You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Холокост курмандыктары: "Мен үйүлгөн өлүктөрдүн арасында жаттым, бирок сынган жокмун"
Бул аялдар Холокосттун акыркы күбөлөрү. Ал учурда булар эселек кыздар эле, кудайдын кудурети менен аман калышты.
Бирок азап ошону менен бүтүп калган жок. Ар бири бейпил турмуштагы ордун табуу үчүн өтө татаал жолду басып өттү. Ошол окуяларды кайра көздөн өткөрүп, айтып берүүгө күч табуунун өзү канчалык оор. 75 жыл мурунку азап-тозокту кайра жашагандай эле...
Ева Сэпеши
87 жаштагы Ева Сэпеши Освенцим концлагерине түшкөн учурда 12 жашта эле. Ошол окуялар анын балалыгын уурдады. Азыр дагы колунан учкан балалыкты кайтарып алууга аракет кылып жаткандай сезилди. Интервью алалы деп жатканда, Ева атыр алып чыгып себинип калды.
"Билесиңерби, менин апамдын кичинекей айнек идиште атыры болоор эле. Баламын да, мен дагы апамдай болуп жагымдуу жыттангым келип, шкафтан алам деп жатып колумдан түшүрүп жибердим. Идиш талкаланып, үй ичи атырдын жыпар жытына аңкып чыкты.
Бизди Освенцим концлагерине алып келе жаткан жолдо эмнегедир ошол атырдын жытын эстей бердим. Биздин вагондо өтө жагымсыз жыт турган.
Анткени дааратканга чыгарышкан эмес. Кимдир бирөө окшуп жатты. Бирок мен апамдын атырынын жагымдуу жытын элестетип бара бердим".
Газ камерасы
Ева көгүлтүр свитер кийип, бермет шуру тагынып алыптыр. Толкунданып колдору калтырап кетип жатты. Колуна түшүрүлгөн татуировкада "26877" деген сандар бар. Бул номерди Освенцим концлагерине келген учурда басышкан.
"Согуштан кийин татуировканы упа менен же узун жеңи бар көйнөк кийип жаап жүрдүм. Бирок аны өчүрүп салуу оюма келген жок. Бул мага гана тиешелүү. Көптөгөн тутукундардын колунун сыртына чоң кылып номерди чегишкен. Меники кичинекей болчу",-дейт Ева.
Освенцим концлагеринде келген кишилердин 70 пайызын алгачкы эле күндөрү өлтүрүшкөн. Темир жол түз эле газ камераларга чейин келген. Кишилерди вагондон түшүрүп, арасынан кара жумуш үчүн тандап алып, калгандарын өлүмгө буюрушкан.
Еваларды барак үйлөргө жайгаштырышкан. Эртең менен ага лагерде көзөмөлдөөчү болуп иштеген аял күтүүсүз жерден келип:
"Жашың канчада? 12? Сенин жашың 16да, мындан кичүү көрүнөм деп аракет да кылба",-деп зекип кеткен.
Ева аябай коркуптур. Кийин аларды катарга тизип, жашын сураганда "16 жаштамын" деп жооп берет. Көрсө, бул анын өмүрүн сактаптыр. Он алты жашка чыга электердин баарын газ камераларга жөнөтүп, Еваны кара жумушка бөлүнгөндөргө кошкон.
Өмүр бою эсте калган кызыл жылдыз
"1945-жылдын январында абдан катуу ооруп жаткам. Алым жок эле. Тегерегимде араң жан кишилер жана өлүктөр жаткан. Кызыл Армия жакындап калгандыктан, фашисттер артка чегинип, баса алгандын баарын өздөрү менен чогуу алып кетишти. Алар кылмышын жашыруу үчүн Освенцимде тирүү калгандардын баарын атып салууга буйрук кылышкан",-деп эскерет Ева Сэпеши.
Ева улам эстен танып, өлүм алдында жаткан. Негедир ага ок короткулары келбегенби, айтор атышкан эмес.
"Эңги-деңги абалда жаткан учурумда, тоодой өлүктөрдүн арасында экенимди сездим. Таптакыр алым жок эле, бирок сынгым келбеди. Кимдир бирөө оозума кар салды. Мага муздак кар жардам берди! Кайра эсиме келгенде, аскер тумакчан советтик жоокер мени карап туруптур. Тумак абдан кооз көрүндү жана анда беш жылдыз бар экен. Ал мага карап жылмайды...Анын жүзүндөгү жылуулуктан ушунчалык өзүмдү бактылуу сездим. Мен аны өмүр боюу унутпайм",-деди жылмайган Ева.
Ева концлагерден кийин кайрадан басканды үйрөнгөнүн, мектеп партасына кайра олтуруп, жашоону улантуу үчүн күрөшкөнүн кеп салды.
