Кант диабети: пайда болушу, алдын алуу жана тамактануу

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

2023-жылы кант диабети менен ооругандардын саны 84 миңге жетти

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2023-жылы кант диабети менен ооругандардын саны 84 миңге жетти

14-ноябрь кант диабети менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күн диабетке каршы күрөшүүдө глобалдык маселелерге көңүл бурдуруу үчүн жыл сайын белгиленет. Дүйнөдө бул илдетке чалдыккандардын саны өсүүдө. Анын олуттуу кесепеттерин эске алганда түйшөлө турган маселенин бири. Кант диабети адамдын жүрөк, бөйрөк, жана нерв системасына чоң зыян келтирип, жашоо сапатын начарлатат.

Би-Би-Си Эндокринология борборунун башкы дарыгеринин орун басары Кайыргүл Жоошбаева менен маек курду.

Кайыргүл Жоошбаева: Диабет дүйнө жүзү боюнча кеңири тараган жугуштуу эмес оорулардын бири. Кыргызстанда 2021-жылы кант диабетине чалдыккандардын саны 74 миң киши болсо 2022-жылы 78 миңге, 2023-жылы 84 миңге жетти. Ошол эле учурда дартын билбей жүргөндөр канча? Аларды кошкондо Кыргызстанда 200 миңге жакын кант диабети менен жабыркаган адам жашайт деп божомолдоого болот.

Мындай көрсөткүч дүйнөдө дагы өсүп жатат. 2021-жылы диабет менен ооругандардын саны дүйнөдө 537 миллион кишиге жеткен. 2030-жылы бул сан 643 миллион кишиге жетет деген божомол бар.

Би-Би-Си: Эң негизги себеби кайсылар?

Кайыргүл Жоошбаева: Кант диабетинин негизги себептеринин бири бул кыймылдын аздыгы. Көп учурда жашоо образынын пассивдүүлүгү, ашыкча салмак жана туура эмес тамактануу оорунун өнүгүшүнө шарт түзөт. Майлуу, калориялуу тамак-ашты көп колдонуу илдетке өбөлгө түзөт. Буга кошумча, экологиялык жана генетикалык факторлор дагы бар. Кант диабети тукум куучулук мүнөзгө ээ. Эгер үй-бүлөдө диабетке чалдыккан киши болсо, анын балдарынын дагы илдетке кабылуу тобокели жогору болот.

Биринчи кезекте, мурдагыга караганда көбүрөөк суусап, бат-бат заара кылып баштайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си: Илдетин билбей жүргөндөр тууралуу сөз болду. Мүмкүн болушунча эрте аныктоо үчүн көңүл бура турган симптомдору барбы?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кайыргүл Жоошбаева: Адамдын күнүмдүк жашоосунда өзгөрүүлөр боло баштайт. Биринчи кезекте, мурдагыга караганда көбүрөөк суусап, бат-бат заара кыла баштайт. Арыктайт, шалдырап, алы кетет. Көзүнүн көрүүсү дагы начарлап, денедеги жаралардын айыгуусу жайлайт. Кээ бир учурда дене кычышат. Ушундай белгилер пайда болгон учурда, сөзсүз түрдө үй-бүлөлүк медициналык борборго барып, кандагы канттын деңгээлин текшертүү керек.

Кыргызстандын үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда кандагы кант деңгээлин аныктоо акысыз. Бирок тилекке каршы, бул белгилер дайыма боло бербейт. Көп учурда диабет менен жаңы катталган оорулуулардын 50 пайызга жакыны дарты өтүшүп кеткен кездерде гана келет. Ошондуктан доктур катары кимде коркунуч факторлору жогору болсо, аларды жылына бир жолу сөзсүз түрдө кандагы канттын деңгээлин текшерип турууга чакырам.

Бул топко кимдер кирет? Тукумунда бирөө-жарым бул оору менен ооруган болсо же ашыкча салмак жана семиздиктен жапа чегип жүргөндөр, артериялык кан басымы жогору болгон адамдар.

Аял киши салмагы 4,5 килограммдан ашык бала төрөгөн болсо, бул эне үчүн да, бала үчүн да коркунучтуу фактор болуп саналат. Аял кош бойлуу учурда кандагы канттын деңгээли жогорулап, төрөгөн соң кайра калыбына келип калса да, келечекте кант диабети менен ооруп калуу ыктымалдуулугу бар.

