Танк алдына боюн таштаган Кубат Жуматаев

    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кубат Жуматаев Улуу Ата Мекендик согуш жылдары эрдик көрсөтүп, бирок эрдиги татыктуу бааланбай калган жоокерлердин бири. Бүгүн Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын майрамдоо менен Жуматаевдин 100 жылдык мааракеси дагы белгиленип жатат.

Кубат Жуматаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кубат Жуматаев

Жуматаевдин өлбөс-өчпөс эрдиги

Кубат Жуматаев Кавказ фронтунда согушкан. Ал жетектеген рота 1942-жылы азыркы Чеченстандын Моздок районунда болгон салгылашууда фашисттик он беш танкка жана жүздөгөн жөө аскерлерге каршы чабуул жасаган. Сексенден ашуун душманды жана алардын үч таңкын жок кылган. Эки чабуулдун мизин кайтарып, үчүнчү чабуулда акыркы гранаталарды өзүнө байланып алып, өзүн танктын алдына таштаган.

"Атабыз Бригаданын командири Лучинскийге берген акыркы докладында "Ротанын бары курман болду. Мен жалгыз калдым. Душманга тирүү колго түшпөйм. Суранычым, сөөгүмдү жоокердик урмат-сый менен жерге берип койгула" деп айткан. Эртеси Лучинский жоокерлерге Ротанын саясий жетекчиси Жуматаев курман болгонун кабарлап, кайрылуу жасайт. Ошентип катардагы старшина Назаркул Жапаркулов барып, жердешинин сөөгүн алып келет. Анын сөөгү Чеченстандын Алпатово кыштагында жерге берилген. Биз учурда чоң атабыздын көмүлгөн жерин таап бергиле деп, аталган мамлекетке кат жолдодук. Күмбөзү табылып калса топурагын Кыргызстанга алып келип, ата-энесинин жанына жайгаштырсак деген көксөөбүз бар",- деди небереси Таалай Жуматаев.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Татыктуу бааланбаган эрдик

Согушта өлбөс өчпөс-эрдик көрсөткөн Кубат Жуматаев аскер жетекчилиги тарабынан Советтер Союзунун Баатырлыгына көрсөтүлгөн. Бирок белгисиз себептерден улам ал "Кызыл туу" ордени менен гана сыйланган. Атүгүл алган ордени дагы мекенинде эмес, Подольскийдеги музейлердин бирине сактоого берилген. Маркумдун жакындары бир нече жолу аны Кыргызстанга алып келүү аракетин көргөн. Бирок туугандарына берилбейт деген жүйөө менен бүгүнкү күнгө чейин колдоруна тийбей келет.

Кубат Жуматаевдин музейи
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кубат Жуматаевдин музейи

"Маселен, Горбачевдун учурунда эрдиги бааланбай калган бир катар аскерлерге Советтер Союзунун баатыры наамы берилген. Мындай сыйлыкты учурда Орусиянын гана президенти бере алат. Жок дегенде кыргыз эл баатыры наамы ыйгарылабы деген үмүт менен 2009-жылы ошол кездеги президентке кайрылганбыз. Бирок эч кандай жооп болгон жок. Ошондой эле, Арча-Бешик жаңы конушундагы бир көчөгө атын ыйгарууну сурандык эле. Азыр ошол дагы ишке ашпай жатат",- деди Таалай Жуматаев.

Кубат Жуматаев Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев менен согушта бир жерде болгон. 1953-жылы Үмөталиев жаш аскердин эрдигине арнап "Кубат" деген поэма жазган.

Кубат Жуматаев жана Темиркул Үмөталиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кубат Жуматаев жана Темиркул Үмөталиев

"Бул поэма союз учурунда 9-класстарга өтүлчү. Кийин 7-класска түштү, андан соң 4-класска түштү. 1995-жылдан кийин ал мектеп окуучуларына окутулбай калды. Мектептин программасында калтырып койсо кийинки муун биле жүрөт эле да. Атабызды совет доорунда окуп бүткөндөрдүн бары билет. Ал эми азыркы жаш муундар билеби? Чоң маселе. "Согуш жөнүндө унутсаң, экинчи согуш башталат" деген орус тилинде жакшы кеп бар. Ал эми биз Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу, анын баатырлары тууралуу 9-майда гана эстейбиз",- деди небереси.

Кубат Жуматаев аскерге чакырылганда болгону 22 жаштагы жигит болгон. Анын артында тукум улай турган балдары калган эмес. Бирок баатырдын эрдигин аталаш туугандары, айылдаштары эстен чыгарбай жыл сайын спорттук жана башка иш-чараларды өткөрүп турушат.