Кыргызстан селден миллиондогон зыян тартты
Кыргызстанда апрель айынан бери 236 сел болуп, андан келген зыян 170 млн сомдон ашканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүүдө.

Сүрөттүн булагы, MCHS
Өлкөнүн түштүгүндөгү кырсыктуу сел жүргөн Ноокат районунда эли апааттан кийин үй жайын баткактан тазалап, мал жандыгын түгөлдөп жатат.
Жаратылыш кырсыгы бул өрөөндөн он адамдын өмүрүн жалмады, анын төртөө Казакстандын жарандары. Булар баары бир үй-бүлөдөн экени ого бетер кейиштүү: Россиядан кайтып келген орто жаштардагы эне үч баласы, небереси, казакстандык жээндери баары бир машинага түшүп, жайлоого барып кайтып келатканда селге кабылышкан.
Адам өмүрү баарынан кымбат, аны эч ким эч бир нерсе менен толтуруп бере албасы анык.
Өкмөт жарандардын материалдык зыянын толугу менен калыбына келтирип береби, азырынча белгисиз. Акылбек Жапаров селден жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн билдирген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдындагы Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы зыян толук эсептелинип чыкмайын, ашыкча комментарий бербей турарын билдирүүдө.

Сүрөттүн булагы, MCHS
Сел 125 турак үйдү каптады
Ноокатта сел 125 турак үйдү каптаган, анын экөөсү гана камсыздандыруудан өткөн деп айтылды.
Апшыр-Ата айылынын 54 жаштагы тургуну Аныйпа Мамазиаеванын үйү алардын бири. Жалгыз бой аял азыр селден кийин улам бир оокатын ар кайсы жерден таап, түгөлдөп жатат. Ал бул үйдү мугалимдин айлыгы, жолдошунун такси кызматында иштеп тапкан акчасына жылдап салышкан.

“Алгач 2013-жылы эки бөлмөсүн бүтүрүп киргенбиз. Жолдошум ушул эле айылда такси кызматын көрсөтүп, акча тапчу. Мен мугалим болуп иштейм. Ушул жумуштарыбыздын тапкан акчасына эле салганбыз үйдү. Азыр үйдүн ичи дагы деле кургай элек. Өзүм туугандардыкына түнөп жатам. Күндүзү идиш аягымды баткактан тазалап, оокаттарымдын бирден издеп жүрөм”.
Жолдошу кийин каза болуп калгандан кийин үйдүн түйшүгү жалгыз өзүнө түшкөн. Сел мындан эки жыл мурун дагы келип, короо жай, огородун алып кетип, бактыга жараша үйгө кирген эмес. Ошол үчүнбү, айтор бул ирет селдин күркүрөгөн үнүн алыстан таанып, үйдөн качып чыгууга үлгүрүшкөн.

Сүрөттүн булагы, MCHS
“Биз балам экөөбүз бактан гилас терип жатканбыз. Анан тоодон катуу шамал келди дагы, анын артынан күркүрөгөн үн угулганда эле сел экенин түшүндүм. Ашкананын эшигин жаап алып эле, өйдөнү көздөй жүгүрүп чыктык. Аябай катуу, айбаттуу келди бул жолу”.
Кайраттуу айым үйдү сел алганына деле кайыл болуп баласы, неберелеринин аман калганына шүгүр келтирип олтурат.

Сүрөттүн булагы, MCHS
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үйдүн абалын көрүп, баарын сүрөт, видеого тартып кетишкен. Толук зыяны азыр так эсептелине элек.
Аныйпа айым сыяктуу селден кийинки стресстен чыга албай турган үй бүлөлөр ондоп саналат. Айрымдары алтын башы аман калганына сүйүнүп отурса, кай бирлери акыркы мал жандыгынан айрылганына түпөйүл болуп турган чактары.
2017-жылга чейин кооптонуу жараткан үйлөргө ӨКМ тарабынан 50 миң сомго чейин кайтарымсыз, 200 миң сомго чейин кайтарымдуу түрдө акча бөлүнүп берилчү. Камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алынгандан тартып, бюджеттен бул каржылоо дагы токтотулган.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 1 млн 229 миңден ашуун турак-жайдын он пайызга жакыны гана камсыздандырылган.
Климаттык өзгөрүш
Азыр Ноокатта өзгөчө кырдаал режими дагы деле күчүндө турат. Келтирилген зыяндын толук көлөмү дагы деле эсептелинип бүтө элек.
Быйыл сел жылдагыдан алда канча көп катталып жатканынын негизги себеби – климаттын кескин өзгөрүп, жаан чачындын көп болушу менен байланыштуу болуп жатканын адистер айтууда. Мурда бул аймактарда жаан мынчалык көлөмдө жааган эмес дешет.
Ошондой эле айыл-аймактар кеңейип, тыюу салынган жерлерге турак үйлөрдүн курулуп жатышы дагы буга зыяндын көбөйүшүнө алып келүүдө.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Сел өтүүчү жайлардын сыйымдуулугу азайган. Анын бирден бир себеби эки жагындагы үйлөр сел өтүүчү сайлардын ичине чейин тосуп калган жерлер болгон. Сел өтүүчү сайлар огород болуп калып, алар тазаланбай, сыйымдуулугу азайып, ошонун негизинде үйлөрдү каптаган учурлар болуп жатат”, - деп билдирди ӨКМдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов.
Ноокатта айылдыктар ары-бери каттаган негизги жолдогу алты, чарбалык жолдогу беш көпүрө толугу менен агып кеткен. Андан башка жеке жарандардын дагы алты көпүрөсү толугу менен талкаланган.
Коомчулукта Апшыр-Ата менен Чили-Сайдагы чоң көпүрөлөр убагында туура эмес салынгандыктан, сел үйлөрдү каптаган деген сын-пикирлер айтылууда. Муну ӨКМ дагы четке каккан жок. Мындан улам жаратылыш кубулушунан сырткары, селдин масштабдуу көлөмүнө адам фактору дагы таасир эткенин түшүнүүгө болот.
Даурбек Сакыев, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жетекчиси:
“Селди көп факторлуу процесс деп атайбыз. Көп факторлуу дегеним климаттык фактор бар, метерологиялык фактор бар. Метеорологиялык фактор – бул жаан-чачындын көптүгү. Мындан сырткары гидрологиялык, гидрогеологиялык факторлор бар. Жер кыртышынын түзүлүшү, морфологиясы. Ошонун бардыгы себеп болот да. Акыркы учурда катталып жаткан селдин көбү жалгыз гана жаан чачындын көлөмү менен эмес, адам баласынын дагы салымы бар. Мисалы, жайыттардын деградациясы. Өсүмдүктөрдүн тамыры жок болуп кетип, жайыттардын тоо-этектериндеги жаан-чачынды сиңирип алуу мүнөзү азаят дагы селди пайда кылат”.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаан чачын көбөйүп, сел жана башка жаратылыш кырсыктары болушу ыктымал деген эскертүүлөрдү улам кайталап берип жатат.