Жаш курак да маанилүү фактор. 40 жаштан өткөндөн кийин диабетке чалдыгуу коркунучу жогорулайт. Кандагы майлуулуктун (холестериндин) жогору болушу бул ооруга алып келиши мүмкүн. Эгер кандагы канттын деңгээли бузула баштаганы эрте аныкталса, диабетке жеткирбей алдын алып калса болот. Адам жогоруда санап өткөн симптомдордун бирин байкаса, анда жылына жок дегенде бир жолу кандагы канттын деңгээлин текшертип коюшу керек. Бул диабетти эрте аныктоого жана анын өнүгүүсүнө каршы күрөшүүгө жардам берет.

 Биринчи тип жалпы ооругандардын 8-10 пайызын түзөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си: Кант диабетинин өтүшүп кетүүсү кандай оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн?

Кайыргүл Жоошбаева: Кант диабети менен адам жашай берет, бирок бул үчүн канттын деңгээлин көзөмөлдөө, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк жана дарыгердин көзөмөлүндө болуу зарыл. Мындай шартта диабет менен көп жылдар бою жашаса болот. Диабет өтүшүп кеткенде көздүн көрүүсү начарлайт, бөйрөктүн иштөөсү бузулат. Ошондой эле диабет инсультка, инфарктка жана кан тамырлардын бузулуусуна алып келет.

Кант диабетин биринчи жана экинчи тип деп бөлүп коебуз. Биринчи тип жалпы ооругандардын 8-10 пайызын түзөт. Бул түр кичине балдарда, өспүрүмдөрдө жана 30 жашка чейинкилерде көбүрөөк кездешет.

Адамдын уйку бези инсулин гармонун бөлүп чыгарат. Ал биз жеген тамактагы углеводдорду жөнгө салуучу гармон болуп эсептелет. Биринчи тип - уйку без функциясын жоготуп, инсулин бөлүп чыгарбай калат. Ошон үчүн биринчи типтеги диабет менен ооругандар өмүр бою инсулин сайдырууга муктаж болушат жана бул илдетти алдын алуу мүмкүн эмес. Себеби ал аутоиммундук процесстин натыйжасында пайда болот.

Экинчи типтеги диабет болсо көбүнчө 30 жаштан жогоркуларда кездешет. Бул учурда инсулин жетиштүү деңгээлде болгону менен, дене ткандары инсулинге болгон сезгичтигин жоготуп, кандагы канттын деңгээли көтөрүлө баштайт. Экинчи типтеги диабетке чалдыккандар инсулин сайдырбайт. Бирок таблетка ичип, туура тамактанып, физикалык активдүүлүктү арттыруу аркылуу өз абалын көзөмөлдөсө болот. Тилекке каршы, соңку мезгилде экинчи типтеги диабет жаштар жана балдар арасында да кездеше баштады. Бул көбүнчө ашыкча салмак жана семирүүгө байланыштуу. Себеби балдар майлуу жана зыяндуу азыктарды көп колдонуп жатат.

Азыр бул ооруга карата көз караш өзгөрдү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си: Диабет менен жабыркагандар үчүн кандай тамактар сунуш кылынат жана кайсыларды чектөө керек?

Кайыргүл Жоошбаева: Мурда диабет менен ооруган адамдарга гречка же чөп-чар сыяктуу жеңил азыктарды гана сунуштачубуз. Азыр бул ооруга карата көз караш өзгөрдү. Азыркы изилдөөлөргө ылайык, диабет менен жабыркаган адамдар азык-түлүктөрдүн баардык түрүн жесе болот, бирок өлчөмүн жана калориялуулугун көзөмөлдөө өтө маанилүү.

Диабет менен жашагандар үчүн негизги талап – тез сиңүүчү углеводдорду, атап айтканда, таттууларды, таттуу суусундуктарды жана башка кумшекерге бай азыктарды толук чектөөсү керек.

Булар кандагы канттын деңгээлин тез көтөрүп жибериши мүмкүн. Анын ордуна, жашылча-жемиштерди ченеми менен колдонуу сунушталат. Бул азыктарда деле углевод бар, бирок канга жайыраак сиңет.