Эрдоган Кыргызстанга келди: Саясатчынын Оштон Ысык-Көлгө чейинки сапарларынын урунттуу учурлары

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган бийликте турганына 21 жыл толду. Чейрек кылымга жакын башкаруу мөөнөтүндө Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен төрт жолу келген. Ал бул ирет бешинчи ирет келди. Бул макалабызда Эрдогандын Кыргызстанга болгон мурдагы сапарлары тууралуу баяндайбыз.
Эрдоган түзгөн "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы 2002-жылдагы парламенттик шайлоодо көпчүлүк орунду алып, Түркияда өкмөттү жалгыз түзүүгө укук алган.
Ага дейре Түркия парламентинде эч бир партия көпчүлүктү ала албай коалициялык башкаруу аркылуу жөндөлүп келген эле. Ошентип Эрдоган 2003-жылы Түркиянын премьер-министри болуп кызматын баштаган. Ал убакта Түркияда башкаруу формасы парламенттик система болуп, премьер-министр өлкөнү башкаруучу эң жогорку макам болуп саналган.
Эрдоган 2014-жылы президенттик шайлоого катышып, тарыхта биринчи жолу калк тарабынан түз шайланган президент болгон. Бул Эрдогандын чоң саясий жүрүшүнүн кызыган баскычы эле.
2017-жылы Түркияда конституциялык реформанын натыйжасында өлкө президенттик башкарууга өтүп, премьер-министрлик макам жоюлган. Натыйжада Түркиядагы башкаруу жана аткаруу бийлиги бир беткей президенттин колуна өткөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эрдоган 2018-жылы жана 2023-жылы президенттик шайлоодо утуп чыккан.
Ал Кыргызстанга алгачкы жолу 1992-жылы келип, өлкөнү кыдырып кеткен. Ал убакта эч бир мамлекеттик кызматта болгон эмес. Рефах партиясынын Стамбулдагы өкүлү болуп турган кези эле. 1994-жылы Рефах партиясы Стамбул шаарында көпчүлүк добуш менен утуп, Эрдоган Стамбул шаарынын мэри болуп шайланган. Стамбул үчүн күрөш Түркия үчүн күрөш деген саясий аксиоманы эске алсак, бул Эрдогандын чоң жеңиши эле. Кыязы бул саясий жүрүш саясатчыга болуп көрбөгөндөй дем берсе керек.
Анын тарыхий калаанын башчысы болуп тургандагы ишмердиги Кыргызстан менен кыйыр байланышы бар. Дегеним, 1997-жылы Стамбул - Ош шаарлары арасында мамиле түзүлүп, достук шаары деп бекитилген. Стамбулдун мэри катары Кыргызстанга келип, Ош шаарына чейин барган.

Сүрөттүн булагы, Facebook
2003-жылдагы сапары
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эрдоган 2003-жылы премьер-министрлик кызматка келгенден кийин октябрь айында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген. Түркиядагы жаңы бийликтин көп векторлуу саясатынын негизинде Орто Азияга да көңүлүн бурган.
Эрдоган бул сапарында 90-жылдардагы Түркиянын Орто Азия саясаты туугандык, боордоштук деген курулай ураандар менен коштолуп, реалдуу кызматташтыкта кечигип калгандыгын белгилеген. Кыргызстан менен соода көлөмү болгону 40 миллион доллар тегерегинде экени күлкү келээрлик деп, аны 200-250 миллион долларга жеткирүү максатыбыз бар деп ишендирген.
Айрыкча түрк инвестициясын көбөйтүүгө, курулуш, кен казуу, соода тармагында олуттуу кадамдар менен кирүү керек экендигин баса белгилеген. Кыргыз бийлиги Түркия Республикасынын курулушунун 80 жылдыгына карата Опера жана балет театрында атайын чоң концерт уюштурган. Бир нече министрлери жана аялы менен келген Эрдоган концертке Аскар Акаев менен бирге катышып, ыраазычылыгын билдирген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2011-жылдагы сапары
Эрдоган биринчи сапарынан сегиз жыл өткөндөн кийин 2011-жылы Бишкекке иш сапары менен келген. Бул апрель ыңкылабынан кийин өлкөгө келип жаткан алгачкы жогорку даражадагы лидер эле. 2010-жылдагы окуяларды, андан кийинки абалды эске алганда, Эрдогандын Кыргызстанга сапары кыргыз мамлекетинин эл аралык аброю, имиджи үчүн абдан маанилүү болгону талашсыз.
Бул сапарында Кыргызстан - Түркия арасында алгачкы жолу "жогорку стратегиялык кызматташтык кеңешин" куруу чечими кабыл алынган. Бул кеңеш бүгүнкү күнгө чейин иш алып барат. Эрдоган "Манас" университетине көбүрөөк түрк мугалимдер жана студенттердин келиши керектигин белгилеген.
