You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Хирургдар колдонгон нацисттердин анатомия китеби
- Author, Keiligh Baker
- Role, BBC News
Хирург Сюзан Маккиннон операцияга даярданып жатканда XX кылымдын ортосунда жазылган анатомия китебин колуна алат.
Китепте денедеги ар бир булчуң, тери алдындагы дене мүчөлөрү так жана кеңири көрсөтүлгөндүктөн, бул китеп хирургдар арасында көп колдонулат. Вашингтон университетинин окумуштуусу хирург Маккиннон дагы аны жашырбайт.
Эдуард Пернкопфдун "Адамдын анатомиясы" китеби дүйнөдөгү эң мыкты анатомиялык китеп катары таанылган. Андагы сүрөттөр тери, булчуң, нерв, орган жана сөөктөрдү түстүү көрсөтөт. Бирок Пернкопфдун Атласы атка конгон китеп кайрадан жаңы нускада басып чыгарылбайт. Себеби китептеги миңдеген сүрөттөр нацисттер өлтүргөн жүздөгөн бейкүнөө адамдардын жансыз денесинен алып тартылган.
Китептин эски нускасы интернетте миңдеген долларга бааланууда. Хирургдар китепкана же баасына карабай туруп бул китепти сатып алууга кызыгат.
Окумуштуулар бул китепти колдонуунун этикалык жагы жөнүндө тынбай талкуу өткөрүп келатышат. Хирург Маккиннон дагы китептин тарыхы кейиштүү экенин мойнуна алат, бирок учурда бул китеп башка адамдардын өмүрүн сактап жатканын айтат.
Медицина мыйзамдары боюнча профессор Жосеф Полак Холокост учурунда аман калган. Ал китеп "этикалык суроолорду" жаратканы менен, аны "туура багытта колдонсо болот" дейт.
Эдуард Пернкопф нацисттик Германияда эң белгилүү дарыгерлердин бири болгон. Ал Адольф Гитлерди колдоп, 1938-жылдан тарта ишке нацисттик форма кийип келгенин анын кесиптештери айтып берген.
Пернкопф Вена университетинде медициналык факультеттин башчысы катары дайындалганда, жөөт кызматкерлердин баарын, анын ичинде Нобель сыйлыгын алган окумуштууларды дагы иштен айдаган.
1939-жылдан тарта нацисттик бийлик өлүм жазасына тартылган туткундардын жансыз денесин университеттерге изилдөө үчүн жөнөтө баштаган. Дал ушул доордо Пернкопф күнүнө 18 саат иштеп, адамдын анатомиясын кылдат изилдеп, китебин жазган. Айрым учурда анатомия институту жетишпей, туткундардын өлүм жазага тартуу күнү жылдырып турган экен.
Гарвард университетинин профессору Сабин Хилденбрандт китептеги 800 сүрөттүн жарымы саясий куугунтукка кабылгандардын жансыз денесине жасалган изилдөө экенин айтууда. Изилдөөлөр сыгандар, саясатчылар, жөөттөр жана гомосексуалдардын жансыз денелеринде жүргүзүлгөн.
Китептин биринчи нускасы 1937-жылы ачык көргөн. Андагы сүрөттөрдү Эрик Липиер менен Карл Эндтрессер тарткан болчу. 1964-жылы бул китеп кайрадан басылып чыгарылып, нацисттик Германиянын символдору алынган эмес. Соңку нускасында нацисттердин символдору өчүрүлгөн.
"Адамдын анатомиясы" беш башка тилге которулуп, миңдеген нускасы сатылган. 1990-жылдары гана окумуштуулар менен студенттер китепти колдонуунун этикалык көйгөйлөрү тууралуу сөз кыла баштаган. Дал ушул себептен 1994-жылы китептин жаңы нускасын чыгарууга тыюу салынган.
Бул китеп бир нече мамлекетте колдонулбайт деп айтылган. Бирок хирургдар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, дарыгерлердин 59 пайызы бул китепти мурда колдонгон, 13 пайызы дагы деле колдонот. Сурамжылоого катышкандардын 69 пайызы китептин тарыхын билсе деле, аны колдонуу туура деп чечкен, 15 пайызы "этикалык көйгөйдөн" улам китептен баш тарткан.
Хирург Маккиннон болсо китептеги сүрөттөр так экенин жана татаал операцияларда китептеги маалымат адамдын өмүрүн сактап каларын айтат. Ал этика боюнча талкууга катышкысы келбейт.
Бирок "Адамдын анатомиясынын" тарыхынан улам, ал китепти ачык жерге таштабайт. Дайыма катып коет.
Өткөн жылы медицина мыйзамдары боюнча профессор жана динаятчы Жосеф Полак китептин "этикалык көйгөйлөрүнө" токтолуп, аны колдонбой коюуга негиз жок экенин далилдеген. Тескерисинче, жөөт коомчулугу китепти туура багытта колдонуу куугунтукталган бейкүнөө кишилердин кадырын көтөрөт деп айткан.
"Хирург Маккиннондун мисалын алалы. Ал буттагы нервди таба албай кыйналган. Бейтап буту ооруп, "аны кесип салгыла" деп суранган. Китептин жардамы менен нерв табылып, бейтап бутун сактап калды. Хирург Пернкопфдун атласынан нервди бир нече мүнөттүн ичинде аныктады. Бул жерде этика ким тарабында? Эгерде китеп оорулууга жардам бере турган болсо, анды аны колдонушубуз керек",-деди Полак.
Экинчи дүйнөлук согуштан кийин Пернкопф камакка алынып, Вена университетиндеги наамынан айрылган. Ал үч жыл бою түрмөдө отурганы менен, ага эч кандай айып коюлган эмес.
Эркиндикке чыккандан кийин Пернкопф ишин улантып, 1952-жылы китебинин жаңы нускасын басып чыгарган. Ал 1955-жылы китебинин төртүнчү бөлүгү чыгардын алдында каза болгон.
Андан бери алтымыш жыл өтсө дагы бул китеп адамдын анатомиясын так көрсөткөн булак бойдон калды.
Макаланын авторун "Твиттерде" табыңыз: @keiligh1