You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Казакбаев: Израилден алып кеткилечи деген кыргызстандыктар бар
Израил менен ХАМАСтын ортосундагы кандуу жаңжалдан улам Газа тилкеси жаңы гуманитардык кризиске кептелиши мүмкүн деген божомол бар. Аймактан миңдеген кишилер качып чыгып, эки тараптан тең миңден ашуун киши өлгөнү айтылууда. Жаңжалдын очогунан ар кандай аралыкта Израилде жашап жаткан ондогон кыргызстандыктар бар. Алардын ал абалын сурап Би-Би-Си Кыргызстандын Израилдеги элчиси (имараты Анкарада жайгашкан) Руслан Казакбаевге кайрылды.
Руслан Казакбаев: Палестин-Израиль жаңжалы курчуй баштагандан тартып эле Кыргызстандын Израилдеги элчилиги (имараты Анкара шаарындагы жайгашкан) кыргызстандыктар менен улам байланышып жатат. Бүгүнкү биздин маалыматка караганда, бул жакта токсонго жакын кыргыз жараны бар. Тилекке каршы анын тогузу гана элчиликтин каттоосунан өткөн. Алардын баары менен түздөн-түз байланышып жатабыз. Ошондой эле Израилдин Анкара шаарындагы элчилиги менен дагы түз байланыштабыз. Азыркы учурда ошол жарандарыбыздын ичинен жыйырма бешке жакыны эгерде Кыргызстандан Тель-Авивге түз авиа каттам болсо, же Алматыдан, Ташкенттен каттам болсо, биз кайтат элек деген каалоолорун билдирди. Азыр Тель-Авив салыштырмалуу тынч турат.
Ошондуктан алар Орусияга же башка өлкөлөргө чыгууну өтө каалабай турушат. Биз болсо Тышкы иштер министрлиги аркылуу стратегиялык өнөктөштөргө, Борбор Азия мамлекеттерине кайрылып, түрдүү жолдорду издеп жатабыз. Эки-үч күн мурун Алматы-Тель-Авив каттамы бар эле. Ошол каттам менен Казакстандын каалаган жарандары Алматы шаарына учуп кетишти. Бирок тилекке каршы алар башка өлкөнүн жарандарын өздөрү менен бирге алып кете алышкан жок. Себеби Казакстандын жарандары да көп эле.
Би-Би-Си: Жогоруда токсонго жакын кыргызстандык жөнүндө айттык эле. Алар Израилде эмне менен алектенишет? Кабарыңыз барбы?
Руслан Казакбаев: Ал жерде иштеген жарандарыбыз көп. Ар түрдүү медициналык уюмдарда, ооруканаларда дарыланып жаткан жарандарыбыз, ошолордун жакындары да бар. Медицина тармагында, соода-сатыкта, түрдүү фирмаларда иштеп жаткан жарандарыбызды билебиз. Израилде жашап, эл аралык уюмдарда иштеген кыргыз жарандары да бар.
Би-Би-Си: Азыркы оор кырдаалдан улам ден-соолугума оор залал келди, жаракат алдым деген билдирүү менен сиздерге кайрылгандар болгон жокпу?
Руслан Казакбаев: Баары менен байланышта турабыз. Бактыга жараша андайлар жок.
Би-Би-Си: Буга чейин Израилден жарандарды чукул алып чыгып кетүү көрүнүшү болгон эмес. Ошондон улам аталган өлкөдөн чыгып кетүү үчүн белгилүү пландар түзүлгөнбү?
Руслан Казакбаев: Ооба, биздин өнөктөш мамлекеттер менен да, Борбор Азиядагы боордош өлкөлөр менен да бул маселеде тыгыз иштешип жатабыз.
- Маектин толук видеосун бул жерден көрүңүз:
Архив
Би-Би-Си: Ошол жакта жашап, күн кечирип жаткан кыргызстандыктарга кандай кеңеш бересиз?
Руслан Казакбаев: Биз коомдук сайттар аркылуу кабарлашып турабыз. Эгерде жаңы маалымат, эскертүү болсо дароо кабарлайбыз. Биринчи кезекте жаңжал курчуп жаткан аймактарга, эл көп топтолгон жайларга кирбегиле деп эскертүү бердик, өтүнүч менен чыктык. Эгерде кандайдыр бир оор абал түзүлүп калса, алар бизге дароо кабарлашат, биз дагы өз кезегинде аларга тезинен байланышка чыгабыз.