Каада-салтка жамынган ысырапкорчулук жана коррупция

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Той-салт-санаа

Сүрөттүн булагы, Social media

Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун жарлыгынан кийин ысырапкорчулукка айланган той-аш, мааракелерге чектөө киргизүү, сарамжал жашоого өтүү боюнча жер-жерлерде ар кандай аракеттер башталды. Би-Би-Си бул маселенин оош-кыйышын жазуучу жана журналист Папан Дүйшөнбаев менен талкуулады.

П. Дүйшөнбаев: Чектен чыккан ашыкча той-аштар совет мезгилинен бери эле курч маселе катары каралып, элдик жыйындарда талкууга жем таштап келген. Ашыкча ырым-жырымдарга, кийим-кече таркатууга тыюу салынган.

Кыргызстандын жаңы тарыхында 1990-жылдардын аягында бул маселе кайрадан көтөрүлө баштаган. Ошол кездеги Оштун губернатору Накен Касиев той-аштарды кантип өткөрүү керектиги жөнүндө токтом кабыл алган. Ал эми Жалал-Абадда Сузак районунундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө ысык-суук маарекелерде, той-аштарга чектөөлөр киргизген. Бодо мал союуга тыюу салган. Чечимди бузгандарга 100 миңге чейин айып пул салынган.

Би-Би-Си: Aнда бул маселе кээ бир жергиликтүү аймактарда чечилген маселе турбайбы?

П. Дүйшөнбаев: Ооба, азыр Аксыдагы айрым айылдарда сөөк чыккан үйдө чоң мал союлбайт. Алыстан келген туугандарга кошунанын үйүнө кой союп, ошол жерден шорпо-шилисин ичип кете беришет. Анан үч күндөн кийин эрежелерге ылайык өткөрүшөт.

Би-Би-Си: Кыргызда жамандык болгондо, маркумдун сөөгүн коердо аябай чабылып-чачылат да, үч күн, үч түн тикесинен тик туруп, колунда бары ондон ашып, колунда жогу жок дегенде эки-үчтөн бодо союп жиберип атпайбы. Кээ бирлер кур намыска жылкы алып союп, карызга батат.

П. Дүйшөнбаев: Сөөк чыгарылган жерде бирөөлөр сыздап ыйлап отурат. Жаш кеткени, кары кеткени болот. Ошол жерде ашы, эти качан келет экен деп соксоюп отуруп алган уят көрүнүш. Өзбектердикин көрүп эле жүрөбүз, көзү өткөн жерге келет, дуба кылып дароо туруп кетип калышат. Ал жерде жалаң жакындары гана калат. Үч күндөн кийин 10 кг эт, 15 кг күрүч алып, куран окутуп коет, ошону менен бүтөт. Алардын тойлору деле жупуну болот, дасторконго нан, чай, токочтон чачып коет болду. Алардыкы көбүнчө музыка оюн-зоок менен коштолот.

Кыргызстандын түшүк жергесинин айрым жерлеринде бул маселе диний таасирдин негизинде жолго коюлуп калган. Түндүк жергесинде ар кандай учурларды көрүүгө болот.

Би-Би-Си: Мисалы, Нарындын салтында боорун жоготуп боздоп турганда дагы алыстан келген тууган урукка, өзгөчө куда-сөөккө сый көрсөтүүнү милдеттүү деп эсептешет. Сөзсүз түрдө бир жерде чай берип, кондуруш керек. Алыстан келген куда-сөөк каралбай калса уят болот дешет.

П. Дүйшөнбаев: Алар ал жерге сый көргөнү барбайт, топурак салганы, аза күткөнү барат. Айтып өткөндөй эле коңушусунун үйүндө кой союп, шорпо-шилең кылдырып берет. Баланча өлгөндө мынча жылкы союлуптур деп айрым жерлерде жарышка айланып кеткен. Маркумду эскерүүнүн башкача жолдору бар да.

кыргыз айылы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маркумду акыркы сапарга узатууда бодо мал союу Кыргызстандын түштүгүндө көп айылдарда тыйылып калган көрүнүш.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Укуктук жана маданий жагында суроолор чыгууда. Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык адамдардын жеке турмушу жана мүлкү кол тийгис болуп саналат. Ушул жагына келгенде ашыкча мал союп жиберген адамдарды жоопко тартуунун укуктук жолу жок болуп калбайбы?

