Bloomberg: Евробиримдик айрым товарларды Орусияга экспорттогону үчүн Кыргызстанга санкция салышы мүмкүн

КР-ЕБ

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кыргызстан Европа Биримдигинин санкцияларына кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Украинадагы согушка байланыштуу даярдалып жаткан санкциялардын 20-пакетинин алкагында Кыргызстанга каршы чаралар да талкууланууда. Кыргыз бийлиги санкциялык товарларга байланыштуу Батыш мамлекеттеринин дооматын четке кагып келет.

Bloomberg агенттигинин булактары билдиргендей, санкцияларды айланып өтүүгө каршы атайын иштелип чыккан жаңы механизм алгачкылардан болуп Кыргызстанга карата колдонулушу мүмкүн. Сөз болуп жаткан чаралардын катарында Кыргызстанга станокторду жана радиоэлектрондук жабдууларды сатууга тыюу салуу да бар.

Бирок басылма Кыргызстандагы кайсы тармакка санкция салынышы мүмкүндүгүн тактаган жок.

Украинада согуш башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Кыргызстан санкцияланган товарларды Орусияга өткөрүү боюнча транзит түйүндөрүнүн бирине айланганын билдирип келишет. Алардын айтымында, Европадан Кыргызстанга экспорттолгон товарлардын орчундуу бөлүгү тыюуларга карабастан Орусия рыногуна чыгууда.

Brookings Institution аналитикалык уюмунун эсептөөлөрүнө ылайык, Эстониядан Кыргызстанга экспорт 10 000 пайызга, ал эми Финляндиядан 3100 пайызга өскөн. Польшадан 2200 пайызга, Грециядан 2100 пайызга көбөйгөн. Норвегия, Улуу Британия, Германия жана Чехиядан экспорт көрсөткүчтөрү 1000 пайыздан ашык жогорулаган.

“Кыргызстан Орусияга жеткирилүүчү Европа товарларынын башкы экспорт багыты болуп калды", - дейт Brookings Institution уюмунун экономисти Робин Брукс.

Орусиянын Украинадагы толук масштабдуу согушу башталгандан бери АКШ, Британия жана Евробиримдик Кыргызстандагы компанияларды, банктарды жана крипто ишканаларды кара тизмеге киргизип, алар “Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөштү“ деген жүйөөнү келтирген. Алардын арасында KIFIKO LLC, Grinex LLC, Old Vector LLC, Tengricoin сыяктуу компаниялар, ошондой эле "Капитал", "Керемет", "Толубай Банк" жана "Евразия сактык банкы" банктары бар.

Бул ишканалардын арасында крипто тармакта иштегендери да бар. Маселен Кыргызстанда өткөн жылы Grinex криптовалюта биржасы өз ишин баштаган. Бул платформада рублге байланган A7A5 стейблкоини гана колдонулат. Аталган биржа Орусияда жашаган жана Батыштын санкциясына кабылган молдовалык олигарх Илан Шор жана Орусия коргонуу тармагына тиешеси бар "Промсвязьбанк" тарабынан түзүлгөнү туралуу Financial Times өз иликтөөсүндө жазып чыккан.

Батыш басылмалары 2025-2026-жылдары Grinex криптобиржаcы аркылуу миллиарддаган АКШ доллардай каражат айланганын жазышып, аны санкцияларга кабылган Орусиянын көмүскө төлөмдөрүнө байланыштырышууда.

Брюсселде мындай схемалар санкциялардын натыйжалуулугун алсыратат деп эсептешет. Ушуга байланыштуу Евробиримдик "экинчи даражадагы санкциялар" деп аталган механизмди – башкача айтканда, санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшкөн үчүнчү өлкөлөргө басым көрсөтүү чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууда.

Европа Биримдиги Орусияга каршы 20-санкциялык пакетти 24-февралда бекитүүнү пландап жатат.

Кыргыз бийлигинин көз карашы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-январдагы маалымат жыйынында өлкөгө киргизилип жаткан санкциялар боюнча Батыш мамлекеттери менен бул багытта сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалымдаган.

Министрдин айтымында, кыргыз тарап өз аргументтерин сунуштап, атүгүл көз карандысыз аудит өткөрүүнү демилгелеген. Бирок “өнөктөштөр муну максатка ылайыксыз деп таап, санкцияларды бир тараптуу киргизүүнү улантууда" деген министр.

"Биз Европа Биримдиги жана Америка Кошмо Штаттарындагы өнөктөштөрүбүз менен күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча туруктуу негизде иштешип жатабыз. Биз америкалык жана европалык тараптар менен бир катар консультацияларды өткөрдүк, анын жүрүшүндө өз аргументтерибизди сунуштап, атүгүл көз карандысыз аудит жүргүзүүнү сунуштадык. Бирок учурда биздин өнөктөштөр муну максатка ылайыксыз деп эсептеп, бир тараптуу тартипте санкцияларды киргизүүнү улантышууда. Биз муну туура эмес деп эсептейбиз. Кыргызстан Борбордук Азиянын так ортосунда жайгашкан жана биз аркылуу транзиттик ташуулардын, сооданын чоң агымы өтөт. Биз санкциялык режимдер боюнча ишти улантабыз, бирок алар санкция киргизип жатат деп эле салттуу, туруктуу өнөктөштөрүбүз менен сооданы токтотуп коё албайбыз", - деди Кулубаев.

Министр белгилегендей, дүйнөдөгү каатчылыктар учурунда Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, ошондуктан мамлекеттин башкы милдети — элдин бакубаттуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сооданы улантуу. "Биз ушуну Батыштагы кесиптештерибизге жеткирип жатабыз", - деген Кулубаев.

Министр Кыргызстан бардык эл аралык милдеттенмелерди жана келишимдерди так сактап жатканын кошумчалаган.

"Биз эл аралык милдеттенмелерди жана келишимдерди сактап жатканыбызды айтып жатабыз. Эгерде олуттуу далилдери болсо, сураныч, аларды бизге далилдеңиздер деп айтып жатабыз. Алар далилдеп бере элек. Бирок, ага карабастан бир тараптуу тартипте санкцияларды жарыялап жатышат. Муну биз туура эмес деп эсептейбиз, бул тууралуу биздин президентибиз да айткан. Биз Европа Биримдигинин, АКШнын жана Улуу Британиянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз жана бул иш үстүбүздөгү жылы да улантылат", - деди министр.

Президент Садыр Жаапаров 2025-жылы сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында сөз сүйлөп, өлкөгө салынган санкцияларды негизсиз деп атап, муну ички ишке кийлигишүү катары баалаган эле.

Жапаров Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип жатканын, эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келерин белгилеген.

"2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Орусия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Орусиядан импорттолгон товарлар болгон. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Орусия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн. Кимдир бирөөлөр Орусия менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган. Бизге Орусия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди силерге караганда Орусия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат", - деген Жапаров.

Ал Кыргызстан башкалар менен тирешүүнү каалабай турганын, дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзө турганын айтып, Кыргызстан ошол эле Англияга жылына 1 млрд долларлык алтын сатарын мисал келтирген.