Келечекте согуштар кандай болот?

Франк Гарднер, Би-Би-Синин коопсуздук боюнча кабарчысы

2021-жылы Британиянын коргонуу жана коопсуздук саясатында фундаменталдык өзгөрүү болду. Санарип технология, жасалма интеллект жана кибернетика багытында бюджет көбөйтүлдү. Ал эми салттуу жабдуулар менен аскерлердин санына каражат азайды.

Мунун баары Орусиянын күчтөрү Украина менен чек арада топтолуп жатканда, Москва НАТОдон айрым мүчө өлкөлөрдөн чыгып кетүүнү талап кылып жатканда жана Кытай Тайванды кажет болсо күч менен болсо да кайтарып аларын айтып жатканда болууда.

Дүйнө жүзү боюнча кичинекей, аймактык чыр-чатактар дале өкүм сүрүүдө. Эфиопияда жарандык согуш жүрүп жатат, Украинадагы сепаратисттердин айынан 2014-жылдан бери 14 миңден ашуун киши каза болду, Сирияда козголоңчулардын кыймылы токтой элек жана “Ислам мамлекети” аттуу топ Африканын айрым аймактарында кулач жаюуда.

Бирок ири державалардын келечектеги согушу кандай болушу мүмкүн жана Батыш болочоктогу кыйынчылыктарга туруштук бере алабы?

Биринчиден, “келечектеги согуш” эбак эле босогобузда. Батыш менен мисалы, Орусиянын же Кытайдын ортосундагы ири жаңжалдардын көптөгөн өңүттөрү эбак эле иштелип чыгып, дайындалып даяр турат.

16-ноябрда Орусия өзүнүн спутниктеринин бирин кыйратып, космосто ракета учуруп көрдү. Жай айларында Кытай үндүн ылдамдыгындай тез уча алган алдыңкы гиперсоникалык ракеталарды сыноодон өткөрдү. Кыйратуучу же кол салуучу кибер чабуулдар күн сайын кездешкен көрүнүшкө айланды.

Мишель Флурной АКШнын президенттери Клинтон жана Обаманын тушунда Пентагондун стратегия боюнча саясий жетекчиси болгон. Анын оюнча, Батыштын Жакынкы Чыгышта соңку жыйырма жылда иш алып барганы каршылаштарынын аскердик жактан бир топ илгерилешине өбөлгө түзгөн.

“Биз чындыгында бурулуш учурда турабыз. Биз, АКШ, Британия жана биздин шериктештер, терроризмге жана козголоңчуларга каршы турууга багытталган 20 жылдык операциядан чыгып жатабыз. Ирактагы жана Афганистандагы согуштардан эми баш көтөрүп жатканда чоң державалардын олуттуу атаандаштыгына күбө болуп жатабыз”, — дейт ал.

Албетте, ал Орусия менен Кытайды айткысы келип жатат. Аталган өлкөлөр Британия өкмөтүнүн Бириккен баяндамасында Батыш өлкөлөрүнө “курч коркунуч” жана узак мөөнөттүү “стратегиялык атаандаш” катары сүрөттөлөт.

“Биз чоңураак Жакынкы Чыгышка көңүл буруп жаткан кезде, ал өлкөлөр Батыштын согуш жүргүзүү мектебинен өтүп алышты. Анан алар жаңы технологияларга массалык түрдө инвестиция жасай башташты”.

Ал кадамдардын көпчүлүгү кибер аракеттерге багытталды. Кыйратуучу чабуулдар Батыш коомунун түзүлүшүн бузууга багытталып, шайлоолорго таасир этти жана конфиденциалдык маалыматтар уурдалды. Бул согуш жүргүзүү чегинен бир топ эле төмөн турат жана алардын көпчүлүгүн четке кагып койсо болот.

Бирок Украина боюнча Батыш менен Орусиянын же болбосо, айталы, Тайван боюнча АКШ менен Кытайдын чыңалган мамилеси согушка айланып кетсе эмне болот? Ал кандай болмок?

“Менин оюмча, бул маалыматтан көз каранды болгон өтө ыкчам өзгөргөн чөйрөдө тез эле ишке ашат”, — дейт Мея Ноувенс. Ал Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институтта (IISS) аскердик артыкчылык көрсөтүү үчүн Кытайдын маалымат колдонуусун изилдейт.

“Кытайдын Элдик боштондук армиясы Стратегиялык колдоо күчү деп аталган жаңы агенттикти түптөгөн. Ал космос, радиоэлектроникалык согуш жана кибернетика боюнча иш алып барат”.

Иш жүзүндө ал эмнени билдирет? Эми, аскердик аракеттер башталып кете турган болсо, эки тарап тең эң биринчи эле кибер чабуулга өтүшөт. Бир тарап байланышты өчүрүп, экинчи тарапты “сокурайтууга” аракет кылары бышык. Спутниктерди же болбосо ал тургай маалыматтарды алып жүргөн деңиздин алдындагы маанилүү зымдарды дагы кесип салууга барышы ыктымал.

IISS уюмунда келечектеги согуштар боюнча адистешкен Франц-Стивен Гадиге кайрылып, мага жана ал үчүн, жөнөкөй адамдарга бул кандай таасир этерин сурадым. Телефондорубуз кокустан эле иштебей калабы, май куйган станциялар кургап, азык-түлүк жеткирүү баш аламан болуп кетеби?

