You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Фашисттер арий расасын издеп Тибетке барганда...
1938-жылы Германиянын Наци партиясынын көрүнүктүү мүчөсү жана Холокосттун башкы архитектору Генрих Гиммлер беш кишини ыктымал арий расасынын тамырын издеп табуу үчүн Тибетке жөнөткөн. Жазуучу Ваибхав Пурандаре Индия аркылуу өткөн аталган топтун экспедициясы жөнүндө кызыктуу аңгемесин сунуштайт.
Экинчи дүйнөлүк согуш башталганга чейин бир жылдай мурда немистердин тобу Индиянын чыгыш чек арасын бойлой жашырын келип конушкан.
Алар “арий расасынын түпкү тамырын” ачып чыгуу боюнча миссияда эле.
Адолф Гитлер түндүктөгү “арий” элдер болжолдуу 1500 жыл мурун Индияга барышып, “арий эмес” калктар менен аралашып “кылмыш” кылган жана муну менен алар өздөрүн Жер бетиндеги башка адамдардан жогору кылып турган сыпаттарынан кол жууп калган деп ишенген.
Гитлер өзүнүн сөздөрүндө, жазуусунда жана талкууларында сезимин билдирип, Индиянын элине жана алардын эркиндик үчүн болгон күрөшү боюнча терең антипатиясын үзгүлтүксүз айтчу.
Бирок, Гитлердин алдыңкы лейтенанттарынын бири жана ССтин башчысы Гиммлердин ою боюнча, Индия субконтиненти жакындан көз чаптырууга дале татыктуу болчу.
Ошентип Тибет дагы көзгө илешип калган.
Түндүктөгү жогорку ак раса идеясына ант ичкендер кайып болгон Атлантис шаарынын жомогуна ишенишкен. Аталган шаарда бир убактарда “эң таза кандуу” адамдар жашаган делет. Атлантика океанында Англия менен Португалиянын ортолорунда бир жерде жайгашканы айтылган бул мифтик арал ыйык чагылган түшүп чөгүп кеткен деген уламыштар бар.
Аман калган арийлердин баары коопсуз жайларга көчүп барганы айтылат. Гималай аймагы, айрыкча Тибет “дүйнөнүн төбөсү” катары белгилүү болгондуктан, ошол жайлардын бири делет.
1935-жылы Атлантистеги адамдардын кайда кеткенин аныктоо үчүн Гиммлер ССтин ичинде “Аненербе” (Ahnenerbe) же “Ата-бабалар мурасы боюнча бюро” деп аталган бөлүм ачкан. Жарык күндө эле түшкөн чагылган менен ташкын суудан адамдар кайып болуп кеткендиктен, улуу расанын изи кайда калганын жана кайдан табууга болорун каалашкан.
1938-жылы ал беш немистен турган топту Тибетке “издөө операциясына” жөнөтөт.
Топтун эки мүчөсү башкалардан айырмаланып турган. Бири 28 жаштагы Эрнст Шафер шыктуу зоолог болгон. Ал Индия-Кытай-Тибет чек арасына мурдараак эки жолу барган. Шафер ССке 1933-жылы Нацинин жеңишинен кийин көп өтпөй эле кирген болчу. Ал эми Гиммлер аны Тибет экспедициясы боюнча кийин жетектей баштаган.
Шафер ууга чыкканды жакшы көрчү жана өзүнүн Берлиндеги үйүндө олжолорду чогулткандан ырахат алчу. Бир жолу ууга чыкканда ал кайыкта жубайы менен отурган. Өрдөктү атууга камынып жатып, тайгаланып кетип кокустан жубайынын башына атып өлтүрүп алган.
Экинчи негизги киши Бруно Бегер. Ал 1935-жылы ССке кошулган жаш антрополог болгон. Бегер тибеттиктердин баш сөөктөрү менен бетинин түзүлүшүн ченечү. “Айрыкча бул аймактагы түндүк расасынын пропорциялары, түп тамыры, мааниси жана өнүгүшү боюнча материалдар топтолду”, - деген ал.
Беш немисти ташыган кеме Шри Ланкадагы Коломбо жергесине 1938-жылы май айында келип токтогон. Ошол жерден алар дагы бир кемеге отуруп Мадраска (азыркы Ченнайга), андан кийин үчүнчүсү менен Калкуттага (азыркы Колкатага) барышкан.
