“Клооптун” сайты бөгөттөлөбү?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Клооп” басылмасына кат жолдоп, анда “cаясатчы Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жайда кыйноого кабылганы” тууралуу жаңылыкты сайтынан алып салууну талап кылды.

Министрлик бул үчүн эки күндүк убакыт берип, эгер алардын талабы орундалбаса “Клооптун” сайты бөгөттөлөрүн эскертип жатат.

"Клооп" сын жараткан маалыматты сайтынан өчүрбөй турганын билдирүүдө

Сүрөттүн булагы, Kloop

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Клооп" сын жараткан маалыматты сайтынан өчүрбөй турганын билдирүүдө

Министрликтин Маалымат саясаты башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева “Клооптун” үстүнөн Улуттук коопсуздук боюнча комитет Маданият министрлигине даттанганын Би-Би-Сиге билдирди:

“Башка чечим чыгарып калышыбыз ыктымал”

“Бизге УКМКдан Равшан Жээнбековдун айткандары боюнча жаңылыктын үстүнөн кат түшкөн. Ошонун негизинде биз Санарип министрлигине өз чечимибизди чыгарып бергенбиз. “Клооп” сайты эки жумушчу күн ичинде ошол маалыматты сайттан алсын дегенбиз. Эгер ал маалымат алынбаса, биз эки айга алардын ишмердигин токтотконго башка чечим чыгарып калышыбыз ыктымал”.

Сарногоеванын айтымында, атайын кызмат алардын аброюна шек келтирилип жатканын жүйө келтирген.

"Клооп" басылмасы 1-сентябрда орус тилинде “Политик Равшан Джеенбеков заявил, что его пытают в СИЗО-1” деп, ал эми 2-сентябрда сайтына ““УКМКнын көрсөтмөсү”. Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады” аттуу эки макала жарыялаган.

Орус тилинде жарыяланган материалдын автору катары Мундузбек Калыков, ал эми кыргыз тилиндегисинин автору катары Найзабек Мукамбетов көрсөтүлгөн. Ал жаңылыктар Равшан Жээнбековдун Facebook коомдук сайтындагы баракчасында жарыяланган постунун негизинде жазылган.

Жаңылыктын орусча бөлүгүндө Жазаларды аткаруу кызматынын Равшан Жээнбековдун айткандарын төгүндөгөн билдирүүсү да камтылган.

Равшан Жээнбеков, саясатчы

Сүрөттүн булагы, Kaktus

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Равшан Жээнбеков, учурда тергөө абагындагы саясатчы
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Клооп” басылмасы алардын электрондук дарегине 7-сентябрь күнү кечке маал кат келгенин ырастады. Ал катта “аталган материалда “жалган маалымат” бар экени айтылат. Ошол эле кезде чечимде так кайсы маалымат жалган экени айтылган эмес”, - делет.

Айдай Токоева “Клооптун” кыргыз редакциясынын редактору:

“Биздин макалабызда баланс сакталган. Бейтарап деп эсептейбиз. Эч кандай жалган маалымат болгон эмес. Ошондуктан биз бул макалабызды өчүрбөйбүз. Бизди бөгөттөшсө, ага даярбыз. Анткени “Азаттыкты” бөгөттөшкөндө биз “күзгү” сайттарды жасаганбыз. Ага кошумча биз эми социалдык тармактардагы контентти да көбөйтөбүз. Анткени аларга тыюу салыша элек, ага баары кире алышат, жеткиликтүү. Ушундай каттын келиши шаардык прокурордун бизге каршы доо арызы менен байланыштуу деп ойлойбуз”.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген.

Прокурор Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.

Медиа коомчулук прокурордун мындай кайрылуусун басма сөз эркиндигине басым, чабуул катары сыпаттаган эле.

Абактан кайрылуу

Эл оозунда “Кемпир-Абад” иши деп атыгып калган кылмыш ишинин алкагында тергөө абагында жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков 1-сентябрда Facebook коомдук сайтындагы баракчасында пост жазып, анда саясий туткун болуп жатканын белгилеген:

“Менин сыз, муздак камерага жатууга ден-соолугум жол бербейт, деп айтканыма карабастан жарым подвал 1-кабатка которушту. Түрмөдөгү медкартамда ден-соолугумдун (боор, бөйрөк оору) туура келбеси көрсөтүлгөн”, - делет ал постто.

Саясатчы бул посту менен эл аралык укук коргоо уюмдарына, Акыйкатчы, укук коргоочуларга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборуна да кайрылган.

Аталган борбордун кызматкерлери аталган иш боюнча тергөө абагында жаткандарды 5-сентябрда барып көрүп келишти.

