Израил Газанын согуш болбогон борбордук райондорунан палестиналыктардын чыгып кетүүсүн талап кылууда

Эвакуация боюнча берилген буйрук Израил армиясы Дейр-эль-Балах райондоруна чабуул коюуга даярданып жатканын билдириши мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жекшемби күнү Израилдин аскерлери Газанын борбордук бөлүгүндө жашаган тургундарга тез арада чыгып кетүүнү буюрду. Бул райондордо буга чейин согуш болгон эмес. Ал арада жергиликтүү дарыгерлер ачарчылыктын күчөшүнөн жардам күтүп жаткан 50дөн ашуун адам каза болгонун кабарлады.

Эвакуация боюнча берилген буйрук Израил армиясы Дейр-эль-Балах райондоруна чабуул коюуга даярданып жатканын билдириши мүмкүн. Бул барымтага алынган израилдиктердин үй-бүлөлөрүндө кооптонууну жаратты, алар жакындары ошол жерде кармалып турганын айып, операциянын кесепетинен жабыркап калышы мүмкүн деп чочулашууда.

Туткундардын үй-бүлөлөрү Израил бийлигине кайрылып, "Израил жарандарына жана туткундардын жакындарына аскердик операциянын так планы кандай экенин жана ал Газада калган туткундарды кантип коргой турганы боюнча тез арада түшүндүрмө бергиле" деп талап кылды.

Израил армиясы Дейр аль-Балахтын түштүк-батышындагы жүз миңдеген газалыктар баш калкалап жаткан бир нече райондун тургундарына үйлөрүн таштап, түштүктү көздөй багыт алууну буйруган баракчаларды абадан таштады.

Израил армиясынын басма сөз катчысы Авихай Адраи X социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндө Израил Дейр-эль-Балахтын айланасындагы аракеттерин кеңейтип жатканын жазды. Анын ичинде буга чейин операция жүргүзүлбөгөн райондор дагы бар экенин белгиледи. Ал палестиналыктарды өз коопсуздугу үчүн Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги аль-Маваси районуна көчүүгө чакырды.

"Израилдин Коргонуу күчтөрү бул аймактагы душмандын мүмкүнчүлүктөрүн жана террордук инфраструктураны жок кылуу үчүн күчөтүлгөн аракеттерин улантууда", — деп айтылат ЦАХАЛ тараткан билдирүүдө.

Израилдик булактар армия бул райондорго азыркыга чейин кире электигин, анткени ал жерде ХАМАС туткундарды кармап турушу мүмкүн деп шек санап жатканын билдирди. Газада туткунда отурган 50 кишинин ичинен жок дегенде 20сы тирүү экени айтылууда.

ЦАХАЛ ошондой эле Израил аскерлери Газанын түндүгүндөгү Жабалия районундагы жер үстүндөгү операцияларын күчөтүп, "ондогон террорчуларды жок кылганын" жана "террордук инфраструктурага тиешелүү жүздөгөн объекттерди" талкалаганын билдирди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Маалыматка караганда, израилдик аскерлер узундугу 2,7 чакырымды түзгөн, 20 метр тереңдиктеги "жер алдындагы террорчулардын туннелдерин" таап чыгып, жок кылышкан.

Муну менен катар Израил армиясы анклавдын башка аймактарында да операцияларын улантууда. Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, жекшемби күнү Израилдин Газа тилкесин аткылоосунан жана аба соккуларынан Газада 45 киши набыт болду.

Газанын түндүгүндөгү "Аль-Шифа" ооруканасынын кызматкерлери Израилдин аткылоосунун кесепетинен, БУУнун гуманитардык жардам жүктөгөн унааларын күтүп жаткан 30 палестиналык мерт кетип, ондогондору жаракат алганын билдиришти.

Израил армиясы бул маалыматты азырынча тактап жатканын айтты.

Тургундар ун сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү ала албай жатканын айтышууда. Хамас көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, согуш учурунда кеминде 71 бала ачкадан каза болсо, дагы 60 миң бала ачкалыктан жапа чегип жатат.

Тамак-аштын баасы Газа секторундагы эки миллиондон ашуун элдин көбү көтөрө алгыс деңгээлге чейин кымбаттады.

Reuters агенттиги мессенжер аркылуу байланышкан айрым адамдар соңку бир күн ичинде болгону бир жолу тамак жегенин, кээ бирлери таптакыр ачка калганын билдиришкен.

БУУнун палестиналык качкындар боюнча агенттиги Израилге кайрылып, гуманитардык жардам жүктөлгөн унааларды Газага көбүрөөк өткөрүүнү талап кылды. Агенттиктин билдиришинче, ал азыктар калкка үч айга чейин жетет. Бирок Израил бул жардамды секторго киргизбей жатат.

"Израиль бийлиги Газадагы тынч тургундарды ачкачылыкка салып жатат. Алардын арасында бир миллион бала бар. Курчоону токтоткула. Азык-түлүк менен дары-дармектерди киргизүүгө уруксат бергиле",- деп айтылат уюмдун Х тармагындагы билдирүүсүндө.

Израил мындай айыптоолорду четке кагып, ХАМАС гуманитардык жардамды уурдап жатат деп билдирсе, топ муну кескин түрдө четке какты. Ошондой эле Израил бийлиги БУУ агенттиктери Газага жөнөтүлүүгө даяр турган жардамды өздөрү алып кетпей жатканын айтып жатат.

Израил менен ХАМАСтын делегациялары соңку эки апта ичинде Газада 60 күндүк ок атууну токтотуу жана 10 туткунду бошотуу боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү, бирок бул жолугушуулар анчейин олуттуу жыйынтык берген жок.