Индиядагы Британиянын бийлик өкүлдөрү сапарда жүргөн немистер жөнүндө кабардар болгон жана аларды тыңчылар деп ойлогон. Алар башында немистерди Индия аркылуу өткөрүүгө батынган эмес. Кийин Британиянын Индиядагы “Times” гезити “Гестапонун агенти Индияда” деген күнөөлөгөн тема коюп макала чыгарган.
Индиянын түндүк-чыгышындагы Сикким штатында жайгашкан Гангтоктогу Британиянын саясий кызматкери дагы немистерге Сикким аркылуу Тибетке өтүп кетүүсүнө уруксат берүүгө көңүлсүнгөн эмес.
Бирок акыр аягында Наци тобунун чечкиндүүлүгү жеңип кеткен. Жылдын аягына чейин беш немис эшектерине жана жүктөрүнө тагылган свастика байрактары менен Тибетке кирип барышкан.
Свастика Тибетте кеңири колдонулган белги болчу. Калк арасында ал “юңдруң” деп аталган. Шафер менен анын тобу бул белгини Индияда жүргөндө да индустардын арасында көп кезиктирген. Индустардын арасында свастика көптөн бери жакшылыктын белгиси катары мааниге ээ.
Ал тургай азыркы күндө да бул белгини үйлөрдүн сыртында, ибадатканалардын ичинде, көчөлөрдүн бурчунда жана машиналар менен жүк ташуучу унаалардын арткы отургучтарында кезиктирүүгө болот.
Ал ортодо Тибетте абал өзгөрүп жаткан эле.
13-Далай Лама 1933-жылы каза болуп, жаңысы болгону 3 жашта эле. Ал эми Тибеттеги буддист королдугу регент тарабынан башкарылып турган. Немистерди регент жана жалпы эле тибеттиктер аябай жакшы тосуп алышкан. Беткаптарды жасаган Бегер бир аз убакыт нөөмөтчү дарыгер болуп иштөөгө да үлгүргөн.
Тибеттик буддисттер билбеген бир нерсе бар болчу: нацисттердин бузуку оюнда, индуизмдей эле буддизм да Тибетке барган арийлерди алсызданткан дин болгон. Натыйжада, алар эрки-күчүн жоготуп коюшкан.
Шафер жана башкалар зоология жана антропология тармагында илимий иштерди жүргүзүмүш болуп, бирок өздөрүнүн чыныгы “изилдөөсүн” жүргүзүп жаткан кезде немис экспедициясы 1939-жылдын август айында, согуштун айынан, кокустан үзгүлтүккө учурап калган.
Ал убакка чейин Бегар 376 тибеттиктин баш сөөгүн жана өзгөчөлүктөрүн өлчөп, 2000 фотосүрөт тартып бүткөн болчу. Ошондой эле, ал “17 кишинин баштарынын, беттеринин, колдорунун жана кулактарынын калыбын түшүрүп” алууга жетишкен. Андан тышкары “350 кишинин манжа жана кол издерин” чогултуп алган.
Ошондой эле, ал 2000 “этнографиялык артефакт” топтоп, дагы бирөө ак-кара түстөгү 18 миң метр тасма менен 40 миң фотосүрөт тарткан.
Алардын экспедициясы үзгүлтүккө учураганда, Гиммлер бул топту Калкуттадан учуп кетиши үчүн сүйлөшүү жүргүзүп, аларды Мюнхенден өзү тосуп алган.
Шафер согуш учурунда Залцбургдагы чепке өзүнүн Тибеттен алып келген “байлыктарынын” көбү менен көчүп кеткен. Бирок 1945-жылы Тилектеш күчтөр келгенде бул жер талоонго алынып, Тибетте тартылган көптөгөн сүрөттөр менен башка материалдар талкаланып кеткен.
Экспедициянын “илимий жыйынтыктары” деп аталган башка материалдар да согуш учурунда окшош тагдырга туш болгон: алар жоголгон же талкаланган. Нацисттердин шерменде өтмүшүнөн улам согуштан кийин материалдардын артынан эч ким издеп түшкөн эмес. (EA)
Ваибхав Пурандаре Westland Books басмаканасы чыгарган “Гитлер жана Индия” китебинин автору