"Эки жаатка бөлүнгөн эл, тереңдеген саясий кризис": Ливиядагы көтөрүлүшкө он жыл

Мындан толук он жыл мурун Ливияда Муаммар Каддафиге каршы эл көтөрүлүп, бир нече айдан кийин бийлик кулатылып, кан төгүлгөн. 17-февралды өлкө "Каардын күнү" катары белгилейт.

Ливиядагы жарандык согуш ошондон бери токтобой жатат. Муаммар Каддафи бийликтен сүрүлгөндөн кийин Ливия чачыранды болуп кетти. Өлкөдө бир нече аскерлешкен топтор аракеттенүүдө. 2011-жылдан бери Ливияда күчтүү борбордук бийлик жок. Иш жүзүндө өлкө экиге бөлүнүп калды. Бир тарабында БУУ тарабынан таанылган өкмөттүн башындагы Файез Сарраждын Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтү, экинчи тарабында улуттук армиянын кол башчысы Халиф Хафтарга таянган күчтөр. Ливиядагы куралдуу жаңжал пандемия маалында дагы токтогон жок.

2019-жылдын апрель айында Хафтардын күчтөрү Триполиге чабуул койгон. Бирок баш калааны басып алууга күчү жеткен эмес. Алар өлкөдөгү үчүнчү ири шаар жана маанилүү порт калаасы саналган Сиртти басып алышкан эле.

Ошондон кийин каршылашкан тараптар убактылуу жарашуу тууралуу келишимге келген. Бирок келишимди бузду деп, бири-бирин күнөөлөп келе жатышат. Көпчүлүк эксперттер Ливиядагы жаңжал сырткы күчтөрдүн тирешине айланып кеткенин белгилеп жүрөт.

2020-жылдын октябрында талаптар ок атышпоо келишимине жетти. Февралда өлкөдө Абдель Хамид Дбейба жетектеген өткөөл учурдагы өкмөт түзүлдү.

Өлкөнү 42 жыл башкарган Муаммара Каддафинин бийлиги кулатылгандан кийинки саясий кризистин чечилишин ливиялыктар дагы деле күтүп келүүдө. Ливияда калктын көпчүлүгү жакыр жашайт. Шаарларда электр энергиясы тынымсыз өчүп турат. Бир учурда улуттук экономиканын негизги тармагы болгон мунай өндүрүшүнө чоң зыян келтирилген. Газ жана мунайга бай өлкө жарандарына билим бере албай, саламаттыгына көңүл бура албай калды. Эң жаманы коопсуздугун сактай албай жатат.Согуш өлкөдөгү ооруканалардын көбүн талкалады. Өлкө батышындагы 200 миң чамалуу тургун качкынга айланды дейт Human Rights Watch эксперттери. Ливия 2011-жылдан тарта ээнбаштык, мыйзамсыздык өкүм сүргөн жерге айланды. Каршылашкан тараптар жарандардын укугун бузуп жатат.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомдук сайттардын колдонуучулары жаатташып айтышып, элдешкис тараптардын куралына айланып, пропагандасына азгырылган.