Жер кодекси: активисттер президентти кол койбоого чакырат, бийлик мыйзам жакшырганын айтат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жер кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна каршы чыккан демилгечил топ кол топтоону улантып жатат. Алар документ кабыл алынса, өкмөт жарандардын менчик жерлерин алып коюшу мүмкүн деп кооптонууда. Өткөн аптада президент жеке мүлк кол тийбес экенин, долбоордо мындай ченем камтылса, аны артка кайтарарын билдирген.
Ал ортодо мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттардын бири Дастан Бекешев нааразылык акциясынан кийин кодекстин жаңы редакциясы анчалык "коркунучтуу" эмес экенин, болгону жарандарга түшүндүрүү иштери жакшы жүрбөй калганын айтып чыкты. Активисттер болсо мыйзам долбоорунда коррупциялык тобокелчиликтер көп экенин белгилеп жатышат.
Жер кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна каршы чыккандар өткөн жума жана ишемби күндөрү Бишкектеги Горький сейил багына келип, петицияга кол коюп кетип жатышты. Алардын арасында Анара Курманбаева менен Шакен Умралиева да бар.
Пенсионерлердин айтымында, алар Тоголок Молдо-Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде мындан 75 жыл мурун курулган эски үйлөрдө жашашат. Ал жерде жалпысынан 32 үй-бүлө 50 сотых жерге ээлик кылып турат. Алар инвестор табылып, баа ойдогудай бычылса, бул үйлөрдү жери менен кошо сатууну пландашканын, Жер кодексинин жаңы долбоорунун айрым нормалары аларды биртоп беймазага салып койгонун билдиришти.
"Менин жер тилкем, кызыл китебим бар. Бийлик эми кызыл китепти жок кылабыз деп жатат. Кадастр болот дейт. Үйдүн алдындагы жер мамлекеттики болот деп жатпайбы. Алар жерибизди жөн эле алып коебуз деп жатышат окшойт. Биз жөн эле бере албайбыз. Биздин балдарыбыз бар, бизден соң аларга бир нерсе калышы керек. Бул жер жеке менчик, ага салык төлөйбүз. Биздин үйлөрдө жалаң пенсионерлер жашайт. 1950-жылдары курулган турак-жайлар ансыз да эскирип бүттү, аны оңдой албайбыз. Биз аны ыңгайлуу баага сатышыбыз керек эле. Эми баарын тартып алышса, эмне болот?" – дейт Анара Курманбаева.

Сүрөттүн булагы, kaktus.media
"Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Умралиева жарандардын жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик акттын ордуна кадастр планы киргизилсе, бул коррупциялык схемаларга жол ачышы мүмкүн экенин белгиледи:
"Жеке менчик укугу жөнүндөгү акт кадастр планы менен алмаштырылса, кадастрга жооптуу кызматкер жер тилкелеринин чек араларын өзгөртүп жибериши мүмкүн. Андай болбойт деп ким кепилдик берет? Ошондуктан менин колумда документ болуш керек. Эгер "кызыл китеп" жокко чыгып, эртең кимдир бирөө чек арамды өзгөртүп, мага башка документ жөнөтсө, жеримдин аянты тарып кеткенин кантип далилдейм? Эгер кимдир бирөө менин жеке номурумду өчүрүп таштаса эмне болот? Бул өтө коррупциялашкан жагдай".
Мыйзам долбооруна түпөйүл болгон кырктай киши 20-февралда Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, Жер кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна каршы кол топтоону башташкан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Алар мамлекеттик зарылчылык үчүн өкмөткө өтө турган жер тилкеси азыркы кодексте жазылгандай базар баасында эмес, "жетишерлик" баада соодаланарына кабатыр болуп жатканын, бул менчик ээсинин эрки менен эсептешпей, жеке мүлктү алып коюу менен барабар экенин айтышкан. Бул жарандар мамлекет башчыдан мыйзам долбооруна кол койбоону сурады.
Нааразылык акциясына ошол эле күнү президент Садыр Жапаров реакция жасап, жеке менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин билдирген:
"Жеке менчик мүлктөр кол тийгис. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилген жерлери болсо анда башка кеп. Аталган фонддун жүздөгөн гектар жерин 49 жылга алышып, анан иштете албай, отоо чөп басып жаткан жерлер жөнүндө кеп болуп жатса керек. Андай жерлерди сөзсүз айыл чарба багытына иштетишибиз керек. Барган сайын дүйнө жүзүндө айыл чарба багытындагы жерлер тарып барат".
