Би-Би-Си Бишкектеги бюрого менеджер издейт

Би-Би-Синин логотиби

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си Бишкектеги бюронун кеңсе иштерин жетектей турган менеджердин кызмат ордуна сынак жарыялады.

Эгер сиз уюштуруу, башкаруу иштеринде тажрыйбалуу жана кесипкөй болсоңуз, дүйнөлүк алдыңкы медиада иштөө үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

Бюро менеджеринин милдеттери:

Бюродогу камсыздоо жана административдик иштерди уюштуруу, эсеп-кысап иштерин жүргүзүү, мамлекеттик органдар жана өнөктөштөр менен кызматташуу, кадр маселелери боюнча иш алып баруу жана башка.

Коюлган негизги талаптар:

  • Административдик башкаруу боюнча тажрыйба;
  • Каржы жана эсеп-кысап жүргүзүү боюнча тажрыйба;
  • Көп тараптуу байланыштарды жүргүзө билүү жөндөмү;
  • Кыргыз жана англис тилдерин жогорку деңгээлде билүү жана башка.

Медианын ишин уюштуруудагы тажрыйбасы бар талапкерге артыкчылык берилет, бирок бул милдеттүү талап эмес.

Документтер 10-апрелге чейин кабыл алынат.

Негизги милдеттер жана талаптар тууралуу бул шилтеме аркылуу толук маалымат алыңыз.

Суроолор боюнча [email protected] дарегине жазыңыз.