“Жалпысынан алганда, ооба”, — дейт ал. “Анткени ири державалар кибер чабуул жөндөмдөрүнө эле инвестиция кылып жаткан жок. Алар спутник байланышты баса турган жана байланышты үзгүлтүккө учураткан радиоэлектроникалык каражаттарга да көңүл буруп жатышат. Ошондуктан болочоктогу согуштарда аскердик күчтөр эле эмес, жалпы эле коом дагы бутага алынып калат”.

Эң чоң аскердик коркунуч — кырдаалдын планда жок курчуп кетиши. Эгерде спутнигиңерде байланыш жок болуп, силердин пландоочуңар жер астындагы бункерлерде эмне болуп жатканын билбей отурган болсо, бул кийинки кадамдарды жөнгө салууну аябай оорлоштуруп жиберет.

Мея Ноувенс мындай учурда алар “минималисттик” же “максималисттик” формада жооп кайтарууга аргасыз болот деп ишенет. Бул болсо кырдаалды ого беш бетер курчутуп жиберери бышык.

Келечектеги согуштарда маанилүү ролду ойной турган фактор — жасалма интеллект же AI (artificial intelligence). Бул аскер башчылардын чечим кабыл алуу жана жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн ылдамдаштырып, маалыматты тезирээк иштеп чыгууга шарт түзөт.

Бул багытта АКШ өзүнүн потенциалдык каршылаштарынын алдында сапаттык жактан артыкчылыкка ээ. Мишель Флурнойдун оюнча, бул артыкчылык Кытайдын Элдик боштондук армиясындагы аскерлердин санынын көптүгүнө карата Батыштын кемтигин жаап турат.

“Cапаттык массага ээ болуунун жана каршылаштардын коргонуу же кол салуу планын оорлоштуруунун жолдорунун бири адамдар менен машиналарды бириктирүү”, — дейт ал. “Эгерде 100 автопилот платформасын башкарган бир кишилик платформаңыз болсо, анда сапаттык тең салмактуулукту камсыз кыла баштайсыз”.

Бирок Батыш бир тармакта Орусия менен Кытайдан бир топ артта. Бул гиперсоникалык ракеталар. Ал кадимки же өзөктүк согуштук башты ташый алган, үндүн ылдамдыгынан 5-27 эсе тез уча алган супер кубаттуу жабдуу.

Орусия өзүнүн “Циркон” аттуу гиперсоникалык канаттуу ракеталарын ийгиликтүү түрдө сыноодон өткөргөнүн жарыялап, дүйнөнүн кай жеринде болбосун каалаган коргонууну жеңе аларын билдирди.

Кытайдын Дон Фен 17си биринчи жолу 2019-жылы коомчулукка көрсөтүлгөн. Ал гиперсоникалык учуучу аппарат менен жабдылып, атмосферада бөтөнчө траектория менен маневр жасай алгандыктан аны байкоо өтө кыйын.

Ал эми жакында эле АКШнын системаларын сыноо иштери жакшы натыйжа берген жок. Кытайдын арсеналына мындай куралдардын кошулушу Вашингтонду ойлонтуп койду. Эгерде Кытай Тайванды басып алууну чечсе, анда АКШ Тайванды коргоо боюнча жети өлчөп бир кесиши керек болот.

Бирок учурда, 2022-жылдын босогосунда, Орусиянын күчтөрү Украинанын чек арасында топтолуп жаткан чакта, кибернетикалык жана радиоэлектроникалык согуш жөндөмүнө ээ болсо да, негизинен танка, бронотехника жана аскерлер сыяктуу салттуу жабдуулардан турат. Мына ушундай эле техниканы Москва, мисалы, Балтика өлкөлөрүнө бара турган болсо колдонмок.

Британия каражатын салттуу күчтөргө эмес, жаңы технологияга жумшоо чечимин кабыл алган. Болочоктогу согуштар боюнча адис Франц-Стивен Гади мындай аракет 20 жылдан кийин сөзсүз түрдө өз жемишин берет деп ишенет, бирок ага чейин коркунучтуу боштук өкүм сүрүшү мүмкүн.

“Кийинки беш-он жылда биз кооптуу доорду баштан өткөрөбүз деп ойлойм. Анда ири кыскартууларга күбө болобуз. Ошол эле убакта жаңыдан пайда болуп жаткан технологиялык жөндөмдөр операцияларда колдонуу үчүн жетиштүү деңгээлде калыптана элек болот”, — дейт ал.

Ошол беш-он жыл Батыш коопсуздугуна эң кооптуу кыйынчылыктарды туудурушу мүмкүн. Мунун баары капкараңгы жазмышпы? Мишель Флурнойдун оюнча, андай эмес. Ал АКШнын коргонуу саясатынын так ортосунда көп убакыт өткөргөн. Ал эки нерсеге көңүл бурат: (1) жакындан кеңешүү, шериктештер менен кызматташуу жана (2) туура тармактарга каражат жумшоо.

“Эгерде биз акыл-эсибизди топтоп, туура технологияларга, туура түшүнүктөргө каражат жумшай турган болсок, аларды ыкчам жана ири көлөмдө иштеп чыга турган болсок, анда биз чоң державалардын согуштарынын алдын алган болобуз”, — дейт ал.

“Биз максатыбызга жете алышыбыз керек жана Индо-Тынч океан аймагын, мисалы, келечекте эркин, ачык жана өнүккөн абалда кармашыбыз кажет”. (EA)