Ошондой эле кырыз-түрк бизнес форумуна катышып, түрк инвесторлору Кыргызстанда көйгөй тартып жатышканын, алар 2010-жылдагы талап-тоноодо 7 млн. долларлык чыгым тартканын, өлкөгө дагы түрк инвесторлорунун келиши үчүн ишеним жана туруктуулук керектигин белгилеген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2013-жылдагы сапары
Эрдогандын премьер-министр кезинде Кыргызстанга болгон үчүнчү иш сапары 2013-жылы апрель айына туш келген. Алты министри менен кошо келген премьер-министр кыргыз өкмөтүнөн түрк курулуш фирмаларына көбүрөөк иш берүүсүн суранган. Ошондой эле бул сапарында аба жолдору, туризм, токой, соода боюнча макулдашууларга кол коюлган. Эрдоган ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен кыргыз-түрк бизнес форумуна катышкан.
2018-жыл: президенттик сапары
2016-жылы Хизмет (Түркияда террордук уюм катары таанылган) тобунун Түркиядагы төңкөрүш аракети Кыргызстан менен Түркиянын мамилесине залакасын тийгизбей койгон жок.
Эки жылга жакын эки өлкөнүн мамилеси муздап, алака сууп кеткен. Сооронбай Жээнбековдун бийликке келиши менен алакалар акырындап түзөлө баштаган. Алгач Жээнбеков Түркияга расмий иш сапары менен барып келген. Бирок толугу менен бир кылка мамилеге жетиштик деп айтууга али эрте эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жээнбеков шайлангандан кийин Кыргызстанга алгачкы келген башка өлкөнүн президенти Эрдоган болгон. Ал 2014-жылы премьер-министрлик кызматынан кетип, президент болуп шайланган эле. Бул жолку расмий иш сапары Чолпон-Атада өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жана Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын алтынчы саммити менен коштолгон.
Эрдоганды коштоп анын жубайы, тышкы иштер, коргоо, социалдык камсыздоо, жаштар жана спорт, соода, транспорт жана коммуникация министрлери, коопсуздук кызматынын төрагасы жана жоон топ делегация келген. Ошондо "Кырчынга бара турган жолдо Эрдогандын жубайы жолдо кыйналып калыптыр" деп далай кеп болгону али эсте.
2018-жылы 1-сентябрда Бишкекке келген Эрдоган Сооронбай Жээнбеков менен эки тараптуу жолугушуулардан кийин эки өлкө арасындагы жогорку даражадагы стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынын өткөрүшкөн. Жыйында 12 макулдашууга кол коюлган.
Алар:
- Кыргызстан-Түркия арасында улуттук китепканада Ч. Айтматов маданият борборунун курулушу, социалдык өнүктүрүү министрликтери арасында кызматташтык,
- Кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышы,
- 1994-жылы аба жолдору боюнча жетишилген макулдашууну кайрадан карап чыгуу жана башка маселелер эле.
Бул иш сапарынын эң маанилүү бөлүгүнүн бири Билим берүү жана илим министрлиги менен "Маариф" фондунун ортосундагы жетишилген макулдашуу болгон.
Түрк бийлиги 1992-жылдан бери Кыргызстанда иштеп келген "Сапат" билим берүү мекемелерине каршы Маариф фонду тарабынан курула турган мектептерди Кыргызстандын аймактарына ача турган келишимге кол коюлган.
Ошондой эле бул сапарында Эрдоган Гүлен кыйымылы Түркияда кыянатчылык жасаганын айтып, Кыргызстан алардын уясына айланганын билдирген. Түрктөрдүн башына келген балээ келечекте кыргыздын башына да келип калбасын деп эскерткен жайы да бар.
Ошол тушта "Себат" билим берүү мекемелери "Сапат" болуп атын өзгөртүп, Билим берүү министрлигинин карамагына өткөнүн, ар бир кыймылы мамлекет тарабынан көзөмөлдө экендигин белгилеген.
Эрдоган эки өлкөнүн соода көлөмүн 1 млрд. долларга жеткиришибиз керек деп белгилеген. Кезинде соода-сатык араң 40 миллион долларга чамалаганын эске алганда динамикадагы оң жылышты байкоо анчейин деле татаал эмес. Ошентсе да соода-сатыктагы баардык көйгөй чечилди, мүмкүнчүлүктөр толугу менен колдонулуп жатат деп айтууга али эрте.
2018-жылы эки өлкөнүн соода көлөмү 487 млн. долар болгон. Ал арада АКШ менен Түркиянын мамилеси солгундап, Түркияда доллардын баасы көтөрүлө баштаган. 1 доллар 4 лирадан ашып, (учурда Түркияда 1 доллардын баасы 33-34 лирага жетти), Эрдоган Кыргызстанды сырткы сооданы доллар менен жүгүртпөөгө чакырган.
