You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Компартияга 70 жыл: Кытай аскердик кубатын даңазалайт
Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүнө карата чоң аскердик парад өткөнү жатат. 70 жыл мурун 1-октябрда коммунисттик партия бийликке келген. Ошондон тарта бул дата Кытай мамлекеттик эң башкы майрамына айланган.
Бээжин бул жолку аскер парадында мурда жашыруун деп саналган курал-жарактарын көрсөтөрүн билдирди.
1-октябрда кандай иш чаралар өтөт?
Тяньаньмэнь аянтындагы аскер парады майрамдык иш-чаралардын бир гана бөлүгү. Аскер парадына 97 мамлекеттен 188 армия өкүлдөрү катышмакчы.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги аскердик парад "армиянын кубатын көрсөтүү" үчүн эмес, "тынчтыкты аздектеген, жоопкерчиликтүү Кытайды" даңазалоо үчүн уюштурулуп жатканын белгиледи.
Парадка Кытай армиясынын 15 миң аскери, 580 аскер техникалары жана 160 аскер учагы катышат. Андан тышкары Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты орнотуу күчтөрүнө кошулган Кытайдын 8 миң аскери дагы парадка кошулуусу күтүлүүдө.
Кытай жашыруун делген аскер жабдыктарын көрсөтөбү?
Кытай өзү чыгарган коргонуу багыттындагы татаал системасын дүйнө жүзүнө даңазалоону көздөп тургандай. Бээжиндин айтымында, бул курал-жарактар эмитен эле колдонууга берилген.
Кытай армиясы жаңы ракеталарын, радарларга көрүнбөгөн аскердик учактарын жана алыстан башкарылган унааларын биринчи жолу көрсөтөт.
Маселен, DF-41 континент аралык баллистикалык ракетасы көптөрдү кызыктырууда. Кытайдын аскердик эксперттери бул ракета бир учурда он башка бутага таамай тийет деп ишендирүүдө. Ал эми DF-17 баллистикалык ракета системасы Орусия чыгарган "Авангард" системасына абдан окшош. Бул ракета абада учуп баратып, татаал маневрларды аткара алат. Башкача айтканда, ракеталардан коргонуу системасын буйтап өтө алат. Ошондой эле парадда аскердик кемеге, учакка жана ракеталарга каршы системалар көрсөтүлмөкчү.
Учурда Кытай чыгарган дрондор дүйнө жүзүнө тарап жатат. Сентябрь айында Сербия Кытай чыгарган алыстан башкарылган дронду сатып алган биринчи европалык мамлекетке айланды. Парадда үндөн ылдам учкан DR-8 дрону дагы биринчи жолу көрсөтүлмөкчү. Бул дрон радарга көрүнбөй учат жана аскердик учактан ракета сыяктуу бөлүнүп кете алат.
Кытайдын армиясы парадда жаңы инновациялык куралдарга басым жасалганын билдирди.
Кытай армиясына канча каражат сарптайт?
Кытайдын лидери Си Цзиньпин 2015-жылы армия реформаланат деп жар салган. Андан бери Бээжин армиянын бюджетин жыл сайын кеминде 10 пайызга көтөрүп жатып, быйыл 168.2 миллиард долларга жеткирди. Учурда бир гана АКШ армиясынын бюджети Кытайдыкынан жогору.
2018-жылы эле Бээжин аскердик изилдөөгө жана курал-жарак сатып алууга 56.1 миллиард доллар коротту. Буга карабастан Кытай АКШнын бюджетине жакындаган жок. 2018-жылы Кошмо Штаттарынын армиясынын бюджети 643.3 миллиард долларды түзгөн.
Кытайдын армиясы АКШ менен атаандашабы?
Бээжин парад аркылуу өздөрү өндүргөн инновациялык курал-жарактарын даңазалайт. Эң негизги максат - Кытай армиясы жаңы доорго шайкеш келип, Кытай лидеринин реформалары ийгиликтүү жүрүп жатканын жайылтуу.
Кытай 2035-жылга чейин заманбап армияны түзүү, 2049-жылга чейин дүйнөнүн эң кубаттуу армиялардын бири болууну көздөп турат.
Сынчылар болсо чоң парад инвестициянын деңгээлин көрсөткөнү менен, армиянын кубатынан кабар бербейт деп айтууда. Кытай армиясы аскер кызматкерлеринин айлык акысы көбөйтүп, логистикалык жана машыктыруу бөлүмдөрүн бириктирүү максатында иш алып барып келүүдө.
Демек, татаал системаларга карабастан "Кытай армиясы ондогон жылдардан кийин гана АКШнын аскердик кубатына жетиши мүмкүн" дейт коргонуу боюнча адис Александер Нил. (AT)