"Пиязым өнүп кетпесе болду". Кыргыз-казак чек арасында кайрадан тыгын

Айдоочулар
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болду. Буга казак тарапта текшерүүлөр күчөгөнү себеп болууда. Астана Казакстан эки өлкөнүн экономикасына, эл аралык аброюна зыян келтире турган мыйзамсыз иштерди токтотуу аракет кылып жатканын билдирген. Кыргыз тарап Казакстандын текшерүүлөрдү күчөткөнү тууралуу билдирүүсүнө пикирин билдире элек. ЕАЭБге мүчө Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезеги жылда болот. Айдоочулар жаңы текшерүүлөрдүн айынан күндөп-түндөп күтүп, кыйналып жатканын айтып нааразы. Би-Би-Си кабарчылары жеринен барып айдоочулардын абалынан кабар алды.

Иляс бул сапар Орусияга 20 тонна пияз жүктөп жөнөгөн. Чек арадан өтө албай турганына туура төрт күн болду. Учурда ал пиязы өнүп кетпесе экен деп кабатыр.

"Эмне себептен бизди кармап турушат, түшүнгөн деле жокмун. Ар ким ар кандай товар ташыйт. Айрымдар тез бузулуп кетүүчү товарларды ташып өтөт. Биз пияз жүктөп баратабыз, анын да мөөнөтү бар. Эгер ушинтип тыгында тура берсек, Москвага жеткенге чейин бузулуп кетиши мүмкүн. Эрте өткөрсө жакшы болмок. Бул убакытка чейин жарым жолду басып өтүп коймокпуз да. Уйкудан да калып жатабыз",- деди Иляс.

Иляс.

Бектурган Бишкектен Москвага унаа жүктөп бара жатат.

"Бизге коңшу өлкөдө катуу текшерүү жүрүп жатат деп айтышты. Башка маалыматым деле жок. Чек арада мындай кезек жылына эки-үч жолу болуп турат. Көпчүлүк тоскоолдуктар Казакстан тараптан болот. Бир жарым суткадан бери уктай элекмин. Мамлекет коңшу өлкө менен сүйлөшүп, маселени чечип берсе жакшы болмок",- деди Бектурган.

Бектурган

Улукбек Кыргызстандан Орусияга товар ташып иштегенине көп жыл болгон. Анын чек арада суткалап калып калган учурлары бар. Айдоочунун айтымында, кечеңдетүүлөр көбүнчө Казакстан тараптан болот, бирок Кыргызстандын чек ара кызматында да мүчүлүштүктөр жок эмес.

"Түндө саат 3:00дө салык кызматына келдим. База иштебей калды деп таңкы 9:00гө чейин кармады. Саат 12:00гө чейин 20 унаа гана өттү. Үч саатта араң 20 унааны текшерип бүтүштү. Мен Орусияга жаңгак ташып бара жатам. Абал кыйын эле болуп жатат. Чек аранын так иштебей жатканы жана Казакстан тараптын катуу текшерүүлөрү бизди кыйнап жатат. Бул жолду беш саатта басып өтүшүбүз керек эле, азыр болсо турабыз",- деди Улукбек.

Улукбек

Евразиялык экономикалык комиссиянын билдирүүсү

Ал ортодо чек арадагы кырдаалга байланыштуу Евразиялык экономикалык комиссия да расмий билдирүү таратты. Анда Казакстан жүк ташуучу унаалардын кармалып жатышын чек арадагы текшерүүнүн күчөтүлгөнү менен түшүндүрүп, бул аракеттер мыйзамсыз товар жүгүртүүнү токтотууга багытталганын айтан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар даректүү жана убактылуу. Ал мамлекеттик коопсуздукка коркунуч жараткан мыйзамсыз товар жүгүртүүнү токтотууга багытталган. Астана Кыргызстан менен коңшу, стратегиялык өнөктөш жана союздаш катары өлкөлөр ортосундагы байланышты жогору баалайт. Казакстан эки өлкөнүн экономикасына, эл аралык аброюна зыян келтире турган мыйзамсыз иштерди токтотуу аракетин түшүнүү менен кабыл алат деп үмүттөнөт",- деп жазылган Казакстандын ыйгарым укуктуу органынын билдирүүсүндө.

Евразиялык экономикалык комиссия болсо бул текшерүүлөр ар бир өлкөнүн өз ыйгарым укуктарынын алкагында жүргүзүлүп жатканын жана ЕАЭБдин ишине таасир тийгизбей турганын белдирген.

Расмий Бишкек Казакстандын текшерүүлөрдү кайрадан күчөткөнү тууралуу соңку билдирүүсүнө пикирин билдире элек.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында мындай маселе жылда кайталанат.

Буга чейин Кыргызстандын Экономика министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы ушул сыяктуу көрүнүштөр үчүн коңшу мамлекетти айыптап, Казакстан тарап ЕАЭБдин бирдиктүү иштөө принцибин бузуп жатканын айтып чыккан.

ЕАЭБдин жоболоруна ылайык, эркин соода, эркин акча жүгүртүү жана жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүүсү башкы принциптер болуп саналат.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкө. Беш мамлекеттин башын бириктирген уюмга Кыргызстан жаңы кошулганда коомдо кайчы пикирлер болуп, кызуу талкуулар жүргөн. Ошентсе да кыргыз бийлиги биримдикке кошулууну экономикалык чоң жеңиш катары баалап келет.

Анткени өлкөнүн биримдикке кошулуусу Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногуна тоскоолдуксуз чыгуусуна жол ачаарын айтышкан.

Ошол эле учурда айрым эксперттер Орусия үстөмдүк кылган ЕАЭБ уюму көбүрөөк саясий мотивди көздөөрүн, ушунча жыл аралыгында Кыргызстан олуттуу деле утушка ээ болбогонун айтып сындагандар да жок эмес.