Казыяттагы каржыдан чыккан чуу. Санагын тактоого санарип керекпи?

Мечит

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жакында Ош шаардык казыятынын жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз акча жыйноого шектелип кармалды. Бул окуя диний түзүмдөрдөгү каржылык ачык-айкындуулук жана коомдук ишеним маселесин дагы бир жолу козгоду. Кыргызстандын диний мекемелеринде финансыга байланыштуу чыр-чатактар жана шектүү көрүнүштөр буга чейин дагы катталган учурлар болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ош шаардык казыятынын жооптуу кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө жүргүзүлүп келген мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлганын маалымдады.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө ылайык, өлкө аймагында диний чөйрөдө нааразылык жараткан, мусулман коомчулугу ичиндеги ынтымак жана биримдикке терс таасирин тийгизген бир катар фактылар тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.

"Ош шаардык казыятынын айрым кызматкерлери мечиттер жана медреселердин кызматкерлеринен акча каражаттарын мыйзамсыз негизде системалуу түрдө чогултуп келген. Алардын мындай аракеттери өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө эле эмес, жалпы мамлекеттик бийликке карата коомдук нааразылыкты пайда кылды. Бул фактылар боюнча жергиликтүү мечиттер менен медреселердин өкүлдөрү тарабынан расмий арыздар келип түшкөн. Аталган материалдардын негизинде Ош шаардык казыятынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Атайын ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүп, алынган маалыматтар тастыкталган",- деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош шаардык сотунун чечими менен казыяттын төрт кызматкеринин үйүндө жана иш бөлмөлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, айрым далилдер алынган.

Шектүү катары кармалган кызматкерлер убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат.

Ош шаардык сотунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, шектүүлөрдүн биринин жашы жете элек балдары бар экени, ден соолугунун начардыгы жана мурда соттолбогондугу эске алынып, сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

Калган үч шектүү тергөө иштери аяктаганга чейин убактылуу кармоочу жайда калтырылды.

Маалыматта айтылгандай, кармалган төрт адамдын экөө Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча, дагы экөө "Ден соолукка оор эмес залал келтирүү" беренеси боюнча шектелип жатат.

Ал ортодо Муфтий Абдулазиз кары Закиров Ош шаарындагы жалпы имамдар менен жыйын өткөргөнү тууралуу маалымат тарады.

Жыйында Муфтий диний кызматкерлерди мамлекеттик мыйзамдарга жана Дин башкармалыгынын уставына ылайык иш алып барууга чакырды.

"Оболу Жараткандын мыйзамын так сактап, шариятка толук баш ийели. Биз мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн мамлекеттин жараны болгон соң, өз ишмердүүлүгүбүздү мисалы, финансылык иштерди тиешелүү нормативдерге ылайык жүргүзбөсөк, ниетибиз калыс, оюбуз таза болсо да, бул укуктук жактан туура эмес болуп калат",- деп белгиледи Муфтий.

Финансылык көзөмөл

Марс Ибраев

Сүрөттүн булагы, Facebook

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Болуп өткөн окуяга байланыштуу муфтият расмий маалымат тараткан жок. Бирок Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев Би-Би-Сиге мындай деди:

"Соттук териштирүү аяктап, алардын күнөөсү далилденмейинче кандайдыр бир жыйынтык айтууга азырынча эрте. Балким, алар таптакыр күнөөсүздүр. Ар бир диний кызматкер адеп-ахлактык жана каржылык жактан таза болуп, коомдо резонанс жараткан көрүнүштөргө себепчи болбошу керек. Алар коомдо өзгөчө орунга ээ болгондуктан, аны сактап калууга аракет кылышы зарыл. Бирок "кой аксагы менен миң" дегендей, мындай жагдайлар дагы болуп калат экен. Муфтият тарабынан учурда ички кызматтык иликтөө жүрүп жатат".

Айтымында, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгында финансылык көзөмөл механизмдери жетиштүү деңгээлде жөнгө салынган.

Ал белгилегендей, көпчүлүк облустук жана райондук деңгээлдеги диний мекемелерде каржылык булактар электрондоштурулган тартипте жүргүзүлө баштады.

