"Клооп": прокуратуранын арызы боюнча медиа коомчулук үн катты

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” редакциясын жоюу боюнча доо арыз менен Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна кайрылды.

Шаардык соттун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова аталган доо арыз учурда Октябрь райондук сотунун өндүрүшүндө экенин билдирди.

Клооп

Сүрөттүн булагы, occrp

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Прокуратуранын арызында “Клооп” басылмасынын ишмердигине каршы бир нече жүйө келтирилген

Айрым медиа эксперттер бул доо арызды сөз эркиндигине чабуул катары баалашууда.

“Оппозициялык маанай” жана соттук экспертиза

Арызда “Клооп” бийликтин ишмердигин жокко чыгарып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын беделине шек келтирген маалыматтарды жарыялап жатканы айтылат:

“Басылманын бир катар макалаларын чогултуп, талдоонун натыйжасында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан тиешелүү экспертиза дайындалган. Соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын 2022-жыл, 11-ноябрдагы корутундусуна ылайык, “Клооп Медианын” макалаларында коомго чындыкка дал келбеген терс процесстерди таңуулап, учурдагы өкмөттүн бардык иш-аракеттерине оппозициялык маанай түзүү менен коомдун пикирин тымызын манипуляциялоо бар”.

Арыз ээси, шаар прокурору Эмилбек Абдыманапов “Клоопко” чыккан ондон ашык макаланы да тизмектеп берген. Ал макалалардын басымдуусу 2021-жылы өткөн шайлоолор убагындагы журналисттик материалдар.

Арыз

Сүрөттүн булагы, 24.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арыз

2020-жылдан тарта “Клооп” Кыргызстанда өткөн бардык шайлоолорго үч миңден ашык байкоочу даярдап, аларды ишке тартып гонорар төлөп келет.

Прокуратура айып коюп жаткан макалаларда негизинен шайлоолордогу көз боёмочулук, мыйзам бузуулар, БШКнын ишиндеги кемчиликтер тууралуу айтылат.

“Бийликтин кекиртегине туруп алган сөөк”

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Арызда ошондой эле “Клооп” Баткендеги маселелерди чагылдырууда саясий алешемдик кетирип, мамлекеттик кызыкчылыктарды эске албай, жергиликтүү элге мамлекет чек арадагы абалды көзөмөлдөй албай жаткандай таризде чагылдырганы айтылат.

Ошондой эле “Клооп” өз макалаларында жалаң эле негативге басым жасап, окурмандарынын арасында бийликке жана бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына нааразылык жаратуу мүмкүндүгү эскертилет.

“Клооп” жана эркин медиа бийликтин кекиртегине туруп алган сөөк болуп калды окшойт. Анткени коррупционерлер, паракорлор эркин жеп-иче албай калышты да. Бийликке азыр ЖМК көтөргөн көйгөйдү чечүүнүн ордуна көз каранды эмес журналисттердин оозун жаап койгон ыңгайлуу. “Клооп” 2020-жылы өткөн шайлоодо 3 миңдей байкоочу жалдап, шайлоо таза өтпөгөнүн далилдеген жүздөгөн фактыларды чыгарган. Андан сырткары тендердеги жасалма атаандаштыкты, кызыкчылыктар кагылышын далай жолу таап чыккан",- дейт аталган басылманын мурунку редактору Элвира Султанмурат кызы.

“Клооп” Баткен облусунун чек арага чектеш аймактарында жашаган элдин жашоосун да чагылдырып келет. 2021-жылдагы апрель окуясында биринчилерден болуп элдин үнүн бийликке жеткирип, Тажикстандын биринчи ок чыгарганын далилдеген бир топ материалдарды чыгарган. “Клооптун” иликтөөлөрү бир гана фактыга таянып жасалат. Ошондуктан буга чейинки бийлик деле “Клоопко” эч нерсе таба алган эмес”,- дейт журналист.

Журналист Элвира Султанмурат кызы

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Журналист Элвира Султанмурат кызы

Журналист окурманга “Клооп” даярдаган материал кандай таасир этип жатканын бир гана окурмандары айта алат жана баа берет дейт.

Арызда "Клооп" басылмасына байланыштуу финансылык да дооматтар бар. Тагыраак айтканда, басылма шайлоого байланыштуу долбоорлору үчүн сырттан алган гранттык каражатынын суммасын салык кызматына азайтып көргөзгөн.

“Жалаң негативпи” же “жакшы эмес тенденциябы”?

Кыргызстанда “Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Башында ал кызыккан өспүрүмдөрдү журналистикага таптачу. Кийин өз аудиториясы бар медиага айланды. Соңку жылдары басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарды да алып келгени белгилүү.

Соңку мезгилде мамлекеттин жерине “Барселонанын” академиясынын имаратын салууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары аралашып жатат деген мазмундагы иликтөө жарыялаган.