Тамар Драйфус
"Согуштан кийин кишилердин көзүнө караганды кайрадан үйрөнүүгө туура келди",-дейт Тамар Драйфус.
Менимче, ал маектешүүгө астейдил даярданыптыр. Сумкесинен согуш маалынан бери сактап жүргөн бир нече эски сүрөттөрдү, буюмдарды алып чыкты.
"Вильнодогу (Вильнюс) жөөттөрдүн геттосун 1941-жылы түзүшкөн. Мен анда үчтөн эми өткөн куракта элем. Бирок айрым учурлар эсимде бекем сакталып калыптыр. Өзгөчө атамды көргөн акыркы күн,-деп кебин баштады Тамар. -Бул 1943-жыл эле. Немистер келип баарын чогулууга буйрук беришти. Биз жашынып калдык. Бирок сырттан бүт эркек атуулардын баары чыксын, болбосо баарын жардырып салабыз деген буйрукту угуп турдук".
Тамардын атасын башка эркектер менен чогуу кара жумушка алып кетишкен. Кийин атасын өлтүрүп салышканы тууралуу уккан.
1943-жылы Вильнюстагы геттодо 50 миң чамалуу кишин жок кылышкан. Тамар менен апасын концлагерге жөнөтүшкөн. Алар үч жолу качууга аракет кылып, эки жолкусунда кармалып калышкан. Апасына 25 жолу балак чабышкан. Үчүнчү эле соккудан кийин эстен танган экен. Экинчи жолу качып кармалганда, Тамардын апасы башына катуу сокку алып, эки күн эстен танып жатып калган. Бирок аларды өлтүрүшкөн эмес. Үчүнчү жолу аларды душка жиберишкенде качып чыгышкан.
Ушундан кийин апасы аны ээрчитип алып, фашисттерден качып, ар кайсыл айылда жашынып жүргөн. Бирок ал үчүн фашизм менен күрөш 1945-жылы эле бүтүп калган эмес. Ал он жылдан кийин дагы бүткөн жок. 1959-жылы Тамардын күйөөсүнө Мюнхенден жумуш сунушталганда Германияга баргысы келгенин айтты. Акыры макул болду.
Согуштан кийин жазасыз калган нацисттерди көп жолу кездештирип, аларга каршы күрөшүп келди. Күйөөсү менен чогуу "нацисттерди табууга" аракет кылган ыктыярчыларга жардам беришти.
Азыр Тамар жалгыз жашайт. Күйөөсү көз жумганына бир нече жыл болду. Балдары өз турмушу менен алек. Тамар азыркы саясатка дагы көз салып турат.
"Дүйнөдө ультраоңчулдар кайра бийликке келип жатат. Бул мени тынчсыздандырат. Кишилер кайра эле чоочундар, бөтөндөр деп жактырышпайт. Мындай мамилени өзгөртүү керек. Тили, өңү, ишенимине карап кабыл албашыбыз керек. Буга жетүү үчүн дагы күрөшүүгө туура келет".
Мария Нейман: "Согуш бизди боорукерликке тарбиялады"
1941-жылы 23-июнда фашисттер Борисовго (Беларусиянын аймагында) кирип келгенден тарта азап-тозок башталды. Жөөттөрдүн баарын геттого кубалап киришкен.
1941-жылы 20-октябрда геттодогу кишилердин баарын атып салышкан. Тарыхчылардын айтымында, жети миң кишиден ондогону гана аман калды
"Сиңдим экөөбүздү апам сактап калды. Атамды биз менен жер төлөгө жашынтып, апам өзү кичинекейлер менен үйдүн үстүңкү кабатына чыгып кетти. Кичинекейлер ыйлап жиберсе, баарыбызды таап алышат деп ойлогон. Үйгө немистер кирип келип, аларды таап алышты дагы, атуу үчүн алып чыгып кетишти".
Мария, Геня жана атасы эки сутка жашынып жатышкан. Бул учурда фашисттер айыл элин кантип кырып жатканын угуп турушкан.
Эки айдан кийин атасы партизандарга кошулуп кетип, кыздарын балдар үйүнө жөнөткөн.
"Коштошуп жатканда атам: "Кудайга ишенгиле жана адамдарга ишенгиле",-деп айтты. Ушул насаат сөзү менен жашап жүрөм. Ар кандай окуялар болду, кээ учурда туңгуюкта жол таппай каласың. Бирок бардык учурда жардам колун сунган кишилер болгон".
Согуштан кийин Мария атасы 1944-жылдын жай айында каза тапканын билди. Ал аз болгондо Борисовдун бошотулганын көрмөк экен...(AbA)
Ольга Ившинанын макаласы айрым кыскартуулар менен которулуп жарыяланды.