"Жогорку кабаттардан батир сатуу кыйын". Бишкектиктер эмне үчүн бийиктиктен коркушат?

Сүрөттүн булагы, kabar.kg
Борбор калаада кырк кабаттуу комплекстин курулушу башталды. Долбоорду кытайлык компания ишке ашырууда. Бул өлкө тарыхындагы эң бийик имарат болуп калмакчы. Эл арасында Кыргызстандын сейсмикалык активдүү зонада жайгашканын эске салып, мынчалык бийик турак-жайды курууга болобу деген суроо туулуп жатат.
Апта башында Бишкектин түштүк тарабында 40 кабаттуу мунаранын жана 900 батирден турган 28 кабаттуу эки турак жайдын курулушуна капсула салуу аземи өттү. Расмий маалыматка караганда, мунарада заманбап соода комплекси жайгашат.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Кабар" агенттигине курган маегинде Кыргызстанда бийик имараттарды курган инвесторлорго бардык шарттар түзүлүп жатканын билдирди. Ал куруучуларга коюлуп жаткан башкы талап сейсмикалык коопсуздукту сактоо экенин кошумчалаган:
"Кыргызстанда бүгүнкү күндө 100 метрден бийик имараттар салынып жатат. Биз аларды эки жылдан бери көзөмөлдөп, жыйынтыгында дагы алдыга жылсак болорун түшүндүк. Азыр кытайлык инвестордун 40 кабаттуу имарат куруу мүмкүнчүлүгү бар. Жаңы технологиялардын жана программалардын жардамы менен курулуштун эсеби кылдат жүргүзүлдү. Биз долбоор менен алдын ала таанышып чыгып, өлкөдө мындай имараттарды курууга бардык шарт бар экенине ынандык. Кыргызстан бул багытта башка мамлекеттерден артта калбашы керек".
Мурдараак Нурдан Орунтаев көп кабаттуу имараттардын каркас конструкцияларын эсептөөгө адистешкен, ошондой эле жер кыртышы, топурак, пайдубал, геотехникалык анализдерди жүргүзгөн ETABS жана PLAXIS аталышындагы америкалык программалык комплекстер сатып алынганын кабарлаган.
"Технология туура колдонулса, бийик имараттарды курса болот"
Архитектор Ишенбай Кадырбеков конструкциялык эсептөөлөр так жүргүзүлсө, Кыргызстанга деле бийик имараттарды курууга мүмкүн экенин айтат:
"Негизи Кыргызстанда бийик имараттарды курууга мүмкүн. Бул үчүн эсебин жакшы чыгарып, конструкциясын бекем кылыш керек. Курулуш министрлиги жоопкерчилик алып жатпайбы. Эгер баарын текшерип, туура иш жасап жаткандарына көзү жетсе, курушсун".
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Коомчулукту болсо өлкөнүн сейсмикалык жактан активдүү зонада жайгашканы түйшөлтүүдө. Түркияда миңдеген кишинин өмүрүн алган ири зилзала, Кыргызстанда улам кайталанып жаткан жер силкинүүлөр кооптонууларды ого бетер күчөтүп жаткандай.
Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов курулуш тармагы өнүгүүдө, андыктан кооптуу зонада жайгашканыбызга карабай, курулуш технологияларын так сактап, бийик имараттарды курсак болот деген пикирде:
"Менден көптөгөн кыргызстандык 40 кабаттуу үйлөрдү курса болобу деп сурап жатышат. Жапонияда 40 эмес, 60 кабаттуу үйлөрдү куруп жатышат. Бизде жыл сайын орто эсеп менен алганда 9 миңден ашуун жер титирөө катталса, Жапонияда 100 миңдин тегерегинде жер силкинүү катталат. Ошого карабастан ал жакта бийик үйлөрдү салып жатышат. Алардын технологиясы күчтүү, жер силкинүүлөргө туруштук берет. Эгер биздикилер да жапон технологиясын колдонсо, эмнеге салса болбосун, болот. Коопсуздукка толук кепилдик беришсе, кура беришсин. Эмне үчүн биз 14-15 кабат менен чектелип калышыбыз керек. Кептин баары технологияда жана аны так колдонууда".