Материал жарыялангандан көп өтпөй президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине түшүндүрмө берди. Анда “Клоопту” атап, башка да сайттарга кайрылып, аларды “жалаң негатив жазып, инвесторлорду үркүтүп жатат” деп айыптаган эле.

"Качан мамлекет үчүн күйгөндү үйрөнөсүңөр? Чымындан пил жасап, жамандык эле жаза берсеңер, кайсы инвестор келет? Кантип жакшылык келет? Жамандык издей берип өзүңөрдүн ичиңер деле жамандыкка толуп калат эмеспи?”, - деген Жапаров.

Медиа полиси институтунун юристи Акмат Алагушев “Клоопко” каршы жазылган арыз менен таанышып чыгып, арыз көбүнчө “ЖМК тууралуу мыйзамга” ылайык берилгенин, бирок анын жаңы долбоору кабыл алына электигине көңүл бурат.

Акмат Алагушев, юрист

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акмат Алагушев, юрист

“Прокуратуранын дооматтары менен тааныштым, бул жерде бир топ макалалардын баарын алып бир казанга салып салгандай эле болуптур. Бул сөз эркиндигине чабуул деп айтат элем. Соңку кездеги эки окуяны алалы, публицист Олжобай Шакирди тынч митингге чыкканы үчүн кармашты, бул куугунтук. Эми “Клоопту” жабабыз деп жатышат”, - деди юрист.

“Клооп” бул тууралуу эмне деп жазып жатат?

Басылманын маалыматы боюнча арыз жазган прокурор кызматына быйыл - 2023-жылдын июнунда эле киришкен.

Прокурордун арызына караганда, “Клооп” ЖМКлардын мамлекеттик реестринде катталган эмес, уюмдун уставында дагы маалымат жайылтуу ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес.

Буга "Клооптун" жообу: “Чынында,“жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча оюн эркин айтууга маалыматтык аянтча түзүп берүү” көрсөтүлгөн”.

Айдай Токоева - “Клооптун” башкы редакторунун орун басары. Ал "Клооп" жалаң негатив жазат дегенге кошулбайт:

“Биз мамлекетте эмне болсо ошону чагылдырабыз. ЖМКнын ролу ошондой да. Мамлекетте негативдүү нерселер болуп жатса, ошону чыгарып көрсөтөбүз. Бийликтеги адамдар өз ишин аткарбай жатышса, аны да жазабыз. Бул жерде негиздүү доомат болбой атат. Бизге болгон доо арыз 2020-жылы учурдагы президент такка отургандан баштап, келе жаткан тенденциянын көрүнүшү. Анткени, ошондон баштап бийликти сындаган активист болобу же журналисттерби ошолорго карата кысым көбөйүүдө. Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды, андан кийин “Азаттыкка” асылышты. Андыктан биз ушундай нерсе болушу мүмкүн деп күтүп жатканбыз. Арызды карасак, апрель-марттан бери эле биздин материалдарды экспертизага жөнөтүп, даярданып келишкен экен”.

Журналист Баткен облусунун тургундары “Клооп” жарыялаган материалдардын айынан чет жерге, өлкөнүн башка аймактарына көчүп кетип жатышат деген жүйө чындыкка дал келбейт дейт.

Ошондой эле арызда “Клооптун” репортаждарынан кийин окурмандарда “психологиялык бузуулар”, “сексуалдык аномалия” жана баңгиге көз карандылык пайда болушу ыктымал деген мазмундагы доого да нааразы болуп жатат.

Соңку жылдары өлкөдө ЖМК жана журналисттерге кысым күчөп, сөз эркиндигин чектелип жаткандыгы тууралуу көбүрөөк айтыла баштады. Буга мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов “адам укугу жана сөз эркиндиги чектелип жатат деп маалымат жеткиргендердин саясий кызыкчылыгы бар" деген жоопту айткан.

Ал арада 29-августта Кыргызстандагы медиа коомчулук Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабуу арызына байланыштуу билдирүү таратты. Анда Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, ар бир адам Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка аракеттерди жана иштерди жүргүзүүгө укуктуу экени айтылат:

"Өзгөчө белгилеп коюш керек, "Клооп медиа" көз карандысыз, салмактуу басылма катары таанымал, ал коом үчүн маанилүү маселелерли көтөрүп, мамлекеттик башкарууда орун алышы мүмкүн коррупцияны жана кызмат абалынан кыяна пайдаланууну чагылдырып келет. Бул өңүттөн алганда прокуратуранынын басылманы жабуу талабы көз карандысыз ЖМК жана өлкөдөгү пикирин эркин билдирүүга каршы саясий мотиви бар чечимдей көрүнөт", - деп жазылган билдирүүдө.

Ага "Медиа Полиси Институту", “24.kg", GovoriTV, Медиа Консалт фонду, Көз карандысыз журналисттер бирлиги, Factcheck.kg жана Аделя Лаишева баштаган жыйырмадай журналисттер кол коюшкан.