Талапкер кыргыз тилинен тест тапшырбайт. Мыйзам бузулдубу?

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы

19-ноябрда Жогорку сот Социал-демократтар партиясынын лидеринин Борбордук шайлоо комиссиясына каршы арызын четке какты. Бул тууралуу Темирлан Султанбеков билдирди. Ал мурдараак БШК депутаттыкка талапкерлерден кыргыз тилинен тест алышы керек деп сотко арызданганы белгилүү болгон.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков бул шайлоо конституциялык мыйзамдардын нормасын бузуу менен өтүп жатат деп эсептейт. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, мыйзамга ылайык, депутаттарды кырыз тилинен тест тапшырууга милдеттендирүү боюнча сотко кайрылганын, бирок Жогорку Сот өтүнүчтү орундатпаганын билдирди.

"Конституциялык мыйзамдын 59-беренесинде Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз тилин билиши керек деген норма бар. Тилекке каршы, Боршайком "Кыргызтест" аркылуу тесттерди өткөргөн жок. Ошондуктан сотко кайрылганбыз. Жогорку сот бүгүн карап, кыргыз тилин билбесе эч нерсе болбойт дегендей чечим чыгарып койду. Бирок бул мыйзамга каршы келип жатат. Бизде көп киши мекенчил болуп сүйлөйт. "Кыргызтесттин" жетекчилери бар, Мамлекеттик тил комиссиясы бар. Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев Тургунбек уулу болуп калган. Өзү ушул мыйзамды кабыл алган болчу. Бирок бул мыйзам эми эмне үчүн иштебей жатат деген маселени көтөрбөй жатышат", –деди Темирлан Султанбеков.

Күн мурун саясатчы депутаттыкка талапкерлерден тест албаганы үчүн БШКга каршы Жогорку сотко арызданганын кабарлаган эле.

Жогорку соттун орус тилинде жолдогон расмий түшүндүрмөсүндө Темирлан Султанбековдун арызы соттук тартипте кароого жатпайт деген негизде каралбаганы айтылат.

БШК эмне дейт?

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев "Мамлекеттик тилди колдонуу жөнүндө" конституциялык мыйзамда депутаттар мамлекеттик тилди билүүсү керектиги жазылганы менен кандай деңгээл талап кылынары жазылбай калгандыктан, тест өтпөгөнүн жүйө келтирип жатат.

"Бул жөнүндө мыйзам жакында эле кабыл алынган. Министрлер кабинети жобосун бекитип бериши керек экен. Ошондуктан биз алардын деңгээлин кантип аныктайбыз, кайсы күбөлүк менен аныктабыз деген суроо жаралды. Ошондуктан биз азыр талапкерлерден тест алган жокпуз".

Мамлекеттик тил комиссиясы да бул маселе боюнча үн ката элек. Би-Би-Си мекемеге комментарий үчүн кайрылган маалда юристи мыйзамда Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик тилди билүүсү керек экени жазылганы, бирок талапкерлер жөнүндө эч нерсе айтылбаганын негиз кылып, кеңири түшүндүрмө берген жок.

Эске алуучу жагдай: Талаптары так жазылбай, азыр чыр жаратып жаткан бул мыйзамды Министрлер кабинети демилгелеген. Документтин негиздеме катынын автору – Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев.

"Бул мыйзам иштебей турганы башында эле белгилүү болчу"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө" конституциялык мыйзамды депутаттар быйыл чоң талаш-тартыш менен жай айында кабыл алышкан. Президент Садыр Жапаров ага август айында кол койгон.

Бул мыйзамда Министрлер кабинетинин төрагасына жана мүчөлөрүнө, аткаруу бийлигинин башка орган жетекчилерине, Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун кызматкерлерине, прокурорлорго, тергөөчүлөргө, Улуттук банктын кызматкерлерине ишке кирүүдө жана талапкерлигин көрсөтүүдө мамлекеттик тилди билиши керектиги белгиленген.

Ушул эле мыйзамдын 59-беренесинде мамлекеттик тилди билген Кыргызстандын жаранды Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алары жазылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул мыйзам убагында шашылыш кабыл алынганын, чийки экенин, иштебей турганын айтууда:

"Кыргызстанда көп улуттуу эл жашаганын эске алыш керек. Баары бир өлкөдөгү азчылыктарга мүмкүнчүлүк бериш керек. Конституцияда орус тили расмий экенин жазылган. Ошондуктан бул мыйзам иштебейт, иштебей турганы башында эле белгилүү болчу. Бир жагынан караганда, талапкерлерди тест эмес, эл өзү эле иргеп алат. Азыр кыргыз тилин билбесең, сени ансыз деле эч ким депутат кылып шайлабайт. Айрыкча, бир мандаттуу округдан эч качан шайланбайсын. Ошондуктан корко турган эч нерсе жок. Ал эми дунгандар, өзбектер, орустар шайланып келсе, ийгиликтүү иштейм десе, ал окуш керек".

Июнь айында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов маалымат жыйындарынын биринде өлкө бийлиги Жогорку Кеңештин жаңы курамында мүмкүн болушунча көп улуттук азчылык өкүлдөрүн көргүсү келерин айткан. Ал кыргыз тилин өнүктүрүү далалаты азчылыктардын укугун басмырлоо эместигин, алар өлкөнүн бардык ички процесстерине аралаша аларын айткан.

"Тил билүү талаптары акылга сыярлык болушу керек. Биз мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билбегендиктен эч кимди кызматтан кетирүүгө жол бербейбиз", – деген Байсалов.

Мыйзам боюнча, шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар, мамлекеттик тилди билген Кыргызстандын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылыш быйыл сентябрда эч кандай саясий кризиси жок эле өзүн-өзү таркатып, президент тарабынан жаңы парламенттик шайлоо дайындалган. Ага ылайык, шайлоо 30-ноябрга белгилегенген.

Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу, эки аял болсо бири эркек болушу абзел.