Ошондой эле Кыргыз-Түрк "Манас" университетине барып, Эрдоган менен Жээнбеков окуу жайдын ардактуу профессору деген наам алышкан. Университеттин медицина факультетинин пайдубалын салып, Түркия тарабынан курулган Имам Сарахси мечитинин ачылышына катышкан. "Ата-Бейитке" барып, Чыңгыз Айтматов жана репрессияда курман болгондорго гүлчамбар койгон. Аны менен бирге ошол кездеги премьер-министр, спикер менен да жолугушууларды өткөргөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түрк Кеңешинин жыйыны
Түрк Кеңеши 2009-жылы Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия тарабынан Нахчиван макулдашуусу менен курулган. Ар жылы бул төрт өлкөнүн президенттери кеңештин саммиттерин өткөрүп келишкен.
2018-жылы Чолпон-Атада өткөн Түрк кеңеши саммитине Эрдоган биринчи жолу катышкан. Бул саммит мурдагылардан айырмаланып Өзбекстан сыйлуу конок катары, Венгрия биричи жолу байкоочу өлкө катары катышкан.
Буга чейин түрк бийлиги Батышка көбүрөөк ыктап, Евробиримдикке кирүүнү көздөп келсе, бул убакыттан кийин Түрк кеңешин күчтөндүрүүгө аракет жасай баштаган. Саммитте түрк өлкөлөрү сырткы жана өз ара соодада доллардан баш тартууга чакырган.
Бардык эле өлкөлөрдөгү расмий сапарларында социалдык тармактарга жаза бербеген Эрдоган Кыргызстанга болгон сапарын Facebook жана X (мурдагы Twitter) баракчасына узун пост кылып жарыялаган жана кыргыз калкына ыраазычылыгын билдирген. Эрдогандын бул сапарын Түркиянын калың медиасы да дуулдата жакшы маанайда чагылдырган.
Эрдоган коңшу Өзбекстан, Казакстан, Азербайжанга ар кандай эл аралык форум, саммиттер алкагында, расмий иш сапарлар менен жыл сайын келип турганы менен Кыргызстанга акыркы алты жылдан бери келе элек. Бул жолу Түрк мамлекеттер уюмунун Кыргызстанда өтүп жаткан саммитин утурлай келе жатат.
Эрдогандын 2022-жылы Кыргызстанга пландалган иш сапары белгисиз себептер менен болбой калган. Ошол мезгилде Билим берүү жана илим министрлигине кайрадан Алмазбек Бейшеналиевдин дайындалышы себеп болушу мүмкүн деген жоромол айтыла калып жүрөт. Анткени Бейшеналиев Гүлен кызматынын Кыргызстандагы алдыңкы өкүлдөрүнүн бири катары белгилүү.
Гүленге ыктаган адамдардын министрликке чейин жетиши Түркияны чочутса керек деп жоромолдогондор бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эрдоган бул жолу Кыргызстанга бешинчи жолу келип жатат. Ал эми президент болгондон бери экинчи жолу келиши. Кыргызстан менен Түркия ортосунда эл аралык, геосаясий, экономикалык жана башка кызматташтыктарда эч кандай пикир келишпестиктер жок.
Кыргызстан соңку жылдары коңшуларынын бири менен чек ара чатактарынан улам кырды бычак мамиледе болуп, бири-бирине курал кесеп, кан төгүлүп да кетти. Кыргыз коомчулугу каруу-жарагы белен, технологиясы менен армиясы күчтүү делген Түркиядан колдоо күтүп калды. Учкучсуз учактар боюнча эң алдыңкы деп саналган түркиялык технологияга Кыргызстан да ээ болуп, бул боюнча алыш-бериш кызыганы айкын иш. Муну көрүп көпчүлүк бир тууган эки мамлекеттин алакасы эми жаңы баскычка чыкты, ишеним күч деп сыпаттап жатканы да ошондон.
Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Түркиянын атайын кызматы тарабынан Кыргызстанда кармалып, Түркияга жеткирилип, соттолгон. Анын соттолгонуна карабай "Сапат" билим берүү мекемелери (башталгыч мектеп, лицей, университет, окуу борборлору) иштерин улантып келет. Түркиянын Кыргызстанга карата "Сапат" мектептерин жабуу талабы Орхан Инанды кармалгандан кийин көп козголбой калган.

Сүрөттүн булагы, Dastan Razzak uulu
Эки мамлекет жетекчилеринин бул жолку жолугушуусунда бир нече макулдашууларга кол коюлушу күтүлүүдө. Жыл өткөн сайын Кыргызстандан Түркияга барып билим алган студенттердин, жумушчулардын саны арбып жатканын статистикалык сандар да ырастап турат.
Мындан сырткары медицина жаатында Кыргызстандын Түркия менен карым-катышы, алакасы барган сайын тереңдеп бара жатат. Дал ушул тармактар чыныгы кесипкөй адистер, иш билгилердин кадамдары аркылуу бекемделип, өнүгүүгө тийиш. Алардын ар бир аракетинин аркасында мамилелер ого бетер жакындайт же оолактайт. Эки тараптын расмийлеринин бир нече жолугушууларында котормочулук кылганым бул боюнча кенен түшүнүк берген эле.
Дастан Раззак уулу, тарыхчы (PhD).
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.








