибандары Пакистан талибандарын Ооганстан ичинде жок кылат же кууп чыгарат деп ойлосо, мындай күтүү чындыкка коошпойт", — деп кошумчалады ал.

Азыр эми оогандардын убактылуу тышкы иштер министри Амир Хан Муттакинин Нью-Делиге болгон сапарынан кийин Ооганстан менен Индиянын дипломатиялык мамилелери калыбына келип, буга Пакистандын ичи чыкпай турган чагы.

Бул Пакистанда өлкөгө сокку уруу үчүн Ооганстандын аймагы кайра пайдаланышы ыктымал деген кооптонууну жаратууда.

Пакистандын коргоо министри Хаважа Мухаммад Асиф Geo News телеканалына "Индия Ооганстан аркылуу өч алууга аракет кылып жатат. Ал эми Ооганстан Индияга шарт түзүп берүүдө", — деп билдирген.

Индия ооган аймагында Пакистанга каршы эч кандай аракеттерди колдобогонун айтып келет. Бирок Индия менен Ооганстан ортосундагы дипломатиялык мамиленин жанданышын Юсуфзай сыяктуу байкоочулар "символикалык жеңилүү" деп атоодо.

Байкоочулардын айтымында, Талибан аймактагы мамлекеттер менен байланыш түзүп, изоляциядан чыгууга аракет кылып жаткан чакта, Индия да аймакка инвестиция салууну көздөөдө.

Бирок Юсуфзайдын белгилешинче, бул оңой болбойт. "Индиянын Талибанга иш жүзүндө колдоо көрсөтүү жөндөмү чектелген, анткени Кабул жихадчыл идеологиялык системанын таасири астында иш жүргүзөт".

Бул болсо Исламабадды кандайдыр бир деңгээлде жубатып турат.

Пакистан менен Ооганстандын чек арасында мурда жаңжал орун алып келген. Азыркы чек ара сызыгын Ооганстан тааныбайт

Сүрөттүн булагы, Hussain Ali/Anadolu Agency via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пакистан менен Ооганстандын чек арасында мурда жаңжал орун алып келген. Азыркы чек ара сызыгын Ооганстан тааныбайт

Азыр кандай варианттар бар?

Ошого карабастан аналитиктердин оюнча, маневр жасаганга Пакистандын көп деле мүмкүнчүлүгү жок. Ооганстанга чабуул жасоо же чек арадагы тирештерди улантуу өзүн-өзү актабайт.

"Пакистан Талибанга каршы аракеттерди ачык колдойбу? Бул Пакистанга да, берки топторго да кызык эмес", — дейт журналист жана аналитик Юсуфзай.

Пакистандын АКШдагы мурдагы элчиси Масуд Хан Би-Би-Сиге билдиргендей, бул жерде Ооганстан жана Пакистан экөө менен тең чектеш жайгашкан Кытайдын орду маанилүү.

"Диалогго чакыруу үчүн дипломатиялык аянтча түзүш керек. Эки өлкө менен тең мамилеси жакшы болгондуктан бул боюнча Кытай көмөктөшө алат", — дейт ал.

Ооганстан менен Пакистандын мамилеси курчуп жатканы боюнча Кытай аябай тынчсызданып жатканын айткан. Бирок үч өлкөнүн ортосунда диалог менен кызматташтыкты жөнгө салуучу үч тараптуу форум мурдатан эле бар.

Башкалар болсо Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмираттары дагы Ооганстанга "Техрик-и-Талибан Пакистанга" каршы чара көрүүсү үчүн басым жасоосу керек деп эсептешет.

Пакистан менен Сауд Аравия жакында эле биргелешкен коргонуу боюнча макулдашууга кол койгон. Анда бир өлкөгө каршы кол салуу эки өлкөгө кол салуу менен барабар экени белгиленген.

Пакистан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 2600 км түзөт. Чек ара эч кандай негиздемесиз эле 1893-жылы британдар тарабынан бөлүнүп, Дуранд сызыгы катары белгилүү. Чек ара ооган жана чек аранын эки тарабында жашаган миллиондогон пуштундун нааразычылыгын жаратып келет.

Айрым байкоочулардын айтымында, соңку чыңалуулар аймактардын мыйзамдуулугу боюнча дагы маселелерге барып такалат.

Чек арадан күн сайын миңдеген адам өтөт. Өкмөттөр аралык мамилелердин абалына карабастан түпкүлүктүү калк чек аранын эки тарабында жашашат. Аларды туугандык жана коомдук мамилелер бириктирип турат. Мындай шартта эки өлкөнүн мамилеси жөнгө салынышы өтө актуалдуу маселе.

"Терроризмге чекит коюу сөз менен эмес, кызматташтык жана мамилелердин жакшырышы менен гана ишке ашат", — деди Хан. (EA)