"Вагнер" аскеринин Ливиядагы масштабы ачыкталды

Илья Барабанов & Надир Ибрахим Би-Би-Си Орус кызматы & Би-Би-Си Араб кызматы

Би-Би-Синин жаңы иликтөөсү Ливиядагы жарандык согушта көмүскөдө иш алып барган Орусиянын жалданма аскерлеринин операцияларынын масштабын ачып чыкты. Ал согуш кылмыштары менен орусиялык аскерлердин ортосундагы байланышты камтыйт.

"Вагнер" тобунун бир согушкери Samsung планшетин калтырып кеткен. Андагы маалымат аталган топтун негизги ролун жана ошондой эле аскерлердин код ысымдарынын бетин ачат.

Би-Би-Си эң акыркы үлгүдөгү аскердик жабдуулардын “сатып алуу тизмесин” да алды. Күбө адистердин айтымында, мындай курал-жарак Орусиянын аскердик жабдууларынан гана болушу ыктымал.

Орусия "Вагнер" тобу менен байланышын четке кагууда.

Аталган топ биринчи жолу 2014-жылы Украинанын чыгышындагы жаңжалда орусиячыл сепаратисттерди колдоп жүргөндө ачыкка чыккан. Андан бери согушкерлер Сирия, Мозамбик, Судан жана Борбордук Африка Республикаларынын аймактарында жүргөн.

"Вагнер" аскерлери Ливияда 2019-жылдын апрелинде пайда болгон. Козголоңчу генерал Халифа Хафтар БУУ колдоп турган өкмөткө чабуул койгон кезде жалданма согушкерлер генералдын күчтөрүнө кошулушкан. Чыр-чатак 2020-жылдын октябрында ок атышууну токтотуу менен аягына чыккан.

Бул топ болуп көрбөгөндөй жашыруун, бирок Би-Би-Си мурда согушуп жүргөн эки киши менен өтө сейрек болуучу байланышка ээ болду. Алар "Вагнер" тобуна кандай адамдар кошуларын жана алардын эч кандай жүрүм-турум тартиби жок экенинин айтып беришти.

"Түрмөгө түшкөндөрдү өлтүрүп салары жөнүндө күмөн санабай деле койсо болот", - дейт мурдагы согушкердин бири. “Эч ким ашык оозду баккысы келбейт”.

Бул “Хафтардын орус жалданма аскерлери: "Вагнер" тобунун ичинде” аттуу даректүү тасманын башка бөлүктөрүн бекемдейт. Тасманы Би-Би-Синин Араб жана Орус кызматтары даярдап чыгарган эле. Ошондой эле ал ыктымалдуу согуш кылмыштарын, анын ичинде жайкын тургундарды атайылап өлтүрүү боюнча далилдерди камтыйт.

Ливиядагы бир айылдын тургуну жакындары өлтүрүлүп жатканда өлүк сымал жылбай жатканын сүрөттөп берген. Анын көрсөтмөсү Би-Би-Синин командасына адам өлтүргөн шектүүнү аныктоого жардам берген.

Дагы бир согуш кылмышын сүрөттөп берген Ливия өкмөтүнүн аскери өзүнүн досу "Вагнер" согушкерине кантип моюн сунганын, бирок кекиртектен эки жолу атылганын эстеп айтып берген. Аскер аны дагы жана бир эле убакта алынып кеткен үч досун дагы ошондон бери көрө элек.

Андан тышкары, Samsung планшетинде жалданма согушкерлердин жай тургундар жашаган аймактарда миналоо жана мина тузак орнотуу иш-аракеттерине да аралашканы боюнча далилдер бар.

Эч кандай белги койбой туруп жер астына мина орнотуу согуштук кылмышка кирет.

Баарын ачыкка чыгарган Samsung планшети

Планшетти "Вагнер" тобунун белгисиз согушкери 2020-жылдын жаз мезгилинде Триполинин түштүгүндөгү аймактардан топтун аскерлери артка чегинип баратышканда түшүрүп койгон.

Анын ичинде согуш майдандын чектерин орус тилинде көрсөткөн карталар болгон. Бул "Вагнер" тобунун чын эле ошол жерде болгонун ырастайт жана топтун операциялары жөнүндө болуп көрбөгөндөй маалымат берет.

Дрондон тартылган кадрлар жана Вагнердин согушкерлеринин код ысымдары бар. Алардын бирин Би-Би-Си аныктай алганын айтууда. Планшет учурда коопсуз жайда.

“Сатып алуу тизмеси”

Курал-жарактардын жана аскердик техниканын толук тизмеси 2020-жылдын 19-январындагы число коюлган он барактык документте камтылган. Аны Би-Би-Сиге Ливиянын чалгын булактары берген жана ал "Вагнер" жайгашкан жерден алынган болушу ыктымал.

Документте операцияны ким каржылаганы жана анын артында ким турганы көрсөтүлөт. Анын ичинде “аскердик милдеттерди аткарууга” керек болгон материалдар тизмектелген. Арасында төрт танк, жүздөгөн Калашников автоматтары жана акыркы үлгүдөгү радар системасы дагы бар.

