You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Израил-Палестина: БУУ зомбулукту токтотууну талап кылды
Палестинанын расмийлери жекшемби күнү Израилдин аба соккуларынан кырктан ашуун киши каза тапканын билдирди.
Израилдин армиясы болсо бир аптанын ичинде Газадан үч миңден ашуун ракета атылганын маалымдады.
Жекшемби күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, уюмдун баш катчысы Гуттериш үрөй учурган зомбулук болуп жатканын эскертти.
“Жаңжал тез арада токтошу керек. Бир тараптан ракеталар, экинчи тараптан аба соккулар токтотушу керек”,-деди Гуттериш.
Ага карабастан Израилдин премьер-министри Нетаньяху Газадагы “Хамас” тобуна каршы аскердик операция “толкун кандуу” улана берет деп жарыялады. Дүйшөмбү күнү эле Газа шаарында сексен аба сокку болду. Буга жооп кылып “Хамас” тобу Израилдин түштүк тарабы көздөй ракеталарын учурду.
БУУ Газада мунай тартыштыгы катталып жаткандыктан, ооруканалар электр жарыгы жок калышы ыктымал экенин кошумчалады. Учурда уюмдун кызматкерлери мунай жеткирүүгө аракеттенүүдө. Бирок коопсуздук маселелерден улам бул ишти аткара албай жатышат.
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И Палестина менен Израилдин лидерлерин бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырды. Ал эми АКШ эки тарапты тең эл аралык гуманитардык укуктарды сыйлап, жайкын тургундарга кол салууну токтотууга үндөдү.
Өткөн аптада жаңжал башталгандан бери Газада 188 киши, анын ичинде 55 жаш бала набыт болду, 1,230 адам жаракат алды. Ал эми Израилде он адам, анын ичинде эки жаш бала каза тапты.
Иерусалимдеги тирештин өзөгү
Иерусалимдеги мусулмандар “Харам-ал-Шариф”, ал эми жөөттөр “Ыйык тоо” деп атаган аймак мусулмандар жана жөөттөр үчүн дагы ыйык жер саналат.
Жөөттөр бул жерде иудейлердин эки храмы курулган деп ишенет. Мусулмандар болсо бул тоодон Мухаммед пайгамбар бейишке чыгып келген деп ишенет.
Ондогон жылдар бою палестиналыктар менен израилдиктер ыйык жайды талашып келет.
1967-жылы орун алган согушта Израил Иерусалимдин чыгышындагы эски шаарды басып алган. Андан бери ыйык жайды иорданиялык “вакф” же жер жана мүлк башкарган ислам уюму көзөмөлдөйт.
Келишимге ылайык, жөөттөр ыйык жайга келсе болот, бирок аларга сыйынууга тыюу салынган. Арийне, айрым жөөттөр Ал-Акса мечитине келип сыйынууга аракет кылышкан. Мусулмандар бул кадамды чагымчыл аракет катары көрүп, кескин сынга алышкан.
Палестиналыктар жөөт улутчулар ыйык жерди башкаруу боюнча узакка созулган тарыхый келишимди же “вакф” башкаруусун жок кылууну көздөйт деп шекшип келет.
Израилдин премьер-министри Нетаньяху бул дооматтарды четке кагып, “байыркы келишимди эч ким бузбайт” деп билдирген.
Ал тапта соңку кырдаал “интифадага” же көтөрүлүшкө түрткү болушу мүмкүн деген сөздөр айтылууда.
Серепчилер болсо эки тараптын лидерлери жаңжалды алдын алуунун ордуна, ички саясатка көңүл буруп, өз позицияларын бекемдөөгө аракеттенгенин айтууда. Ал эми чыныгы тынчтыкка жетүү маселесине бир нече жылдан бери эч көңүл бурулган жок.