Пекин: тамеки чеккендер жазаланат

Учурда Кытай тамеки колдонуу жагынан да лидер өлкөлөрдүн бири

Сүрөттүн булагы, Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Учурда Кытай тамеки колдонуу жагынан да лидер өлкөлөрдүн бири

Пекиндиктер эми коомдук жайларда тамеки тарта алышпайт. Мындай эреже иштеп баштагандан кийин миңдей инспектор чеккендерди көзөмөлгө алып баштады.

Мыйзамга баш ийбегендерге ири суммада айып пул салынат. Оорукана жана мектептин жанында тамеки тарткандар колго түшсө, 32 доллар (1,6 доллар) төлөшөт.

Учурда Кытай тамеки колдонуу жагынан да лидер өлкөлөрдүн бири. Бул мамлекетте 300 миллионго жакын киши тамеки тартат.

Байкоочулардын баамында, бийликтин мындай жаңы эрежесин сындагандар көп болууда.