“СИЗО-1, андан тышкары ИИМге караштуу жети убактылуу кармоочу жайы бар, биз алардын баарын колдонуудан чыгаруу керек деп жатабыз. Ал эми СИЗО-1 тууралуу айта турган болсом, жарым-жартылай жер төлө ошол СИЗОнун техникалык паспортунда биринчи кабат катары көрсөтүлгөн. Бирок факт түрүндө ал жарым-жартылай жер төлө. Биз ошол жарым-жартылай жер төлөнү колдонууну токтоткула деп айтып атабыз. Бүгүнкү күнү ал жерде 200дөн ашык адам кармалат. Биз кемпир-абаддыктар түшүп калганына байланыштуу же бүгүн эле пайда боло калган көйгөй катары эмес, башынан эле ушул көйгөй бар экенин айтып келе жатабыз”,- деди Би-Би-Сиге аталган борбордун директору Бакыт Рыспеков.

Кыйноолордун алдын алуу борборунун сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыйноолордун алдын алуу борборунун сүрөтү, СИЗО-1

Ал тергөө абагындагы төрт саясатчы Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекзанаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыров менен жолугуп, алардын доосун угуп чыкты.

Кыйноолорго каршы улуттук борбору СИЗО-1ге болгон сапарынын жыйынтыгында жарым-жартылай жер төлөлөрдөгү жалпы ным абал боюнча акт түзүлгөнүн билдирди.

Би-Би-Си тергөө абагындагы шарт боюнча Жазаларды аткаруу кызматына кайрылды. Мекеме шектүүлөр менен айыпталуучуларды башка камераларга которуу мыйзам чегинде жүрөрүн, тергөө абактарында кыйноо жоктугун билдирди. ЖАК бул мыйзам кантип иштеп жатканына көзөмөлдү прокуратура органдарын жүргүзөрүн жооп кылды.

" Айыпталуучуларды камераларга бөлүштүрүү тийиштүү мыйзамга ылайык жүрөт. Бул боюнча өкмөт 2006-жылы бекитип берген Юстиция министрлигинин кылмыш-жаза системасынын тергөө абактарындагы ички тартип эрежелери да бар. Тийиштүү мыйзамдын 34-беренеси боюнча айыпталуучулар камактагы тартипти сактоого жана тергөө абактардагы кызматкерлердин талаптарын аткарууга милдеттүү. Өз саламаттыгына жана бөтөндөрдүн ден-соолугуна залака тийгизчү аракеттерди жасабашы керек. Жаза аткаруу жайларында кызматкерлердин, башка шектүү же айыпталуучуларды кемсинткенге жол берилбейт. Ошондой эле абактарда тартипти камсыздап жаткан адамдардын ишине тоскоол кылууга болбойт",- делет Жазаларды аткаруу кызматынын бул тууралуу билдирүүсүндө.

Кыргызстанда былтыр "мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылган" деп шектелип 27 адам кармалган. Массалык кармалгандар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жаңы келишимге каршы чыгып, чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кетет деп бийликти сындап келишкен.

Эл оозунда “Кемпир-Абад иши” деп аталып калган бул кылмыш иши эгемен кыргыз саясатындагы эң резонанстуу иштердин бири болуп жатат.

Президенттин сыны: “жалаң негатив”

Кыргызстанда “Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Башында ал журналистикага кызыккан өспүрүмдөрдү таптачу. Кийин өз аудиториясы бар медиага айланды. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарды да алып келгени белгилүү.

Соңку мезгилде мамлекеттин жерине “Барселонанын” академиясынын имаратын салууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары аралашып жатат деген мазмундагы иликтөө жарыялаган.

Материал жарыялангандан көп өтпөй президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине түшүндүрмө берди. Анда “Клоопту” атап, башка да сайттарга кайрылып, аларды “жалаң негатив жазып, инвесторлорду үркүтүп жатат” деп сыпаттаган эле.

2022-жылы февралда жана октябрда Кыргызстанда бир катар медиалардын, анын ичинде "Клооптун" жабылышын талап кылган митингдер өткөн эле. Ага чыккан экс-депутат Турсунбай Бакир уулу баштаган бир нече адам дагы буга чейин коомдук сайттарда дагы бул басылманын жабылышын талап кылып келишкен. Алар "айрым маалыматтар улуттук баалулуктарга туура келбейт" деген жүйөнү айтышкан. Ошол эле учурда аларга кайчы пикир айтып, "сөз экркиндиги, эркин медианы өнүктүрүү" деген сыяктуу чакырык таштагандар да болгон.

Коомчулук министрликтин “Клооп” басылмасына жолдогон катынын соңу эмне менен жыйынтыкталары боюнча ар кандай божомолдорду айтып, жазып жаткан чагы.