Орусия кайрадан Украинанын энергетика тармагына сокку урду

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Орусия Киевге, Днепрге, Харьковго, Одессага жана башка шаарларга дрондор жана ракеталар менен жапырт сокку урду. Бул чабуул 3-февралга караган түнү, Абу-Дабиде Украина менен Орусиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы этабы башталардын алдында болду. Харьковдун бийлиги чабуул маалында энергетикалык инфраструктура талкалангандыктан 820 үйдө жылуулук өчүрүлгөнүн, Киевдин райондорунда да жылуулук жана электр менен жабдуу токтотулуп жатканын кабарлады.
Шейшембиде Киевге НАТОнун баш катчысы Марк Рютте келет. Түштөн кийин ал Жогорку Радада сөз сүйлөшү керек болчу. Энергетика тармагына урулган соккулардан кийин парламентте да бир канча күндөн бери жарык, жылуулук, суу болгон жок.
Харьковдо жарык өчүрүлүп жатат
Харьковдун мэри Игорь Тереховдун кабарлашынча, Орусиянын энергетика инфраструктурасына жасалган чабуулдан кийин шаар бийлиги "ири ТЭЦтердин биринен кубат алган" 820 үйдө жылуулукту өчүрүүгө мажбур болушту.
Терехов өзүнүн телеграмм-каналында Харьков "үч сааттан ашык убакыттан бери аткыланып жатканын" жазды. "Энергетика инфраструктурасына атайын чабуул коюлуп жатат, - деп жазды шаардын мэри. – Максаты айкын: инфраструктураны мүмкүн болушунча талкалап, кычыраган суукта шаарды жылуулуксуз калтыргысы келет".
Сүрөттө: 2-февралда күндүз Харьковго коюлган чабуулдун кесепеттери
Учурда Харьковдо абанын табы 23 градуска түштү.
"Биз оор чечимдерди кабыл алышыбыз керектигин түшүнүп турабыз. Алардын бири аргасыздан кабыл алынды, бул бир гана мүмкүн болгон жол", - деп түшүндүрдү Терехов. Ал коммуналдык кызматтар "тармактар тоңуп калбашы үчүн" жылуулук алып жүрүүчүнү агызып жатышкан кошумчалады.
"Жыйырма градустук аязда бул канчалык кыйын экенин түшүнүп турам. Бирок маанилүү инфраструктурага буга чейин болуп көрбөгөндөй чабуул бизге башка арга калтырган жок", - деп жазды Терехов.
Анын айтымында, шаарда 101 кызматы күнү-түнү иштеп жатат. Бул пункттардан тургундар жылынып, телефондорун кубаттай алышат.
Мэр ошондой эле шаардык электр транспортунун иши да үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертти.
Буга чейин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрү Харьковго баллистикалык ракеталар менен чабуул коюларын эскерткен.
Киевдеги учурдагы кырдаал
Би-Би-Синин Украин кызматынын кабарчысы Виталий Червоненко билдиргендей, Орусиянын аскер күчтөрү Киевде да энергетикалык объектилерди аткылап жатышат.
Украинанын борборуна баллистикалык ракеталар менен коюлган алгачкы чабуулдардан кийин Киевдин көптөгөн райондорунда жылуулук жана электр энергиясы өчүрүлдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жылуулук тармагы 2026-жылдын башында жапырт чабуулдардан кийин Киевдин бардык райондорунда дээрлик калыбына келтирилген болчу.
Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Орусиянын чабуулдарынын натыйжасында Украинанын баш калаасынын беш району жабыркаганын билдирди. "Орусиянын чабуулунан эки адам жарадар болду", деп жазды ал.
Сүрөттө: Дрон түшкөндөн кийин Киевдеги үйлөрдүн биринде өрт чыкты
Ткаченконун айтымында, Дарницкий районундагы турак эмес имаратта өрт чыгып, 25 жана 5 кабаттуу имараттар да жабыркады.
Мындан тышкары Шевченко районунда чабуулдун натыйжасында 22 кабаттуу турак жай жабыркаган.
Деснянский районунда турак эмес жайлар, Днепров районунда беш кабаттуу үй жана балдар бакчасынын аймагы жабыркады.
Печерский районунда май куюучу станцияга дрон түшүп, токтоп турган автоунааларга да зыян келтирилди.
Кол салуунун хроникасы
Адегенде Орусия Украинанын аймагына "шахед" сыяктуу жүздөгөн дрондорду жиберди, андан соң түнкү саат 1ден кийин Киевге, Днепрге жана Харьковго ар кандай баллистикалык ракеталар менен чабуул койду.
Мониторинг каналдары ошондой эле Ту-22м3 бомбалоочу учактарынан Х-22 жана Х-32 канаттуу ракеталары менен түндүктөн сокку урулганын кабарлашты.
Түнкү саат үчтөр чамасында баллистикалык ракеталар менен соккулар убактылуу токтосо да, "шахеддер" учурула берди.
Украинанын Куралдуу күчтөрү түнкү саат үч чамасында орусиялык "шахеддер" Киевге жана анын чет жакаларына, анын ичинде маанилүү энергетикалык объектилер жайгашкан Украинкага, Обуховго жана Трипольеге учурулганын маалымдашты.
Украинанын аскер күчтөрү дрондордун тобу Одессага да чабуул коерун эскертүүдө.
Таңкы саат төрттөн кийин дрондордун чабуулу кайрадан жанданды – ондогон "шахеддер" Украинанын көпчүлүк аймактарын аралап учуп жүрүштү.
Эпке келбеген "элдешүү"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
1-февралда Абу-Дабиде АКШнын, Украинанын жана Орусиянын делегацияларынын үч тараптуу жолугушуусунун алдында Москва Украинанын энергетикалык инфраструктурасына чабуулдарды убактылуу токтотууга макул болгон.
АКШнын президенти Дональд Трамп "энергетикалык элдешүүгө" келүүнү өтүнгөн, ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков энергетика тармагына чабуул койбоо макулдугун тастыктап, бирок бул 1-февралга чейин гана күчүндө болорун айткан.
Президент Владимир Зеленский "элдешүү" 31-январга караган түнү башталганын билдирген. Дүйшөмбү күнү ал 1-февралда энергетикалык инфраструктурага максаттуу чабуулдар коюлбаганын айтты.
Ошол эле маалда Орусия Украинага дрондор менен чабуулун токтоткон жок. 1-февралда орусиялыктар Павлоград районунда (Днепропетровск облусу) ДТЭК энергетикалык компаниясынын кызматтык автобусуна дрондор менен чабуул коюшту. Натыйжада бери дегенде 12 адам каза болду.
2-февралга караган түнү Орусия Черкассыга, анын ичинде энергетикалык объектилерге жапырт чабуул койду.
Үч тараптуу сүйлөшүүлөр 4-5-февралга жылганы белгилүү болгондон кийин Кремль "энергетикалык элдешүүнүн" мөөнөтүн узартуу ниетин билдирген жок. (ZMa)




























