Өзбекстанда 10 миң, Түркмөнстанда 10 доллар. Борбор Азияда согуштун ардагерлерин кантип сыйлашат?
Айдай Аманкулова, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер-журналисти

Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 80 жыл толот. Анын маанилүү жана чечүүчү бөлүгү деп эсептелген Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстан 360 миңден ашык жоокерин же өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусун жөнөткөн. Кан майдандан 90 миңден ашуун жаран кайткан эмес. Ушул тапта өлкөдө согуштун саналуу гана ардагери калды. 9-май – Жеңиш күнүн утурлай Борбор Азия өлкөлөрүндө да ардагерлерге сый-урмат көрсөтүлүп, жыл сайын мамлекеттен бир жолку акчалай жардам берилип келет.
Өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун бир гана майыбы калды. Ал Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун тургуну, 102 жаштагы Кошкоро карыя.
Ардагер миңдеген кыргызстандыктар менен чогуу 1942-жылы өз ыктыяры менен согушка барган. Анда ал 17 жашта гана болчу.
Уулу Бакытбектин айтымында, атасы Ленинград, Беларус фронтуна катышып, кан күйгөн майданда 5 жолу жаракат алган. Ал 1945-жылы күзүндө мекенине кайтып келген.
"Согушта оң тизесинен оор жаракат алган экен. Кийин ал буту иштебей калды. Мамлекет эми колунан келген жардамын берип жатат. Азыр 15 миң сом пенсия, 17 миң сом жөлөк пул алат. Жеңиш күнүнө карата эсебине 20 миң сом, андан тышкары президенттин атынан деп 100 миң сом которушат. Бул акчаны былтыр да алганбыз. Эми каражаттын баарын эле өзүнө жумшайбыз, дары-дармегине, памперсине кетет", – дейт Бактыбек Жаманкулов.
Карыяга жергиликтүү администрация да жардам берип турат. Бактыбек акимчиликтин көмөгү менен Кара-Балта шаарынан бир бөлмөлүү батир алганын айтат:
"Далай эле сый көрдүк. Бирок бир нерсе такыр эсимден кетпейт. Биздин түбүбүз Суусамырдан. Ал жакта бир жигит бар. Айылда нан жабат. Былтыр ал 9-майда айыл башчыдан атама арнап Кара-Балтага беш токоч салып жиберген экен. Ошол балага аябай ыраазы болдум. Нандын даамы алигиче оозумдан кете элек".

Сүрөттүн булагы, Chek ara kyzmaty
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 1-апрелге карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 32 адамды түзөт. Анын ичинде:
13 согуштун катышуучусу;
1 согуштун майыбы;
7 бала кезде концлагерде туткун болгондор;
11 "Ленинградды коргогону үчүн" медалы жана "Блокададагы Ленинград жашоочусу" белгиси менен сыйлангандар бар.
Ардагерлердин баары пенсиядан тышкары ай сайын министрликтен 17 миң өлчөмүндө жөлөк пул алышат.
"Анын ичинде 7000 сом жеңилдик ордуна акчалай компенсация, 3000 сом президенттин стипендиясы, 7000 миң сом президенттин стипендиясынын үстөк акысы катары берилет", – деп айтылат министрликтин маалыматында.
2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку жардам катары 7,3 миллион сом бөлүндү.
Бир жолку төлөмдөрдүн алкагында:
Улуу Ата Мекендик согуштун майыбына 20 600 сомдон;
Согуштун катышуучуларына, концлагердин туткундарына жана "Ленинграддын коргоочусу" белгисинин ээлерине 20 400 сомдон;
Согушта курман болгон жоокерлердин жесирлерине 15 200 сом;
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында оорукта каармандык менен эмгектенген адамдарга 15 100 сомдон берилет.
Өлкөдө жалпысынан 400дөн ашуун ооруктун ардагери бар.

Сүрөттүн булагы, Chek ara kyzmaty
Бул арада президент Садыр Жапаров да Улуу Ата Мекендик согуштун 32 катышуучусуна бир жолу 100 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул үчүн президенттик фонддон 3 млн 232 миң сом бөлүндү.
"Чечим 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңүүнүн бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоону эске алуу менен кабыл алынды", – деп айтылат президенттин сайтында жарыяланган маалыматта.
9-майга карата постсоветтик өлкөлөрдө ардагерлерге бир жолку акчалай жөлөк пул берүү салтка айланып калган көрүнүш. Маселен, Казакстан быйыл согуштун ардагерлерине 5 миллион теңгеден (9 800 АКШ долларынын тегереги) берерин жарыялаган. Жыл башындагы маалыматка караганда, Казакстанда Улуу Ата Мекендик согушка катышып келгендердин ичинен 120 ардагердин көзү тирүү.
Өзбекстандын президенти Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү боюнча жарлыкка быйыл февралда эле кол койгон. Ага ылайык, согуштун катышуучуларына жана майыптарына 10 миң доллардан акчалай жардам берилет.
Тажикстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 17 катышуучусу, тылдын 124 ардагери гана калды. Коңшу өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон былтыр 9-майга карата ардагерлерге 40 миң сомониден (3 800 АКШ долларынын тегереги) акча тапшырган. Быйыл бул сумма канча экени азырынча айтыла элек.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедов былтыр Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына 200 манаттан акчалай жардам жана баалуу белек берүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.
"Түркмөнстан хроникасы" басылмасы бул мамлекеттик курс боюнча 57 АКШ долларына, көмүскө базар баасы боюнча 10 АКШ долларына тете акча экенин жазган. Баалуу белек эмне экени айтылган эмес.
Быйыл бир жолу бериле турган төлөмдүн өлчөмү канча болору маалым боло элек. Түркмөнстанда согуштун канча ардагерди калганы да белгисиз. Өлкөдө 2018-жылдан бери 9-май эс алуу күнү катары эсептелбейт.
Орусияда Жеңиштин 80 жылдыгына карата быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, курман болгон аскерлердин жесирлерине, бала кезде концлагерде туткун болгондорго 80 миң рублдан (975 АКШ доллары) акчалай жардам берилет.
Бул арада Москвада жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө үчүн даярдык көрүлүүдө. 9-майда Кызыл аянтта аскердик парад болот. Салтанатка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышары айтылып жатат.
Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы сентябрда Польшада башталып, дээрлик алты жылга созулган. Ага дүйнө калкынын 80% катышкан. Согуштун соңунда өзөктүк курал дагы колдонулган. Жалпысынан 70 миллиондон ашуун адамдын өмүрү кыйылган.
Бул ири алааматтын алкагында Советтер Союзу менен фашисттик Германиянын ортосундагы согуш 1941-жылы 22-июнда башталган. СССР 1945-жылы май айында жеңишти камсыздаганын жарыялаган.
Постсоветтик өлкөлөрдүн көбүндө 9-май жеңиш күнү катары белгиленип, ардагерлерге сый-урмат көрсөтүлүп келет.