Аскердик аналитик Би-Би-Сиге айтып бергендей, айрым курал-жарак технологиясы жалгыз гана Орусиянын аскеринен алынышы мүмкүн. "Вагнер" тобу боюнча дагы бир адистин айтымында, аталган тизме Дмитрий Уткиндин да тиешеси бар экенине ишарат кылат.

Ал Орусиянын аскердик чалгын кызматынын мурдагы кызматкери жана Вагнер тобун негиздеп, ага азыркы аталышты койгону айтылып келет (аны мурда ошентип чакырышчу). Би-Би-Си Дмитрий Уткинге байланышууга аракет кылган менен бирок эч кандай жооп ала алган жок.

“Сатып алуу тизмесин” жана башка документти чечмелеген биздин визуалдык материалыбызда, адистин айтымында, “Евро Полис” жана “генералдык директор” сөздөрү Евгений Пригожиндин тиешеси бар экенине ишарат кылат. Бул инсан Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын бизнесмен болуп саналат.

АКШнын мамлекеттик казына кызматы "Евро Полиске" 2018-жылы санкция киргизген. Анда бул компания Пригожин Сирияда “ээлик кылган же көзөмөлдөгөн” кара мунай чыккан жерлерди “коргоо” боюнча келишим түзгөн Орусиянын компаниясы деп аталган болчу.

Батыштагы журналисттердин иликтөөсү Пригожин менен Вагнердин ортосундагы байланышты табышкан. Пригожин "Евро Полиске" же "Вагнерге" байланышы бар экенин ар дайым четке кагып келет.

Би-Би-Сиге Евгений Пригожиндин пресс-катчысы "Евро Полиске" же "Вагнерге" эч кандай тиешеси жок экенин айтты. Пригожин Орусия тараптан Ливияда адам укуктарынын бузулушу боюнча эч нерсе укпаганын айтканы бар: “Бул карандай калп экенине бөркүмдөй ишенем”.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен Би-Би-Сиге “алар Ливияда ок атышууну токтотууга жана кризисти саясий жактан жөнгө салууга салым кошуу үчүн аябай аракет кылып жатышканын” билдиришти.

Министрликтен кошумчалашкандай, Вагнерге байланыштуу деталдар көбүнчө “бурмаланган маалыматтарга” негизделген жана Ливиядагы “Орусиянын саясатын дискредитациялоону” көздөйт.

"Вагнер" дегендер кимдер? Мурдагы жоокерлер сүйлөйт

Расмий түрдө, алар жок. Бирок "Вагнер" 2014-жылы Украинанын чыгышындагы орусиячыл сепаратисттер менен бирге согушта пайда болгондон бери 10 миңге чейин киши, жок эле дегенде бир жолу алар менен келишим түзгөнү айтылат.

Болжол менен бир миңдей Вагнер аскери Ливияда 2019-жылдан 2020-жылга чейин генерал Халифа Хафтартын катарында согушкан. 

Би-Би-Синин Орус кызматы мурдагы согушкерден "Вагнерди" сүрөттөп берүүсүн өтүнгөн. “Ал мамлекеттин кызыкчылыктарын өлкөбүздүн сыртында илгерилетүүнү көздөгөн структура”, — деп жооп берди ал.

Анын айтымында, жалданма аскерлер жумуш издеп жүргөн “согуштун усталары” же болбосо өз мамлекетине кызмат кылгысы келген романтиктер.

Дагы бир мурдагы согушкер Би-Би-Сиге алардын эч кандай жүрүм-турум чеги жок экенин айтып берген. Эгерде туткунга түшкөн кишиде эч кандай маалымат жок болсо, же “кул” катары иштей албаса, анда “натыйжасы белгилүү эле”.

“Орус өкмөтүнүн позициясы төмөнкүдөй болгон: алар буга кошулуп көрүшсүн. Жыйынтык кандай болорун көрөлү. Эгерде ал иштеп кетсе, аны өз кызыкчылыгыбыз үчүн пайдаланабыз. Болбой калса, ага эч кандай тиешебиз болбойт”, — дейт Орусиянын Эл аралык кеңешинде эксперт болуп иштеген Андрей Чупрыгин.

Ливиядагы он жылдан берки тополоң

Каддафинин 2011-жылы кулашы: Полковник Муаммар Каддафинин 40 жылдан ашуун убакытка созулган бийлиги "Араб жазы" деп аталган көтөрүлүштө аягына чыккан. Ал качууга аракет кылып, бирок колго түшүп калып, өлтүрүлгөн.

Өлкө бөлүнүп кетет: 2014-жылдан кийин өлкөнүн чыгышы менен батышында атаандашкан ири топтор пайда болгон.

2019-жылдын апрелинде Триполиге бастырып кирүү: Чыгыштагы күчтөрдүн башчысы, генерал Хафтар Триполини жана БУУ колдогон өкмөттү басып алат. БУУнун курал-жаракка эмбарго киргизгенине карабастан, эки тарап тең аймактагы ар башка күчтөрдүн аскердик жана дипломатиялык колдоосуна ээ болушат.

2020-жылдын октябрында ок атышууну токтотуу: Кийин 2021-жылдын башында бириккен жаңы өкмөт тандалып, өлкөдө декабрда шайлоо өткөрүүгө убада беришкен. Чет элдик согушкерлер жана жалданма аскерлер өлкөдөн чыгып кетиши керек болчу, бирок миңдеген жоокерлер кала берген. (EA)