П. Дүйшөнбаев: Бул белгилүү бир деңгээлде элдин коопсуздугуна байланышкан маселе деп айтсак болот. Азыр Кыргызстан бир эл деп аталганы менен ар облустун эмес, ар айылдын өзүнчө салты пайда боло баштады. Элдин биримдиги качан чыңдалат? Элдин менталитети, каада-салттары, өзгөчөлүктөрү окшошкондо гана элде биримдик болот. Мына ошондо аймактар аралык жек көрүүчүлүк жоголот.

 Ал эми укуктук жагына келсек коопсуздук маселеси, элдин биримдиги жөнүндө сөз болгондон кийин мамлекет милдеттүү түрдө жолго салышы керек. Буга мисал, демократия деп Батыш өлкөлөрүн же АКШны айтып келебиз. Алар элдин менчигинин түрүнө карабай, Россия менен соода жүргүзүүгө тыюу салып койбодубу. Чындыгында бул деле мыйзам бузуу болуп саналат го. Жеке фирмалардын ишине кийлигишүүгө мамлекеттин укугу жок эле. Бирок саясий коопсуздукка байланыштуу тыюу салды.

Бизде мамлекет жөн гана байкоочу болуп карап отура бериш керек деген түшүнүк калыптанып калган. Мамлекет- жөнгө салуучу регулятор, керектүү болгон учурда кийлигишүүсү керек. Ошондо мамлекет өз функциясын так аткарган болот.

Би-Би-Си: Маркумдардын тажыясын өткөрүүдөн башка дагы кайсыл каада-салттар, сиздин оюңузча, ысырапкорчулук менен коштолууда?

П. Дүйшөнбаев: Биринчи кезекте мамлекет ишканалардын жана эч кандай маданий, илимий жана башка тармакта баркы болбогон инсандардын мааракелерин өткөргөнгө тыюу салышы керек. Эгер көп эл чакырылып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдыра турган маараке болсо, сөзсүз комиссиянын макулдугу керек. Азыр мекемелердин да 5 жылдыгы, 10 жылдыгы деген шылтоо менен мааракелери өткөрүлүүдө.

Анан дагы мамлекеттик муниципиалдык органдардын жетекчилерине өздөрүнүн, ата-энелеринин мааракелерин өткөргөнгө толугу менен тыюу салынышы керек.

Бир министр өзү 58 ге чыкканда 60 жылдык мааракесин өткөргөн. Анткени кызматында дагы эки жыл турамынбы же турбаймынбы, ага чейин кичине акча чогултуп алайын деген да. Мурда министрликтин тоюн же мааракесин бере турган болсо, тойдон бир-эки күн алдын район-шаардагы бардык кесиптеш, кызматкерлерди чакырышкан. Жардамчысы бардыгына бир катар чалып “кожоюндун мааракесине кошумчаңарды ала келгиле”-деп чакырып чыкчу. Алардын чөнтөктөрүн кагып алып, анан ошол каражатка той өткөрчү эле. Коомдогу ошондой көрүнүштөргө тыюу салынышы керек. Мисалы АКШ нын президентине бирөө 50 доллардан ашык баадагы белек берсе, аны мамлекетке өткөрүп бериши керек. Ал эми бизде ачык эле кол алдындагыларды тоноо болуп атпайбы. Каада-салттар - коррупцияга айланып кеткен.

Би-Би-Си: Акыркы 10-20 жылда пайда болгон түштөндүрүү деген салт бар. Өзгөчө Ат-Башы, Нарында он-он бештен кой союп түштөндүргөнүн айтып келишет. Мактап эмес, кээде ушунча ысырапкорчулуктун кереги бар беле деп иренжип келгендери канча.

