You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кытайдын ракетасы АКШны абдан чочутту
АКШнын жогорку мансаптуу генералынын айтымында, Кытайдын гиперсоник ракета учурушу совет доорундагы Спутник менен окшошуп баратат. Ал кезде советтик спутник кансыз согушка жол ачкан эле.
Штаб начальниктеринин бириккен комитетинин төрагасы Bloomberg сайтына билдиргендей, Кытай аскерлери “болуп көрбөгөндөй ыкчамдык менен көбөйүүдө”.
The Financial Times сайты кабарлагандай, сынактан өткөрүү АКШ аскерлерин таң калтырган.
Бээжин эч кандай ракета учурбаганын айтып, ал космостук кеме болгонун билдирди.
“Биз көргөн нерсе гиперсоник курал системасын сыноодон өткөрүү боюнча өтө олуттуу иш-чара болду”, - деди генерал Милли Bloomberg сайтына.
“Ал Спутник сыяктуу көз ирмемби айта албайм, бирок оюмча, ал ага аябай жакын. Ал биздин баарыбыздын көңүлүбүздү буруп алды”.
Анын комментарийи Кытай жай бою эки ракетаны сыноодон өткөрүү үчүн учурганын АКШнын алгачкы расмий тааныганы. Маалыматтар боюнча, ал АКШнын абадан коргонуу системасын айланып өтө алган өзөктүк курал ташый алган ракета болгон.
1957-жылдагы Советтер Союзунун Спутиги америкалыктарды аң-таң калтырып, алар совет бийлиги технологиялык жактан өнүгүп кеткенинен коркушкан.
Ал иш-чара президент Жон Кеннедини АКШ Айга киши жиберерин жарыялоого түрткөн. Бул айтылгандар он жылга жетпеген убакытта ишке ашкан.
Пентагондун өкүлү Жон Кирби генералдын билдирүүсү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. “Ал технология бизге чоочун эмес. Биздин оюбузга келбген дагы эмес”.
Ал кошумчалагандай, АКШ өзүнүн коргоо системаларын бекемдеп, гиперсоник мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу боюнча иш алып барууда.
Гиперсоник ракеталар үндүн ылдамдыгынан беш эсе тез уча алат.
Алар салттуу ракеталарга караганда маневр жасоого көбүрөөк мүмкүн болгон жана абадан коргонууда кармалып калбай турган жабдуулар.
Өткөн аптада АКШ Виржиниядагы НАСАнын аймагында үч гиперсоник ракета учурду.
АКШнын расмийлери билдиргендей, сыноолор болочокотогу гиперсоник ракеталардын “өнүгүшүн билүү” үчүн аткарылган.
Генерал Милли эскерткендей, Кытай аскерлери “1979-жылдагы дыйкандарга негизделген ушунчалык көп жөө аскерлерден азыр бардык тармактарды камтыган жана дүйнөлүк амбицияга ээ армияга айланды”.
CNN телеканалынын маалыматы боюнча, Борбордук чалгындоо агенттигинин (CIA) директору Бил Бөрнс өткөн аптада Кытайды АКШга карата эң чоң технологиялык коркунуч деп сүрөттөдү. Ушул айдын башында ал чалгын кызматы Кытайга карата өз аракеттерин күчөтөрүн билдирген.
Президент Жо Байдендин Ак үйү АКШ-Кытай мамилесин “стратегиялык жарыштын” бири катары мүнөздөдү.
Генерал Миллиге өткөн айда кызматтан кетүү айтылып, ал Трамптын башкаруусунун аяк ченинде АКШ Кытайга өзөктүк курал атпайт деген маалыматтардан улам ага чыккынчылык боюнча айып тагылган эле.
Биргелешкен начальниктердин төрагасы кийинчерээк мындай чакырыктар анын жумушундагы “милдет жана жоопкерчиликтерге толугу менен туура келерин” айткан. (EA)