"Ачык-айкындыкты камсыз кылган бир катар механизмдер киргизилди. Балким жетекчилик деңгээлинде мындай көрүнүштөр болуп кетиши мүмкүн, бирок мындан ары тыкыр көзөмөлгө алынып, андайга жол берилбейт деген ишенимдемин",- деп билдирди ал.

Диний мекемелерде акчага байланыштуу маселе буга чейин дагы болуп келген. Кезинде ажылык сапар уюштуруудагы каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу, муфтийге чейин шектелип, кармалган учурлар болгон.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев мындай көрүнүштөрдү адамдык фактор менен байланыштырды.

"Кандай гана системада болбосун диний болобу же башка тармактабы эң мыкты көзөмөл механизмдери болгон күндө дагы адамдык фактор кээде башкы себеп болуп калып жатат. Напсиге ээ боло албаган адамдар болот. Буга эч ким кепилдик бере албайт. Мындай нерсе дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө деле кездешет. Бирок өкүнүчтүүсү, бул сыяктуу терс көрүнүштөр диний чөйрөдө дагы катталып жатканы. Маселен, мурда ажылык сапарлардын акчалары колдон-колго өтүп турган учурлар болгон. Азыр бул система банк аркылуу жүргүзүлүп, ачык-айкындуулук камсыздалды. Азыркы окуяга келсек, балким дагы да ошол адамдык фактор себеп болгондур",- деди Ибраев.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү ушул күнгө чейин имамдар айлык маяна албай иштеп келгенин белгиледи.

"Диний мекемелердин каржылык маселеси толугу менен элдин кайрымдуулугуна, садакасына негизделген. Бирок элден түшкөн каражаттын көлөмү мечитти, анын имамын толук камсыздоого жетпейт. 90 пайыз мечиттерде бул чоң көйгөй. Учурда бул тармак бир системага салынып жатат. Куран окуп берүү, дем салуу өңдүү иш-аракеттерди айрымдар акча табуунун булагына айлантып алган учурлар дагы жок эмес. Бул жакшы эмес. Эгер адам ыраазы болуп, ыктыярдуу түрдө берсе бул башка кеп. Бирок шарыятта милдеттүү түрдө мынча сом берүү керек деген эреже жок. Жакынкы күндөн тартып гана 4 миңге жакын имамга 8000 сомдон айлык акы каралып, төлөнө баштады. Бул сумма 20 миң сомго чейин жогорулатылат деген үмүт бар. Алардын дагы башкалар сыяктуу оокат-жайы бар, үй-бүлөсүн багууга муктаж",- деди ал.

Санариптештирүү бир топ артта калган

Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адылбек уулу диний мекемелер буга чейин каржылык жагынан калыптанып калган эски системанын негизинде иш жүргүзүп келгенин айтты.

Ал учурда коомдун бул тармакка болгон ишенимин арттыруу жана ишти ачык-айкын жүргүзүү максатында Муфтият тарабынан бир катар реформалар ишке ашып жатканын кошумчалады.

Диний чөйрөдө санариптештирүү процесси бир топ артта калганын белгилеп, учурда бул багытта тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирди.

"Кыргызстан светтик мамлекет. Муфтият өз ишин жарандар берген кайрымдуулук каражаттарынын негизинде жүргүзөт. Бул мамлекеттик бюджеттен каржыланбаган тармак. Ошондуктан мамлекет алардын каражатын түз көзөмөлдөй албайт. Бирок муфтияттын ичинде борбордук текшерүү комиссиясы деген көзөмөл органы бар. Ал киреше-чыгашаларды текшерип, көзөмөл жүргүзөт. Кыргызстан укуктук мамлекет болгондуктан, баарыбыз мыйзамды сактап иш алып барууга милдеттүүбүз",- деди ал.

Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Кыргызстанда 4000дей мечит жана ошончо имам иш алып барат. Мындан тышкары ар бир облуста жана эки ири шаарда жалпы 9 казыят бар. Ошондой эле өлкөдө 160ка жакын медресе иштейт.