П. Дүйшөнбаев: Кыргызстандын түштүк жергесинде баталарда 20-50 сомдон акча же жүз арчуу таркатуу жөрөлгөлөрү дагы эле уланып келе жатат. Биз бир топ каражат коротуп же мал союу менен көзү өткөн адамга жардам бере албайбыз, алар деле балдарынын карызга батып кыйналышын каалабайт, тынч кеткиси келет. Болгону дуба кылып, жакындарынын көкүрөгүндө жаркын элеси калуусу керек. Биздин эл исламдын же теңирчиликтин салттарын толук карманбайбыз, аралаш салттан чыга албай келатабыз.

Той өткөрүүдө чектөөлөр Өзбекстанга киргенине бир топ жыл болуп калды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Той өткөрүүдө чектөөлөр Өзбекстанга киргенине бир топ жыл болуп калды

Би-Би-Си: Каада-салтка жамынган ысырапкорчулукту азайтуу жагынан Кыргызстандын коңшулары Өзбекстан менен Тажикстан мурдарак баштады эле иштерди. Алардын аракети кандай натыйжа берди?

П. Дүйшөнбаев:Ашкере чыгымдуу салттарды жөнгө салуу боюнча мындай жарлык Кыргызстанда эле чыгып жаткан жок. 2000-жылдын башында коңшу өлкө Өзбекстанда чыккан. Той-мааракел ерде 200дөн ашык киши болбосун, эгер той болсо үчтөн көп машина болбосун деген чектөөлөр болгон.

2006-жылы Тажикистан бул боюнча атайын мыйзам кабыл алган. Ошондо президенти элге кайрылып: “Жылына той-мааракелерге арналып орто эсеп менен 240 миңден ашык бодо мал союлат экен. Калгандарына 2 миллиард доллардай каражат жумшалат экен. Эгерде биз минтип жашасак анда эч качан жарыбайбыз”- деп айткан. Кабыл алган мыйзамга ылайык, той-мааракелерге 250дөн ашык эл чакырылбаш керек, маараке эки сааттан ашык убакытка созулбаш керек, мекеме-ишканалардын мааракелерине толук түрдө тыюу салган. Бул мыйзамды бузган жекече жактарга 600 доллардан, мекеме-ишканалар болсо 4500 долларга чейин айып пул салуу жөнүндө мыйзам чыккан.

Папан Дүйшөнбаев

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жазуучу Папан Дүйшөнбаев аш-тойлорду өткөрүүдөгү каада-салттарды көп жылдан бери изилдеп келатат.

Би-Би-Си: Азыр сарамжал жашоого чакырган президенттин жарлыгын кээ бир адамдар каада-салтка каршы кабыл алып жатпайбы. Ошондо кыргыз элинин улуттук каада-салтындагы ысырапкорчулук мамиле каяктан, кантип кирип чырмаган деген дагы ой кетпей койбойт экен?

П. Дүйшөнбаев: Биз көчмөн эл болгонбуз да. Көчмөндөрдө бир нерсени сакташ керек, үнөмдөш керек деген түшүнүк болгон эмес. Анткени, эртең аны ким чаап кетет же кайсы карышкыр жеп кетет дешкен. Күн өткөнүнө сүйүнүп, күнүмдүк менен жашаган эл болгон. Отурукташып шаар курбаса, же бак тигип, эгин экпесе. Ошол психология бизде деле бар да, бул нерсе түрк элдеринин бардыгында бар. Ушундай ашкере ысырапкорчулук, мактанчактык, көрө албастык илгертен келаткан каныбызда бар нерсе. Муну танбаш керек.

Би-Би-Си: Кыргыз элини жаңыча салтка, сарамжалдуу жашоо шартына үйрөтүү деген чоң улуттук милдет алдыда турат. Муну бир жарлык менен эле ишке ашырып коюу кыйын. Демек, бул жерде улуттук интелигенция, жалпы коомдогу жарандык активисттер, мамлекеттик органдар, диний ишмерлер бардыгы биригип келип, бир багытта иштеши керек.

П. Дүйшөнбаев: Туура, бир жарлык, бир токтом менен чечилбейт. Бирок кичинекей тамчы тынбай тамып турса, ташты дагы тешкендей, ушул багытта максаттуу иш- аракеттер жүргүзүлүп турса, аздыр-көптүр натыйжасын берет. Мындай аракеттерге эл өзү деле даяр болуп калган.