Мыйзам долбоору иштетилбей жаткан жеке менчик жерлерди алабыз деген ченем менен келсе, аны артка кайтарарын президент билдирди.
Өзүн Чүй облусунун Сокулук районунун активисти деп тааныштырган Асылгүл Едилова үлүш жерлер, айдоо жерлери да көп суроо жаратып жатканын, тактай турган маселе көп экенин айтат:
"Үлүш жерлер такталбай жатат. Өзгөчө Чүй облусунун Сокулук району менен Аламүдүн районунда такталбаган жерлер көп. 1994-жылы жер реформасы жүргөндө көп ката кетип, үлүш жер алганга укугу бар айрым жарандарга жер берилбей калган. Мына, менин бир тууганым өзү ала албай жүрөт. Ушул маселени тактабай туруп, азыр иштетилбеген айдоо жерлерди алып коебуз деген туура эмес го. Жерди акчасы барлар иштетет. Акчасы жоктор иштетпейт. Акчасы жок болсо кайдан иштетет? Кирешени көбөйтө турган, жерден пайда ала турган саясат жүргүзбөй, жерди тартып алабыз дегендик – олигархтарды гана байытуу аракети".

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Жарандардын жеке менчикке болгон укугу чынында эле коркунучтабы?
Жогорку Кеңештин алдындагы нааразылыктан кийин, 21-февралда Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик түшүндүрмө берип, жарандардын жеке менчик укугу Конституция менен корголорун билдирди. Агенттиктин сайтындагы маалыматта мамлекет мыйзамдуу негиз болбосо, жеке менчик жер тилкелерин тартып албай турганы, бул өзгөчө учурларда гана мүмкүн экени жана маселе сот аркылуу чечилери айтылат:
"Жеке менчик жер тилкелери мамлекеттик муктаждык үчүн алынган учурда адилеттүү компенсация каралган – өзүндөй болгон жер тилкеси, акчалай кенемте же эки варианттын айкалышы".
Жер кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна депутат Дастан Бекешев каршы добуш берген. Ал талкуу учурунда жер рыноктук негизде бааланышы керектигин, жетиштүү баа дегенди ар ким ар кандай чечмелеши мүмкүн экенин айткан.
Мыйзам долбооруна каршы кол топтоо башталгандан кийин Дастан Бекешев Телеграм каналы аркылуу пикирин билдирип, жеке менчикти мамлекеттин муктаждыгы үчүн алып коюу маселесинде көп манипуляция жаралганын, өтө коркунучтуу жагдайлар деле жоктугун, жарандарга так, туура маалымат жетпей жатканын айтты.
"Экинчи окууда мен жер тилкесин сот аркылуу гана алууга мүмкүн жана көз карандысыз баалоо болушу керек деген түзөтүүлөрдү сунуштагам. Менин сунуштарымдын баары [долбоорго] киргизилиптир. Бирок редакциялоо учурунда беренелерди нары-бери жылдырышып, башаламан кылып салышкан экен. Үчүнчү окууда суроолорума так жооп ала алган эмесмин.
Биз азыр түзөтүүлөрдү кайра карап чыктык. Рыноктук баа деген сөздү калыбына келтирүүчү, жетишерлик баа деген сөз айкашына алмаштырышыптыр. Көрсө, бул аныктамалардын баары кыймылсыз мүлктү баалоо стандарттарында бар экен. Бул стандарттарда калыбына келтирүү наркы жана жетишерлик баа кандай аныкталары так жазылган: рыноктук баа жана башка чыгымдар да эске алынат. Тескерисинче, биз бул жерде (кодексти) жакшырттык. Тилекке каршы Министрлер кабинети жана мыйзам долбоорун колдогондор бул учурларды парламенттин жыйынында жакшы түшүндүрүп бере алышкан жок", - деди Бекешев.
