FIDH өкүлдөрү Кыргызстанга киргизилбей, аба бекетинен депортацияланды

"Манас" аба бекети

Сүрөттүн булагы, gettyimages

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Манас" аба бекети

12-декабрда Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын (FIDH) үч өкүлү Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунан өлкөгө киргизилбей, бир нече саат күтүүдөн кийин депортацияланды. Бул тууралуу «Бир Дүйнө Кыргызстан» документалдык фильмдер фестивалынын уюштуруу комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, FIDH уюмунун өкүлү Рафаил Лопоухин жана анын ассистенти, ошондой эле уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча департаментинин директору Илья Нузов киргизилген эмес.

«Келгенден кийин FIDH миссиясынын мүчөлөрү чек ара көзөмөлүнөн өткөрүлгөн жок. Чек ара кызматкерлеринин өкүлдөрү алардын паспорту менен кошо кирүү жарамсыз болгонунун себептери боюнча расмий да, жүйөлүү да түшүндүрмө беришкен эмес. Бир нече саат күткөндөн кийин адистер өлкөдөн депортацияланды», - деп айтылат "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун маалыматында.

FIDH өкүлдөрү Бишкекте 12–16-декабрда өтүп жаткан 19-Эл аралык «Бир Дүйнө Кыргызстан» адам укуктары боюнча документалдык фильмдер фестивалына жана "Кризис маалындагы маалымат коопсуздугу, пропаганда менен манипуляцияга каршы туруу" деген темадагы конференцияга катышмак.

Уюштуруу комитети жана FIDH Кыргызстандын бийлигин бул чечимдин себептерин расмий түрдө түшүндүрүүгө жана өлкөнүн адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин сактоого чакырууда.

Кыргыз бийлиги же Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы окуя тууралуу комментарий бере элек.