Наркотик: дарбызга каткан миллиондор. Кыргызстандык айдоочу нашаа ташыдыбы же садага чабылдыбы?

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Дарбызга катылган 2.5 миллион $ бангизаттын чыныгы ээси ким деген суроо турат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дарбызга катылган 2.5 миллион $ бангизаттын чыныгы ээси ким деген суроо турат

Казакстандын укук коргоо органдары Кыргызстандан чыгып, Орусияга ташылып бара жаткан дарбыздардын ичинен баңгизат тапты деген кабар тарады. Ал тургай анын баасы канча экенин, аны бөлө келгенде канча нашакорго жете турганын дагы эсептеген. Бул тууралуу биринчилерден болуп Казакстандын ички иштер министрлиги расмий жазып, андан соң казакстандык медиага кабар тарады.

Андагы маалыматка караганда, Казакстандын Павлодар – Омск автожолунда дарбыз ташып бараткан Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа чиркегичи менен текшерүүгө алынган. Дарбыздар Орусияга жеткирилмек.

"Ошол унаадагы дарбыздардын арасынан 21 полиэтилен брикети табылган. Алар героин болуп чыккан, жалпы салмагы 59 кг, мындан сырткары 10 кг гашиш чыккан. Жүктү ташып бара жаткан элүү төрт жаштагы киши Кыргызстандын жараны",- дейт Казакстандын ички иштер министрлиги.

  • Баңгизат - Кыргызстанда дагы тыюу салынган, кесепети оор деп эсептелинген уулуу зат.
Баңгизатка каршы күрөш токтобойт. Бирок аны ташыгандар ойго келбеген миң түркүн айла-амалдарды колдонот

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баңгизатка каршы күрөш токтобойт. Бирок аны ташыгандар ойго келбеген миң түркүн айла-амалдарды колдонот

Мыйзам боюнча катаал жаза каралат

Бул боюнча сотко чейинки териштирүү иши башталды. Күнөөсү аныкталса, мүлкү конфискацияланып, жыйырма жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бул маңзаттын көмүскө базардагы баасы 2,5 миллион доллардан ашат деп эсептешкен.

Эгерде чындап эле маалыматта көрсөтүлгөндөй болсо, анда тыюу салынган заттар Кыргызстандан кантип ошол жакка чейин жетти деген суроо туулат. Айрымдары чындап эле маңзат Кыргызстандан ташылып бара жатканбы же жолдон эле кошулганбы деп суроо салууда. Мындан сырткары бул кармоо кайсы учурда болуп жатканы да абдан маанилүү дейт.

Дыйкандар жыйым-теримин баштап, эми чет жактарга жакшылап сатып алсак деп турган чак. Бул маселенин аларга дагы кесепети тийбейт болду бекен деген беймаза суроо пайда болду. Себеби Кыргызстанда мөмө-жемишти кайра иштетүү толугу менен чечиле элек болгон соң түшүмдү ошол бойдон сактап туруу мүмкүн эмес.

Би-Би-Си чуулуу ишти дагы бир ирет тактоо үчүн Казакстандын ИИМне кайрылды. Алар маалыматты расмий дагы жарыялашканын, аныктоо, тактоо боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлгөнүн жүйөө келтирип, жазуу жүзүндө жообун жана видео тасмасын да жолдошту.

Баңгизат ташыгандар кофенин данына кокаин катышкан. Италиянын аба майданында аныкталган кылмыш
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баңгизат ташыгандар кофенин данына кокаин катышкан. Италиянын аба майданында аныкталган кылмыш

Кыргызстан марттан бери тонналап дарбыз саткан

Маселе түшүнүктүү болушу үчүн ирети менен чечмелейли. Кыргызстанда өстүрүлгөн мөмө-жемиш, жашылчанын баары чет жакка сатылаарда атайын уруксат кагазы даярдалат. Андай документти Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинен алышат.

Дарбыз тууралуу статистикага дагы токтололу. Кыргызстан март айынан бери 3536 тонна дарбыз экспорттоптур. Анын ичинен Орусияга 3242 тонна, Монголияга 4,4 тонна, Казакстанга 289 тонна кетиптир.

Окумуштуулар Англиянын чыгышындагы суулардан кармалган креветкаларды изилдеген учурда (2019-жыл) алардан кокаин табылган

Сүрөттүн булагы, KING'S COLLEGE LONDON

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окумуштуулар Англиянын чыгышындагы суулардан кармалган креветкаларды изилдеген учурда (2019-жыл) алардан кокаин табылган

Өсүмдүктөргө жооптуу мекеме эмне дейт?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Аталган департаментке чуу жараткан дарбыздар тууралуу кабары барбы деген суроо менен кайрылдык.

"Айыл чарба продукциясы үчүн түзүлгөн атайын тизме бар. Биз ошол тизменин негизинде иштейбиз. Анда кайсы айыл чарба продукциясына биз фитосанитардык сертификатты берүүгө укуктуу экендигибиз каралган. Ошол тизмеде дарбыз да бар. Фитосанитардык сертификат эмнеге берилет? Ошол айыл чарба азыгында карантиндик зыяндуу заттар жок дегенди тастыктоочу документ болот.