Дастан Бекешев жаңы кодекс аркылуу реновация программасы ишке ашып, эски батирлерди, көп кабаттуу турак жайлардын алдындагы жерлерди тартып алуу башталышы ыктымал деген кооптонуу негизсиз экенин кошумчалады. Ал реновация үчүн өзүнчө нормативдик-укуктук акт зарыл экенин, анын Жер кодексине эч кандай тиешеси жоктунун белгиледи.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дачалардын талаштуу макамы
Жер кодексинин жаңы редакциясында дачаларга калктуу конуш макамын берүү каралган. Документтин демилгечилери бул инфрастуруктураны жакшыртууга, ал жерде туруктуу жашаган элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө жол ачат деген жүйөөнү келтиришкен.
Бирок Чүй облусундагы багбандар уюму дачаларга айыл макамын берүүгө каршы чыгып, бакча жерлери курулуш үчүн эмес, багбанчылык үчүн керектигин айтып, президентти документке кол койбоого үндөп жатат.
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Фейсбук баракчасы аркылуу жер кодексинин жаңы редакциясында дачадагы элдин басымдуу бөлүгүнүн каалоосу эске алынганын, каршы чыккандар чакан топ экенин билдирди:
"Кыргызстанда 365ке чукул дача бар. Арасында жер, үй алып, туруктуу жашагандар көп. Бул жерде үч-төрт дачанын жетекчиси келип, өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, ызы-чуу кыла береби?! Дача СУга барып көргүлөчү. Эл отуз жылдан бери бала бакчасы, мектеби, ооруканасы, каттоосу жок тентип, ар кайсы жерде жүрөт. Айыл макамын берүүнү сурап, ыйлап-сыктап келе жатышат. Аларды же Бишкек кабыл албайт же Чүй кабыл албайт. Ушундай эле көйгөй Балыкчынын нары жагындагы дачаларда да бар. Чолпон-Атадан маалымкат алып, Чолпон-Атага барып көрүнүшөт. Ушул кантип болсун?!"
Жыл соңунда Республикалык багбандар коому маалымат жыйынын өткөрүп, айрым дачаларды коопсуздук үчүн калктуу конуштардын категориясына которууга мүмкүн эместигин айткан.
"Эгер эл чындап эле каалап жатса, жерди трансформациялоого эч ким каршы эмес. Бирок сууларга жакын жайгашкан дачалар өтө көп. Ал жерде жашагандар трансформацияга каршы. Айрым жерлерди калктуу конуш категориясына которууга таптакыр болбойт. Бизде Жер кодексинен тышкары Суу кодекси да кабыл алынып жатат. Суу кодексинде суу жээктеринде курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган. Ал эми Аламүдүн районунда эле 83 багбанчылык чарба болсо, сексени сайларда жайгашкан. Ошондуктан бул маселеге өтө кылдат мамиле жасоо керек", - деген эле Республикалык багбандар коомунун төрайымы Ольга Иващенко.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик бул учурлар эске алынганын, менчик укугу сакталарын, бирок айыл чарба багытындагы тилкелер айыл чарба үчүн, курулуш тилкелери курулуш үчүн гана колдонулушу керектигин белгилөөдө:
"Жаңы мыйзамга ылайык, жеке жактардын менчигиндеги бардык бакча жана дача жер тилкелери "турак жай куруу" максатындагы калктуу конуштардын жерлери деп таанылат. Бул чечим суу фондунун жерлерине таандык болгон жерлерге жайылтылбайт".
Буга чейин активисттер багбан чарбалар калктуу конуштардын курамына кирер-кирбесин өз алдынча чече алгандай болсо жана бул норма кодекске киргизилсе, талаш жаралбай турганын айтышкан.
Жер кодексинин жаңы редакциясына каршы чыккан демилгечил топ кол топтоону улантарын кабарлады.
"Биздин укук" коомдук фонду бул мыйзам иштелип чыккандан бери эле ага анализ жасап келе жатканын, анда корруциялык тобокечиликтер көптүгүн, мамлекеттик муктаждык деген кеңири түшүнүктүн арты менен коомчулуктун кызыкчылыгы эске алынбай калышы ыктымалдыгын белгилеп, президентти бул мыйзамга кол койбоого чакырды.
Жер кодексинин жаңы редакциясы Министрлер кабинетинин демилгеси менен 2022-жылы иштелип чыккан. Коомдук талкуудан кийин 2023-жылы парламенттин кароосуна киргизилген. Быйыл 13-февралда Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды. (AA)












