Изилдөө: тамеки чеккендер чекпегендерди да уулантат, оорууларын козгойт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча тамеки чеккендердин саны азайганы менен көйгөй дагы деле көп. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарыялаган баяндамада айтылат. Кыргызстандын мисалына дагы токтолобуз, адегенде дүйнөлүк баяндаманы талдайлы.
ДСУнун буга чейинки маалыматтарында, чылым чегүү эрте өлүмгө алып келет. Тамеки чеккендердин арасынан дүйнөдө жылына алты миллиондой адам өлөт. Чекпей, бирок тамекинин түтүнүнүн айынан жылына 900 миңдей киши өлөт деген. Бул 2018-2019-жылдардагы маалымат. Уюмдугн жаңы маалыматында тамеки чеккендердин кесепетинен каза тапкандардын саны мындан көп.
Илимий изилдөөлөр, айныксыз далилдер чыкканга чейинки "чылым пайдалуу" деген жаңылыш көз караш, бурмаланган маалымат тамеки чеккендердин санын арбыткан. Натыйжада суроо-талап тамеки өндүрүшүн күчөткөн. Тамекинин пайдасы бар деген божомолго караганда анын зыяны көп, өлүмгө жеткирет деген илимий тыянактар абдан көп.

Сүрөттүн булагы, PA
ДСУ 2000-жылдан бери тамеки чегүүнүн динамикасына көз салып келет.
Эгерде кылым башында дүйнөдө ар бир үчүнчү киши тамеки чексе, 2020-жылы бул көрсөткүч ар бир бешинчи киши болуп өзгөргөн, деп айтылат баяндамада.
ДСУнун маалыматы боюнча, 150 өлкө чылым чеккендердин санын ийгиликтүү азайтууда. Мисалы: 2010-жылдан бери Бразилияда тамеки чеккендердин саны 35%га азайса, Нидерланды 30%га азайтуунун камын көрүүдө.
Дүйнө жүзү боюнча учурда 1,25 миллиарддан ашык киши тамеки чегет.
Көпчүлүк өлкөлөрдө тамеки тартуунун деңгээли төмөндөп жатканы менен, ДСУ чылымдын арты менен катталган өлүмдөр кийинки жылга чейин жогору бойдон каларын айтууда.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ДСУнун статистикасына ылайык, жыл сайын чылым чеккендерден сегиз миллиондой, өзү тамеки чекпей туруп эле чеккендердин кесепетинен 1,3 миллиондой киши каза табууда.
“Акыркы жылдары тамеки тарткандарга каршы күрөшүү оң жыйынтыктарды көрсөтүүдө, бирок ушуну менен бүттү деп отуруп калууга али эрте. Себеби биз көрүп жатабыз, эгерде өкмөт тамекиге каршы күрөшүүдө биз жеңдик дей турган болсо, анда тамеки өнөр жайы бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, саясатты манипуляциялап өз ишин өнүктүрүшү мүмкүн. Андыктан тамекиге каршы күрөштү токтотпошубуз керек”,- деди ДСУнун ден соолукту чыңдоо департаментинин директору Рюдигер Креч.
ДСУнун маалыматы боюнча, учурда тамекини эң көп керектеген Түштүк-Чыгыш Азия (калктын 26,5%). Экинчи орунда Европа континенти турат (калктын 25,3%).
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун божомолу боюнча, 2030-жылы тамеки чегүү боюнча дүйнөдө Европа континенти биринчи орунга чыгышы мүмкүн.
ДСУ белгилегендей, Европа аймагындагы айымдардын тамеки чегүүсү орточо көрсөткүчтөн эки эсе көп, башка аймактардагы өзгөрүүлөргө салыштырмалуу көрсөткүч бир топ жай төмөндөп жатат.
Кээ бир өлкөлөрдө кырдаал 2010-жылдан бери анча деле өзгөргөн жок. Бирок Конго, Енипет, Индонезия, Оман жана Молдова мамлекеттеринде чылым чеккендердин саны өсүп жатканы байкалууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда абал кандай?
Дүйнөлүк Саламаттык уюмунун 2016-2017- жылдардагы иликтөөлөрүнүн жыйынтыгына караганда, Кыргызстанда тамеки чеккендердин саны 425 миңден ашкан. Өлкөдө барган сайын эркектер арасында тамекиге карата көз карандуулук өсүп жатканы белгиленген.
Чылымдын зыянын айткан менен тилекке каршы жөнөкөй адамдар эле эмес, дарыгерлердин өздөрү да тамеки тарткан мисалдар арбын кездешет. Кезинде пульмонолог Талант Сооронбаев ишке алып жаткан учурда чылым чеккендерди албоого аракет кылаарын айткан эле. Сооронбаев эгер эмчек эмизген энелердин арасында чылым чеккендер болсо алар тамекинин зыянын өздөрү эле тартпай, акырындап ымыркайын ууланткандай эле болот деп кошумчалаган.

Чылымды тыюунун бирден бир ыкмасы катары ага карата салыкты жогорулатып, сатыла турган баасын дагы жогорулатуу дегендер бар. Соңку жылдары тамекинин кутусунда чылымдын зыянын тарткан өпкө, жүрөк, боор сыякту уоргандардын сүрөтүн басып чыгарууда. Дарыгерлер бул аркылуу мурунтан чылым чеккекндерди токтотууга мүмкүн болбосо дагы, жаштарды андан оолак кармоого өбөлгө түзүлөт дешет.
Чылым чегесизби? Чексеңиз аптасына канча акча коротосуз? Бир жылдагы акчалай зыянын эсептеп көргөнсүзбү?