Ар бир айыл чарба продукциясынын өзүнө тиешелүү зыяндуу организмдери бар. Мисалы, картошкада картошканын алтын түстүү зыянкечи, сары чырмоок сыяктуу зыяндуу заттар болбошу керек. Дарбызда деле өзүнө тиешелүү чыгыш мөмө жегичи, Колифорния калканчасы жана башка көп зыяндуу организмдер бар. Биз 2015-жылы ЕАЭБге киргенде, Казакстан менен болгон чек арадагы фитосанитардык көзөмөл алынган. Азыр бизде ар бир облуста башкармалыктар бар. Ошол башкармалыктарга өтүнмө (заявка) жазышат. Ошонун негизинде биздин адистер тиешелүү жерине барат. Кайсы жактан дарбыз чогултулду, эмнеге жүктөлдү, чындап дарбызбы деген суроолорго жооп алып, ошол жерге барып тастыктайт. Эгерде күмөн санаса, дарбыздын кабыгынан морфологиялык өзгөрүүлөрдү, зыяндуу организмдерди байкаса, өңү саргайып баратканын көрсө, үлгүсүн алып аны лабораторияга тапшырат. Ал жактан кайсы зыяндуу организм бар экендигин аныктап берет. Болгону эле ошол. Аткезчилик деген бар, мүмкүн ал ошондой жол менен чыгарып бара жаткандыр. Ошол себептен эч кандай документи жок, же жасалма документ болушу да ыктымал. Балким, документтери күмөн жаратып, текшере келгенде аныкталышы мүмкүн.

Кимдир бирөөнүн фитосанитардык сертификатын тастыктоо жөнүндө бизге расмий кат келсе, биз дароо киришебиз. Азырынча бизге андай кайрылуу келген жок. Кыргызстандын Чек ара кызматынан дагы текшерүүдөн өтүш керек да, ошол жерден кантип өтүп кетти деген суроолор турат",- дейт департаменттин директорунун орун басары Марат Асыпбеков.

Түшүмүн эми сатайын деп турган дыйкандарга кесепети тийбейби?
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түшүмүн эми сатайын деп турган дыйкандарга кесепети тийбейби?

Кыргызстандын баңгизатка каршы күрөшүү кызматы эмне дейт?

Эгерде ушунча көлөмдөгү баңгизат Кыргызстандан Орусияга ташылып бара жатса, баңгизаттарга каршы күрөшө турган кызмат кайда карап отурган деген сындар да жок эмес. Аталган мекеме Казакстанда кармалган маңзат боюнча маалыматты билгенден тарта эле текшерүү, тактоо иштерин баштаганын Би-Би-Сиге билдирди:

"Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматы тынымсыз иш жүргүзүп жатат. Соңку алты айды алсак, укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, реестрге бардыгы болуп баңгизаттарга байланыштуу 783 кылмыш катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул айдагы көрсөткүчүнө салыштырганда 24 фактыга көп дегенди түшүндүрөт. 6095 килограмм (6 тонна 95 килограмм 621 грамм) маңзат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Бул көлөмү жагынан дагы былтыркыга салыштырмалуу көп. Биз Казакстанда ушундай окуя болгону тууралуу уккан соң дароо эле бул ишти текшерүүгө киришкенбиз. Тийиштүү иштер жүрүп, Казакстандагы компетенттүү органдары менен биргелешкен иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жакында кошумча маалымат беребиз",- деди Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Алмаз Темишов.

Дарыланууну күтүп жаткан нашакорлор. Афганистан

Сүрөттүн булагы, Anadolu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дарыланууну күтүп жаткан нашакорлор. Афганистан

Ашказанынан баштап, ымыркайдын ичине чейин нашаа каткан шылуундар

Курулуш материалдарына, мөмө-жемишке, тиричилик каражаттарына баңгизат катып, Кыргызстандан сырткары алып чыгуу аракеттери мурун да аныкталган.

Баңгизат маселеси бир эле Кыргызстан эмес, бардык эле өлкөнүн баш оорусу болуп келе жатат. Ошондон улам сатылышына, ташылышына каршы текшерүүлөр кайда болбосун жүргүзүлөт. Бирок ошого карабай "кардарынын" колуна жетип жаткан баңгизаттардан улам көзөмөл чабалбы же аны ташып, саткандар өтө эле айлакерби деп келишет. Чынында укмуштуудай ыкмалар менен баңгизат ташып колго түшкөндөр тууралуу маалымат маал-маалы менен чыгып турат. Ушул жылы эле "Манас" аба майданында текшерүү учурунда баңгизаттарды ашказанына чейин жашырган жаран кармалганы буга анык далил. Бул сыяктуу фактылар ондоп саналат.

Жүк ташууга кедергиси тийбейби?

Ошентсе дагы Казакстанда Кыргызстандан ташылган дарбыздан баңгизат табылды деген кабар соодагерлерди, жүк ташуучуларды ойго салып турган чак.

"Негизи баңгизат менен алектенгендер жыл бою эле тынымсыз ар кандай жолдор менен ташып жүрүшсө керек. Бирок эмнегедир бул жылы дагы, башка жылдары деле болжолдуу ушул мезгилдерде Кыргызстандан ташылган маңзат Казакстандан табылып калганы ойлондурат. Эки-үч жыл мурун дагы пияздын ичинен табылды деп казак тарап көзөмөлдү күчөттү эле. Бул окуя дагы ошондой болбойбу деген ойго түртөт. Эми сугаттын убактысы да аяктады, сууну жаап коёлу деген маселе болбойт. "Перевозчиктер маңзат ташыптыр" дегенден улам эми бир, эки аптанын ичинде көзөмөл күчөп, жүк ташуу кайра кыйындайт деп боолголоп жатам. Байкап туралы. Негизи апрелден августка чейин жүк ташуу шыдыр жүрөт дагы, августта ушундай көрүнүштөр башталат. Маңзат буга чейин деле кармалып жаткандыр, бирок ушул мезгилдерде ал жөнүндө кабарлар чыгып, бул тууралуу көбүрөөк таркатылып жаткандай сезилет",- дейт ишкер Айбек Сарыгул.

Ошентип сөз болуп жаткан айдоочу ошол ишке чындап тиешеси барбы же баңгизат соодасында жөн жерден садага чабылып калдыбы дегенге азырынча так жооп да жок.