"11-кабаттан жогорку батирлерди сатууда кыйналабыз"

Сүрөттүн булагы, kabar.kg
Бишкек шаарынын тургуну Тынчтык Актанов жаңы имараттар бекем салынганына анчалык көзү жетпей турганын айтат. Ошондуктан жогорку кабаттарда жашагандан кооптонот. Ал жарым жылдан бери үч бөлмөлүү батир издеп жаткан экен. Азырынча көңүлгө толгону жана чөнтөгүнө туура келгени чыга элек.
"Келинчегим экөөбүзгө тең бийик кабаттуу үйлөр жага бербейт. Январда улам-улам жер силкинди го, ошондо үстүңкү кабатта жашаган кошуналар катуу коркуп калышты. Үй канчалык бийик болсо, жер көпкө чайпалып тургандай сезилет экен. Биз да бир бөлмөлүү батирибизди кеңейтели дегенбиз. Бирок ылайыктуусу чыкпай жатат. Кээде арзан үйлөр табылып калат, барсак 14-15 кабатта жайгашкан болот. Бизге андайдын кереги жок, өзүбүздүкүндөй эле 5-6-кабаттан чыкса жакшы болот эле", – дейт Тынчтык Актанов.
Бир нече жылдан бери кыймылсыз мүлк менен иштеген флиппер Мира Абдукапарова Бишкекте жогорку кабаттагы үйлөргө суроо-талап чындыгында эле төмөн экенин тастыктайт. Анын айтымында, буга өлкөнүн сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашканы гана себеп эмес, башка дагы маселелер бар.
"Союз маалында эң бийик үйлөр 9 кабат эмес беле. Бишкекте 16 кабаттуу турак жайлар саналуу эле болчу. Улуу муундун өкүлдөрү негедир 10 кабаттан жогорку үйлөрдү алышпайт. Жаштар 12, 13, 14-кабатка чейин алышы мүмкүн. Эми мунун да жөнү бар. Жогорку кабаттарга кээде суу жетпей калат. Мен 16 кабаттуу үйдүн 5-кабатында жашайм. Бизде 7-8-кабатка чейин суу жакшы келет, андан өйдө жетпей калган учурлар болот. Ошондон аябай коркушат. Экинчи маселе – лифт. Азыр заманбап, тез жүргөн лифттер орнотулуп жатат. Ошентсе да жарык өчүп калса эмне болот деп, адам жөө чыга алганга мүмкүн болгон кабаттардан батир издешет. Чындыкты айтсам, 11-кабаттан жогоркусун сатуу өтө кыйын. Акчасы аз болуп, 7-8 миң доллар арзан чыкса гана үстүңкү кабаттардан алгандар болот. Эгер 40 кабаттуу үйлөрдү салсак, кардар таап, сатуу кыйын го деп ойлойм".
Кардарларды өрт сыяктуу тилсиз жоо да кабатыр кылат. Өрт өчүрүү кызматында 54 метрге чейинки автошатылар бар. Алар кырсык катталган учурда 9-18-кабаттардан адамдарды куткаруу жана керектүү каражаттарын жеткирүү үчүн колдонулат. Бийик турак жайларга автоматтык өрт өчүрүү системалары орнотулушу керек.
Бул арада быйыл жазында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүнүн биринин кире бериши "чөгүп кеткени" жөнүндө маалымат, кийин ушул эле турак-жайдын лифтиндеги мүчүлүштүктөн улам адам жабыркаганы эл арасында кооптонууларга жем таштагандай болду.
Адистердин пикиринде, Бишкекте бийик имараттарды куруу демилгеси жанданып жаткан чакта, кеп сейсмикалык коопсуздук менен гана чектелбеши керек. Суу, жарык, жылуулуктун жеткиликтүүлүгү, лифт системаларынын ишенимдүүлүгү, өрт коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалда эвакуациялоо шарттары да комплекстүү каралышы зарыл. (АА)












