Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

макулдашуу

Сүрөттүн булагы, President.kg

ШКУнун Самарканддагы саммитинин аянтчасында “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолунун Кыргызстан аймагындагы тилкесинин курулуш долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул жөнүндө Кыргыз президентинин басма сөз кызматы расмий кабарлады. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жыйыны Самаркандда 15-16-сентябрда болот. Саммитте жыйырмага жакын документке кол коюлат, анын ичинде экономика, энергетика, санариптешүү, транспорт, байланыш, инновация, жаңы технологиялар жаатында кызматташтык тууралуу маселелер бар.

Макулдашуу Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстандын Транспорт министрлиги жана Кытайдын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда болду.

Документте Кыргызстандын аймагындагы тилкеде “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” каттамынын бириктирилген варианты боюнча “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин ийгиликтүү бүтүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүү каралган.

"Тараптар активдүү кызматташат жана Кыргызстанда жүргүзүлө турган техникалык-экономикалык негиздеме боюнча Кытай темир жол корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтуна биргелешип колдоо көрсөтүшөт. Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча бардык иштерди аяктоо мөөнөтү (баалоо жүргүзүү убактысын кошкондо) - 2023-жылдын 1-июнунан кеч эмес",-деп айтылат билдирүүдө.

Андагы маалыматка караганда, тараптар техникалык-экономикалык негиздеменин каржылоосун бирдей үлүштө бөлүштүрүүнү ниеттенишет.

Жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачат.

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык долбоорун даярдоо иштери башталганына бир топ болуп калды.

Бир-эки ай мурда эле Кытайдан Кыргызстанга жүздөн ашык адис келип, билек түрүнүп ишке киришкен.

Аталган долбоордун Кыргызстандын ичиндеги маршруту Торугарт-Арпа-Макмал-Жалал-Абад деп жарыяланган. Бирок бул маршрут, темир жолдун жазылыгы калган өлкөлөр менен биротоло макулдашылып бүттүбү деген суроо бар. Анткени, бул боюнча өзүнчө макулдашууга кол коюлушу керек.

Темир жолдун Кыргызстандагы маршруту биротоло бекиген маселе деп айтууга болбойт, деген Би-Би-Сиге Кыргызстандын Темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору Улан Кулов.

Азырынча анын техникалык-экономикалык-негиздемесин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарды тараптар бирдей каржылоо жөнүндө гана чечим кабыл алышты. Ал эми темир жолдун өзүнүн курулушуна канча каражат кетет, аны ким чыгарат деген маселенин али чети оюла элек сыяктуу.

кытай поезд

Сүрөттүн булагы, Social media

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

«Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ишке ашырылышына өзгөчө маани бериле турган уникалдуу долбоор. Тармактык мамлекеттик органдар тийиштүү даярдык иштерин өз мөөнөтүндө жүргүзүүсү зарыл”, - деген мындан мурда Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинети ошондой эле темир жолдун курулушуна байланыштуу башка инфраструктуралык долбоорлорду куруу маселесин да караган.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – үч өлкөнүн темир жолдорун жана андан ары Перс булуңундагы өлкөлөрдү, Түркия Республикасын Европа темир жол тармагы менен туташтыруу үчүн долбоорлонгон темир жол магистралы болуп саналат.

Албетте, Кыргызстан үчүн маршруттун узак болгону пайдалуу. Эгер жол айылдарды көбүрөөк аралап өтсө, ошол жерде инфраструктура курулат, ошол айылдар өнүгөт. Экинчиден, транзиттен алчу каражат дагы көп болот.

Транзиттен, болжол менен Кыргызстан эки жүз миллион доллардан бир миллиард долларга чейин пайда көрсө болот деп жатышат.

Трансконтиненталдык долбоор үч мамлекеттин биргелешкен иши болуп жаткандыктан, үч тараптуу макулдашуудан өтүп жатат.

Кыргызстан деңизге чыккан жолдору жок өлкө катары Чыгыш менен Батыштын ортосундагы сооданы байланыштырган транспорттук маршруттарды ийгиликтүү өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул жагынан "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу абдан маанилүү.

Кыргызстандын темир жолу азыркы туюк абалынан чыгып, транзиттик жолго айланат. Түндүк тараптан Кытайга түз кирип кетүү мүмкүндүгү пайда болот. Түштүк жактан болсо Тажикстанга, андан ары Ооганстан, Иранды аралап, Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине темир жол каттамы ачылат.

Бул жерде бир гана Кытайдын, Кыргызстан, Өзбекстандын эмес, Росиянын, Перс булуңунун, Ирандын, Түркиянын, Араб мамлекеттеринин да кызыкчылыгы чоң. Перс булуңунун, араб мамлекеттеринин Өзбекстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болот.